Бишкекте Балдардын адистештирилген бейтапканасы ачылды

© Фото / пресс-служба министерства здравоохранения КР Бишкекте Балдардын адистештирилген бейтапканасы ачылды
Бишкекте Балдардын адистештирилген бейтапканасы ачылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2023
Жазылуу
Бейтапкана башка үй-бүлөлүк медициналык борборлор сыяктуу эле иштейт.
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Балдардын адистештирилген консультативдик бейтапканасынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
© Фото / пресс-служба министерства здравоохранения КР

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Балдардын адистештирилген консультативдик бейтапканасынын ачылыш аземине катышты

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Балдардын адистештирилген консультативдик бейтапканасынын ачылыш аземине катышты - Sputnik Кыргызстан
1/5

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Балдардын адистештирилген консультативдик бейтапканасынын ачылыш аземине катышты

© Фото / пресс-служба министерства здравоохранения КР

Мекеме Бишкек, Манас проспекти, 12 дарегинде жайгашкан

Мекеме Бишкек, Манас проспекти, 12 дарегинде жайгашкан - Sputnik Кыргызстан
2/5

Мекеме Бишкек, Манас проспекти, 12 дарегинде жайгашкан

© Фото / пресс-служба министерства здравоохранения КР

Медициналык мекеменин директору Айнура Абдылдаева бейтапкана башка үй-бүлөлүк медициналык борборлор сыяктуу эле иштей турганын белгиледи

Медициналык мекеменин директору Айнура Абдылдаева бейтапкана башка үй-бүлөлүк медициналык борборлор сыяктуу эле иштей турганын белгиледи - Sputnik Кыргызстан
3/5

Медициналык мекеменин директору Айнура Абдылдаева бейтапкана башка үй-бүлөлүк медициналык борборлор сыяктуу эле иштей турганын белгиледи

© Фото / пресс-служба министерства здравоохранения КР

Дарыгерлер бейтаптарды күн сайын саат 08:00дөн 18:00гө чейин кабыл алышат

Дарыгерлер бейтаптарды күн сайын саат 08:00дөн 18:00гө чейин кабыл алышат - Sputnik Кыргызстан
4/5

Дарыгерлер бейтаптарды күн сайын саат 08:00дөн 18:00гө чейин кабыл алышат

© Фото / пресс-служба министерства здравоохранения КР

Ал эми сасык тумоонун сезонун эске алуу менен ишемби жана жекешемби күндөрү нөөмөттөгү дарыгерлер түшкү 14:00гө чейин иштешет

Ал эми сасык тумоонун сезонун эске алуу менен ишемби жана жекешемби күндөрү нөөмөттөгү дарыгерлер түшкү 14:00гө чейин иштешет - Sputnik Кыргызстан
5/5

Ал эми сасык тумоонун сезонун эске алуу менен ишемби жана жекешемби күндөрү нөөмөттөгү дарыгерлер түшкү 14:00гө чейин иштешет

1/5

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Балдардын адистештирилген консультативдик бейтапканасынын ачылыш аземине катышты

2/5

Мекеме Бишкек, Манас проспекти, 12 дарегинде жайгашкан

3/5

Медициналык мекеменин директору Айнура Абдылдаева бейтапкана башка үй-бүлөлүк медициналык борборлор сыяктуу эле иштей турганын белгиледи

4/5

Дарыгерлер бейтаптарды күн сайын саат 08:00дөн 18:00гө чейин кабыл алышат

5/5

Ал эми сасык тумоонун сезонун эске алуу менен ишемби жана жекешемби күндөрү нөөмөттөгү дарыгерлер түшкү 14:00гө чейин иштешет

Мекеме Бишкек, Манас проспекти, 12 дарегинде жайгашкан. Министр эне менен баланын ден соолугу саламаттык сактоо тармагы үчүн маңыздуу маселе экенин белгиледи.
"Бишкекте жашоочулардын саны өсүүдө. Мындан улам балдар стационарына кайрылгандар дагы көбөйдү. Жыл сайын сасык тумоо каптаган учурда Шаардык балдар клиникалык ооруканасы менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда узун кезек жаралат. Эгер бир суткада 700дөй бала кайрылса, анын 80 пайызы амбулатордук бейтаптар. Балдардын адистештирилген консультативдик бейтапканасынын ачылышы стационарлардын ишин жеңилдетип, узун кезекти азайтат. Муну менен иш дагы жакшырат", — деди Бейшеналиев.
Медициналык мекеменин директору Айнура Абдылдаева бейтапкана башка үй-бүлөлүк медициналык борборлор сыяктуу эле иштей турганын белгиледи. Дарыгерлер бейтаптарды күн сайын саат 08:00дөн 18:00гө чейин кабыл алышат. Ал эми сасык тумоонун сезонун эске алуу менен ишемби жана жекешемби күндөрү нөөмөттөгү дарыгерлер түшкү 14:00гө чейин иштешет.
"Биз бүгүн ачылдык. 2024-жылдын 2-январынан тарта толук кандуу ишке киришүүнү пландап жатабыз. Педиатрлардан тышкары, бизде логопед, ортопед, хирург жана невропатолог бар. Учурда балдар адистерин ишке кабыл алуу жүрүп жатат. Бизде гинеколог, ЛОР, сурдолог, логопед, невропатолог, ортопед, хирургдар иштей баштайт", — деди директор.
Ооруканадагы медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2023
Кыргызстанда коронавирустун жаңы түрү чыктыбы? Министрдин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0