Нью-Йоркто Палестина менен Йеменди колдоо акциясы өтүп жатат

© AP Photo / Kevin HagenНью Йорктогу полиция кызматкерлери
Нью Йорктогу полиция кызматкерлери  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2024
Жазылуу
Нааразычылыкка чыккандар БУУнун имаратына барышкан.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Нью-Йоркто Палестина менен Йеменди колдоо акциясы өтүп, ага жүздөгөн адам катышып жатканын РИА Новостиге өзүнүн кабарчысы билдирген.
Демонстранттар "Израилге жардам берүүнү токтоткула", "Палестинага эркиндик", "Йеменди бомбалоону токтоткула" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыгышкан.
Нааразычылыкка чыккандар БУУнун штаб-квартирасынын жанындагы көчөнү бир канча убакыт жаап туруп, андан кийин түндүк тарапты көздөй жөнөшкөн.
АКШ менен Улуу Британия Йеменге кайрадан сокку урду. Бул аталган өлкөгө жасалган алгачкы чабуул эмес. Жумага караган түнү АКШ менен Улуу Британия "Ансар Алла" кыймылына каршы операция баштап, өлкөнүн төрт провинциясында жайгашкан объектилерге сокку урган. Президент Жо Байден бул Кызыл деңиздеги кемелердин жүрүшүнө тоскоолдук жараткан кадамдарга жооп экенин белгилеп, аскердик операциянын уланарын четке каккан жок.
АКШнын Борбордук командачылыгынын Аскер-аба күчтөрүнүн башчысы Алекс Гринкевичтин айтымында, өлкө армиясы аталган кыймылдын 60тай объектисин бутага алып, бул үчүн ар кыл ок-дарынын 100дөн ашуун түрүн колдонгон.
Ал эми хуситтердин Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Яхья Сариа АКШ жана Улуу Британия Йемендин борбор калаасы Сана менен Ходейда, Таиз, Хаджа жана Саада провинцияларына 73 ирет сокку урганын, натыйжада беш жоокер каза болгонун билдирди.
Хуситтер жооп иретинде америкалык жана англиялык аскер базаларына сокку уруп жатканын, натыйжада АКШнын аскер кемеси чөгүп кеткенин айтышты. "Ансар Алла" кыймылынын саясий бюросунун мүчөсү Хузам аль-Асад Лондон менен Вашингтон чабуулу үчүн өкүттө каларын, мындай аракетин йемендик жоокерлер жоопсуз калтырбай турганын белгилөөдө.
Москва АКШнын Йеменге жасаган соккусун кескин сынга алган. Россиянын БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу өкүлү Василий Небензя АКШ тарапташтары менен Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын жайылышын шарттап жатканын айтып, Йеменге жасалган чабуул БУУнун Уставын бузуп жатканын белгиледи.
АКШ жана Улуу Британиянын желектери  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2024
АКШ кайрадан Йеменге сокку уруп, эмне максаты бар экенин ачыктады
Жаңылыктар түрмөгү
0