"Баткен-Комфорт" базарынын акциясынын контролдук пакети мамлекетке өттү

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРБишкектеги курулуш материалдарын саткан "Баткен-Комфорт" базары
Бишкектеги курулуш материалдарын саткан Баткен-Комфорт базары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2024
Жазылуу
Акциялардын калган бөлүгү Шадиевдин жубайы Асел Шадиевага катталган. Учурда аларды сот аркылуу мамлекетке өткөрүү үчүн чаралар көрүлүп жатат.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Бишкектеги курулуш материалдарын саткан "Баткен-Комфорт" базарынын акцияларынын контролдук пакети мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, экс-депутат, мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев 2000-жылы Жогорку Кеңештин мүлк боюнча комитетинин төрагасынын ыйгарым укуктарынан пайдаланып борбор калаадан арзандатылган баада 3 гектарга жакын жер тилкесин ("Баткен-Комфорт" базарын) алып, өзүнүн туугандарына каттаткан.
"Тергөөнүн жүрүшүндө жер участогунун иш жүзүндөгү ээлери аталган С.Шадиевдин жана М.Шадиевдин жакын туугандары БГАТП ЖАКтын акцияларынын контролдук пакетин (64,38%) ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүштү. Ошондой эле ушул жылдын 9-январында Мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик негизги акционер катары аталган базардын жетекчилигин алмаштырган. Мындан улам 2024-жылдын январь айынан баштап базардагы соода жайларынын ижара акысынан түшкөн каражат (айына 10 миллион сомго жакын, жылына 120 миллион сом) мамлекеттик бюджетке калат", — деп айтылат маалыматта.
Акциялардын калган бөлүгү Шадиевдин жубайы Асел Шадиевага катталган. Учурда аларды сот аркылуу мамлекетке өткөрүү үчүн чаралар көрүлүп жатканы айтылды.
Эске салсак, буга чейин "Баткен-Комфорт" базарында соодагерлерге ыңгайлуу шарт түзбөстөн ижарачылардан мыйзамсыз акча чогултуу, соода жайларын кымбат берүү, салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, базардын жетекчилери менен эсепчиси кармалган.
Аскарбек Шадиевге карата 2018-жылы "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу", "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" жана "Криминалдык жол менен табылган каражатты мыйзамдаштыруу" беренелери боюнча үч кылмыш иши козголгон. Июнь айында УКМК Шадиев Баткен облусуна тууганын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышканы барып, андан ары чек арадан мыйзамсыз өтүп кеткенин билдирген. Депутат дипломаттык паспортун пайдалануу менен Худжант — Москва каттамы менен учуп, андан соң АКШнын Нью-Йорк шаарына бет алганы белгилүү болгон.
Бишкектеги Кыргыз камволдук-нооту комбинаты (ККНК) ишканасы  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2023
УКМК "Аю" компаниясына таандык дагы бир ишкананы жери менен мамлекетке кайтарды
Жаңылыктар түрмөгү
0