00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
13:58
1 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Калктын ден соолугун чыңдоо үчүн тамекиге акциздик салыкты көбөйтүү каралууда
11:08
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда 2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын концепциясы иштелип чыкты — эмнелер камтылды?
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
3D и лазеры против времени: археологи изучают тюркское наследие
14:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Күн башат
Өкмөттүн жаңы токтому аза кызматтарынын ишмердүүлүгүн тартипке келтире алабы?
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От купальника до буйка: гид по выживанию на Иссык-Куле летом
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Бакен Кыдыкееваны музасына айлантып, мыкты спектаклдерди жараткан Ажыгабыл Айдаркулов
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
с Кубатом Рахимовым
18:06
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Чырпыктыдан дүйнөгө кеткен жол — калыстыкты, машыктыруучулукту катырган Рыскулбек Эгеев
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Конец «зелёной книге»? Депутаты ужесточают правила для застройщиков
20:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
Өкмөттүн жаңы токтому аза кызматтарынын ишмердүүлүгүн тартипке келтире алабы?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Песков: АКШ менен Улуу Британиянын Йеменге сокку урууга укугу жок

© Sputnik / Сергей Бобылев / Медиабанкка өтүүРФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2024
Жазылуу
Жума күнгө караган түнү АКШ менен Улуу Британия Йемендин төрт провинциясындагы объектилерге авиасокку жасаган.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Россия АКШ менен Улуу Британиянын Йеменге жасаган соккусун айыптайт. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.

"Биз аларды айыптайбыз. Сиздер билесиздер, резолюция кабыл алынып, биз аны колдоодон карманганбыз. Сокку урган мамлекеттер өзүнүн аракеттерин актоо үчүн эл аралык укуктук негизди өздөрүнө ылайыктоого аракет жасашты. Бирок анысы ийгилик алып келген жок. Анткени кабыл алынган резолюция сокку урууга эч кандай укук бербейт", — деди ал.

Песков эл аралык укук боюнча соккулар легитимсиз жана Кремль дагы ушундай позицияны кармана турганын белгиледи.
Бүгүн БУУнун Коопсуздук кызматы хуситтерден кемелерге кол салууну тезинен токтотууну талап кылган АКШ менен Япониянын резолюциясын кабыл алды. Лондон менен Вашингтон Россиянын текстке өзгөртүү киргизүүсүнө каршы чыгышкан. Москва бул резолюциянын жобосу эл аралык укуктук нормаларга жаңы эрежелерди киргизбейт деген пунктуну кошуп коюуну сунуштаган. Россиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя АКШ документти кабыл алдыруу менен коалициянын Кызыл деңиздеги аракеттерин мыйзамдаштырууга аракет кылып жатканын билдирди.

Кызыл деңиздеги абалдын курчушу

Ноябрь айынын орто ченинде Йемендин түндүгүндө бийлик жүргүзгөн шииттердин "Ансар Алла" аскердик куралдуу кыймылы Газа секторундагы палестиналыктарды колдоо белгиси катары Кызыл деңиздеги Израиль менен байланышы бар кемелердин бардыгына кол сала турганын айткан.
19-ноябрда хуситтер ичинде 22 экипажы (17си филиппиндиктер) бар Galaxy Leader танкерин басып алышкан. "Ансар Алла" бул кеме Багам аралдарынын желеги менен жүрүп, япониялык компания тарабынан башкарыларын, бирок ага израилдик ири бизнесмен ээлик кыларын белгилеген. Хуситтер, мындан тышкары, бир нече кемеге учкучсуз учуучу аппараттар менен сокку урушкан.
АКШ Кызыл деңиздеги кемелерди коргоо үчүн дагы 10 мамлекет менен операция жүргүзө турганын жарыялаган. Ал эми "Ансар Алла" бул коалицияга мүчө болуп кирген мамлекеттердин кемелерине дагы кол сала турганын айтып коркуткан. Кызыл деңизде хуситтер менен америкалык аскерлердин бир нече ирет кагылышуусу дагы болгон.
Жума күнгө караган түнү АКШ менен Улуу Британия "Ансар Алла" кыймылына каршы операцияны баштап, Йемендин төрт провинциясындагы объектилерге авиасокку жасаган. Президент Жо Байден операцияны кеме коопсуздугуна жаралган коркунучка карата жооп деп билдирген.
Обострение ситуации между Израилем и сектором Газа - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2024
ЖМК: АКШ Жакынкы Чыгыштагы чырдын узакка созулуу ыктымалдыгына даярданууда
Жаңылыктар түрмөгү
0