Бишкектин мектептери үч күн онлайн окумай болду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМугалим мектепте. Архивдик сүрөт
Мугалим мектепте. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Жазылуу
Министр онлайн-окууга өтүү боюнча буйрук эмнеге кеч кабыл алынганын да түшүндүрдү.
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Бишкектеги мектептер үч күн, 13-14-15-декабрь күндөрү, онлайн окумай болду. Мэриянын мындай чечими тууралуу маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин Билим берүү министрлиги суукка байланыштуу өлкөдөгү мектептерди 13-декабрдан 15-декабрга чейин аралыктан окууга таратканы боюнча чечим кабыл алган.
Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева маалымат жыйынында мектептер 15-декабрда кадимки тартипте мектепке барып окуй турганын билдирген. Кийинчерээк мэрия Бишкектеги мектептер 15-декабрда да аралыктан окуй турганын кабарлады. Ал эми бала бакчалар штаттык режимде иштейт. Мэрия ата-энелер кааласа балдарды бала бакчага алып барбай койсо болорун айтты.
Белгилей кетсек, өлкөдө аба ырайы кескин төмөндөп, катуу суук болгондугуна байланыштуу ата-энелер мектептерди онлайнга өткөрүүнү өтүнүшкөн. Бирок министрлик бул боюнча буйрукту кеч кабыл алып, айрым окуучулар бүгүн эртең менен мектепке барып алышкан.
Министр онлайн-окууга өтүү буйругу эмнеге кеч кабыл алынганын түшүндүрдү.
"Катуу суук тууралуу маалыматты кечинде алдык. Айрыкча Бишкек шаарындагы ата-энелердин өтүнүчү менен кабыл алдык. Буйрук жолдогу тыгындар, мектепке жетүү процессинин оордугунан улам кабыл алынды", — деген ал.
Кендирбаева аба ырайы тууралуу маалыматты Кыргызгидромет, ӨКМ берерин кошумчалады.
Суукта сабака бараткан окуучу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Депутат эртерээк онлайн-окууга өткөрбөгөн жетекчилерге чара көрүүнү талап кылды
Жаңылыктар түрмөгү
0