Кыргызстандагы ички миграциялык абал кандай? Статистика

© Sputnik / Жоомарт УраимовБорбор аянтта жүргөн адамдар. Архивдик сүрөт
Борбор аянтта жүргөн адамдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Жазылуу
Статкомдун маалыматы боюнча, өткөн жылы ички миграциянын ири агымы Чүй облусуна туш келген.
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. 2022-жылы Кыргызстанда ички миграция өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин "Кыргызстандын аялдары жана эркектери" басылмасында айтылат.
Өткөн жылы 31 941 кыргызстандык өлкө ичинде туруктуу жашаган жерин өзгөрткөн. Ал эми 2021-жылы бул сан 24 457 болгон. Деген менен 2020-жылы ички мигранттардын саны 41 506 адамды түзгөн.
Ошондой эле маалыматта аймактан аймакка көчкөндөрдүн (ички миграция) көбүн аялдар түзгөнү айтылат. Өткөн жылы өлкө ичинде жер которгон аялдардын саны эркектерге салыштырмалуу эки эсеге көп болгон.
Аймактар боюнча алсак, ички миграциянын ири агымы Чүй облусуна туш келген. Бул региондон 6 928 адам чыгып, 7 339 адам көчүп келген. Экинчи орунда турган Ош облусунан 5 385 тургун чыкса, 3 808 адам көчүп барган. Ал эми Жалал-Абаддын 3 606 тургуну каттоодон чыгып, 1 486 адам көчүп келген.
Борбор калаанын 4 146 тургуну башка жакка көчүп кетсе, 12 562 адам бишкектик болгон.
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында аялдар сейилдөөдө. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2023
Кыргызстанда жашоо узактыгы канча? Статкомдун маалыматы
Жаңылыктар түрмөгү
0