Шадиевге таандык "Баткен-Комфорт" базарын башкаргандар кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР"Баткен-Комфорт" ("Реконс" ЖЧКсы) базары. Архивдик сүрөт
Баткен-Комфорт (Реконс ЖЧКсы) базары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2023
Жазылуу
УКМК "Баткен-Комфорт" базарынын иш жүзүндөгү ээси Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев экенин белгилеген.
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. "Баткен-Комфорт" ("Реконс" ЖЧКсы) базарында соодагерлерге ыңгайлуу шарт түзбөстөн ижарачылардан мыйзамсыз акча чогултуу, соода жайларын кымбат берүү, салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, базардын жетекчилери менен эсепчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, алар күзөт кызматына деп алдап ар бир ижарачыдан ай сайын 500 сомдон 2 000 сомго чейин мыйзамсыз акча чогултуп турушкан. Ошол эле учурда коопсуздук кызматтары ижара төлөмдөрүнүн наркына киргизилген.
"Базар жетекчилиги салык төлөөдөн качып, ижарачылардан алган акчаны мыйзамсыз өздөштүрүп, соодагерлерге жана базардын кызматкерлерине тиешелүү ыңгайлуу шарт түзүп берген эмес. Мындан тышкары, 2023-жылдын август айында ижара баасын 33 пайызга жогорулаткан. Архитектуралык-курулуш нормаларын бузуу жана соода жайларын мыйзамсыз жайгаштыруу фактылары да аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде 9-декабрда "Реконс" ЖЧКсынын башкы директору Т.Б.Б, анын орун басары Ш.М.А. жана алардын кассир-бухгалтери С.О.Н. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
УКМК "Баткен-Комфорт" базарынын иш жүзүндөгү ээси Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев экенин белгилеген. Атайын кызмат базарларда салык мыйзамын бузууга жол берилбей турганын эскертти.
Эске салсак, Аскарбек Шадиевге карата 2018-жылы "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу", "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" жана "Криминалдык жол менен табылган каражатты мыйзамдаштыруу" беренелери боюнча үч кылмыш иши козголгон. Июнь айында УКМК Шадиевдин Баткен облусуна тууганын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышканы барып, андан ары чек арадан мыйзамсыз өтүп кеткенин билдирген. Депутат дипломаттык паспортун пайдалануу менен Худжант — Москва каттамы менен учуп, андан соң АКШнын Нью-Йорк шаарына бет алганы белгилүү болгон.
Бишкек шаарындагы Орто-Сай базары. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2023
Базарлардын администрациясы соодагерлер үчүн ижара акыны арзандатууну чечти
Жаңылыктар түрмөгү
0