Прямая линия и большая пресс-конференция президента РФ В. Путина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Владимир Путиндин жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйыны
14-декабрь күнү Россия президенти Владимир Путин түз эфирде жыл жыйынтыгын чыгарып, журналисттер менен элдин суроолоруна жооп берет.Бул ири маалымат жыйын менен түз эфирдин айкалышкан форматы болот.
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан

Владимир Путиндин жыл жыйынтыктаган маалымат жыйыны. Сүрөт, видео, текст

Жазылуу
Россия президенти Владимир Путин бүгүн, 14-декабрда, салт болуп калган жыл соңундагы маалымат жыйынын өткөрөт. Бул иш-чара түз байланышта берилген суроолор менен да коштолот.
Маалыматтарга таянсак, Россия лидерине 3,3 миллион суроо келип түшкөн. Бүгүнкү иш-чаранын уюштуруучулары анын төрт саатка чукул болорун айтышты.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
19:13 14.12.2023
Владимир Путиндин жыл жыйынтыктаган маалымат жыйыны соңуна чыкты.
18:42 14.12.2023
Путин өзүнө "окшош" кишинин нейротармактар жана жасалма интеллект боюнча монитор аркылуу узаткан суроосуна жооп берди.
Өзүнө абдан эле окшош адамды кездештиргендеги Путиндин реакциясын көрө аласыз.
17:47 14.12.2023
РФ лидери Владимир Путин жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Владимир Путиндин жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйыны
Путин Украина кризисин Америка кантип жаратканын айтып берди
17:38 14.12.2023
17:36 14.12.2023
Путин Жаңы жылды кантип белгилөө тууралуу
— Билесизби, менимче, Жаңы жыл жакындарга, үй-бүлөгө көңүл буруп, алар менен чогуу жасай турган майрам. ...Көргөзмөлөр, театрлар. Спорт — сөзсүз. Активдүү жашоо образын кармануу шарт. Анан мүмкүн болушунча үй-бүлө, жакындар менен өткөрүү керек.
16:32 14.12.2023
Кармаштын линиясы 2000 чакырымга созулуп жатат. Атайын операция жүрүп жаткан аймакта азыр 617 россиялык аскер бар. Бул туурасында Россия лидери түз эфир учурунда айтты.
16:14 14.12.2023
Прямая линия и большая пресс-конференция президента РФ В. Путина - Sputnik Кыргызстан
16:14 14.12.2023
16:08 14.12.2023
Газа, Палестинадагы абал жөнүндө

"Азыр болуп жаткан нерселер – апаат. Газадагы кырдаал боюнча өлкөлөр консенсуска келе албай жаткандыктан, БУУнун аракетинде өзгөчө эч нерсе жок. Эрдоган (Түрия президенти – ред.) менен дайыма байланышып турабыз. Газа тилкеси боюнча биздин позицияларыбыз бирдей", — деди Путин түркиялык президенттин Газадагы кыргын тууралуу берген суроосуна.

Израиль-палестин кырдаалын жөнгө салыш үчүн фундаменталдуу негиздерди түзүү керектигин белгиледи.
Путин Израилдин өтүнүчү менен Газага жабдууларды жана медикаменттерди берүүнү көбөйтөрүн кошумчалады.
15:57 14.12.2023
Путин аскердик кабарчы болуп жүргөн кыз-келиндер тууралуу
"Алардын согуштун алдыңкы тилкелеринде чуркап жүргөнүн көргөндө жүрөк "зырп" этет. Бул тилкелерден аларды алыш керек", — деди РФ лидери.
15:53 14.12.2023
15:47 14.12.2023
АКШ менен алака тууралуу
"Азыр Америка Кошмо Штаттары менен мамиле курууга фундаменталдык шарттар жок",— деди Путин.
15:45 14.12.2023
Украина... тууралуу
Путин Россия ондогон жылдар бою Украина менен кадимкидей мамиле түзүүгө аракет кылганын айтты. Ал эми азыр Украина жаатындагы кырдаал жарандык согушка окшош экендигин белгиледи.
"Одесса – орус шаары, бул туурасында баары билет. Бирок болбогон бир тарыхый нерсени ойлоп таап алышкан. СССР урагандан кийин ага да макул болгонбуз",— деди Путин.
15:37 14.12.2023
15:36 14.12.2023
Прямая линия и большая пресс-конференция президента РФ В. Путина - Sputnik Кыргызстан
15:35 14.12.2023
Прямая линия и большая пресс-конференция президента РФ В. Путина - Sputnik Кыргызстан
15:31 14.12.2023
Мобилизациянын экинчи толкуну болбой турганын Путин суроого жооп берип жатып айтты.
"Бүгүнкү күндө ага зарылдык жок", - деди РФ лидери.
Атайын операцияда азыркы учурда мобилизацияланган 244 миң адам курал алып, кармашып жүргөнүн кошумчалады.
15:28 14.12.2023
Суроо-жооп учурунда президентке 2 миллион 100 миң суроо түшкөнү эфирден айтылды.
15:23 14.12.2023
"Тынчтык Россия атайын операцияда өзүнүн максатына жеткенде орнойт", - деди Путин Украинага байланышкан кырдаал тууралуу.
15:20 14.12.2023
Прямая линия и большая пресс-конференция президента РФ В. Путина - Sputnik Кыргызстан
Жаңылыктар түрмөгү
0