Путин Сауд Арабиясынын ханзаадасы менен Жакынкы Чыгыштагы абалды талкуулады

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин менен Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы жана министрлер кеңешинин төрагасы Мохаммед бин Салман Аль Сауд (оңдо) Россия президентинин Сауд Арабияга мамлекеттик сапарынын алкагында Эр-Риядда жолугушту
Россиянын президенти Владимир Путин менен Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы жана министрлер кеңешинин төрагасы Мохаммед бин Салман Аль Сауд (оңдо) Россия президентинин Сауд Арабияга мамлекеттик сапарынын алкагында Эр-Риядда жолугушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2023
Жазылуу
Путиндин Жакынкы Чыгышка иш сапары кечээ, 6-декабрда, башталган. Ал алгач Бириккен Араб Эмирлигине барып, андан соң Сауд Арабиясына келген.
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Россия менен Сауд Арабиясынын достук мамилесине эч нерсе тоскоолдук жарата албайт. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин өлкөнүн мураскор ханзаадасы Мухаммед Бен Сальман Аль Сауд менен Эр-Риядда жолугуп жатып айтты.
Сүйлөшүүлөрдүн видеосун RT жарыялаган.
Жолугушуунун жыйынтыгы менен РФ лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге маалымат берди. Эр-Риядда кеңири форматта өткөн жолугушуудан кийин президент менен мураскор ханзаада түшкү тамактануу учурунда көзмө-көз сүйлөшкөн. Песков Путин менен Мухаммед Бен Сальман Аль Сауд Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги курч маселелерди талкуулашканын айтты.
"Өлкө жетекчилери ОПЕК+ алкагындагы кызматташууну да кеп кылышты. Тараптар бул кызматташууну тиешелүү деңгээлде кармап турууга кызыкдарлыгын билдирип, аны өз нугунда улантарын белгилешти", — деди Песков.
Эскерте кетсек, Путиндин Жакынкы Чыгышка иш сапары кечээ, 6-декабрда, башталган. Ал алгач Бириккен Араб Эмирлигине барып, андан соң Сауд Арабиясына келген.
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2023
Путин: азыр биз Россиянын эле эмес, бүт дүйнөнүн эркиндиги үчүн күрөшүп жатабыз
Жаңылыктар түрмөгү
0