Курманбектин жар тандашы. Эпостон 8 факт

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийимчен кыздар. Архив
Улуттук кийимчен кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2023
Жазылуу
Тейитбек хандын куйтулугун, Дөлөн хандын амалдарын, Бакбур хандын талабын жана башка кызыктарды фактыдан окуңуз.
Тейитбек хандын куйтулугу. Тейитбек жан адамга билгизбей элчини Дөлөн ханга жиберди да, Курманбектин атынан деп кун үчүн алтымыш атан алтын, кырк төө күмүш, алтымыш ак боз бээ, алтымыш нарча төө, кызы менен кырк күң берсин, жыйырма кул берсин деп суратты. Анан уулун үйлөмөк болуп кыргыз-кыпчактан кыз издеди. Мунусу Курманбекке жакпады. Ал кырк жигитин алып, атасы менен коштошконго да жарабай журтунан сапарга чыкты. Кырк күн, кырк түн дегенде чубалжыган суу көрүндү. Үргөнч суусу ушул дешти. Аркы өйүзү Аккан досу айткан Ооган ханы Бакбурдуку. Ал өйүзүнө турнабай да жетпейт, куш канаты талып уча албайт. Тамдай таштар күркүрөп агып, адамдай балыктар асманда жүрөт, толкуну тоодой түрүлүп, шарылдагы кулак-мээни жейт. Карагай агат, арча агат, аттар агат, барча агат, сыйыр агат, ит агат. Ай-ааламды топон суу каптагандай кырк жигит дендароо болуп туруп калды. Курманбек Телторуга минип, күргүштөнгөн сууга салып жиберди. Кыйынчылык менен акыры өттү.
Дөлөн хандын амалдары. Дөлөн хан да чалгын жиберип, баканооздор менен бал тилге келип, Курманбектин бул чөлкөмдөн кыз жактырбай, катын издеп Кашкардагы Аккандын айтуусу менен Оогандын ханына кеткенин билди. Үргөнчтө сууга агып өлсө деп тиледи. Бакбур баатыр хан башын алып ийсе деп самады. Ошого карабай аскер күчүн жыйнай берди. Ойроттун он үч жашар баласынан тартып, токсондогу чалына чейин ат жалында өбөктөттү, кара кытайлардан, моңголдордон курал-жарак сурады, майда тайпаларды чыркыратып басып алып ат жыйнады, адам жыйнады. Курманбек менен урушар күндүн гана камында болду. Акыры ойлонуп отуруп, ал бала баатыр Курманбек муну ажалы жетип турганда чаап салбады эле, эми неге кун сурайт, сураганда да акыл жетпес, күч жетпес мол сурайт деп отуруп, төлгөчүсүнө төп салдырып, балчысына байкаттырып, акылгөйүнө абайлап айттырып, муну кылган эзелки душманы Тейит хан болуп жүрбөсүн, өткөн өчүн алып жаткан болуп жүрбөсүн деп, сынамакка аны достошууга чакырмак болду.
Бакбур хандын талабы. Курманбек менен кырк жигиттин Ооган ханына жолугушу кыйын болду. Эптеп амал таап, элчи ага жолугуп мындай дейт: "Курманбек деген душманды чөгөлөткөн эрибиз бар. Эрдиги бар, байлыгы бар, ошол байлык менен баатырдыкка баш-көз болор зайыбы жок. Атасы бар, аты бар, атагы бар, даңкы бар, ошолорду улап кетер түгөйү жок. Алы бар да, күчү бар, ал-күчүнүн барында баатыр төрөп берер аялы жок. Биз сизден кызыңыздын колун өзүңүздөн сурап келдик, ханым". Муну угуп хан: "Менин силерге берер кызым жок, менин алыска жиберер эркем жок", – деп басып кетет. Элчи болбой эле бул жакка Кашкардын ханы Аккан аркылуу келгенин айтканда Бакбур буларга мындай шарт коёт: "Биринчиси, эки күнчөлүк жерден силерден бир ат коюлат, менден бир ат коюлат, менин атым биринчи келсе – жеңиш меники, кыз албай куйрукту түйүп жөнөйсүңөр, жо-ок, бу жолу кокус болуп силер утсаңар, экинчи шарт – мени менен кыз алар жигит ат үстүндө эки күн, эки түн беттешет. Ошол таймаш бүткөн соң үчүнчү тапшырма – Үргөнчтөн кечип өтмөй бар".
Улуттук кийим кийген чабандестер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2023
Баатырлардын соңку согуштары. Улуу баяндан 9 факт
Хандын биринчи шарты. Телтору ат турат жарышка чыкканы, Оогандын таңкы ичиркенткен шамалына жибек жалын желбиретип. Тукур моюн, бийик соору, кол-буту бакыбат, көөдөнү жазы, катуу жалы суюк, куйругу жерге тийип упузун, кирпик-көзү капкара. Жылкы жаныбардын келишкен кези экен. Хандын миң тулпарынан өзүнчө бөлүнүп кишенейт да, азынайт. Улам башын буруп, капкара болуп дулдуюп кеткен Курманбекти аялуу карап коёт. Жарышта бирде Бакбурдун Курматулпары озсо, бирде Телтору өтөт. Чөлгө жетип, бут куйкалаган кумду жирейт. Тоого жетип ташыркаткан шагылды басышат. Жардан учуп секирет. Бадалдардын арасынан иттен пас болуп шумгушат. Курматулпар бир эт бышым эрте барды барар жерге, анда турган калыстар алаканын чапкылап, сүрөөнгө алып, бата берип, "балилеп" аттарды кайра бир айланып келүүгө кайтарды. Жер челип, кайтар жолун баамдап келаткан Телторуну теңине алган киши жок, темселеген бул кандай ат дешип мазактаган андан көп, оройпосун аткылап, жебесин жеткире албай калганы мындан көп. Ошондо ал, кайыптан бүткөн мал, түн аяктаар кезинде колтуктагы канатын акырын козгоп барып, жарымдатып чыгарды. Чабандестен эс кетти, бүт денесинен тер кетти. Караса учуп баратат. Телторунун буту жерге тийбейт. Тулпардын изи калбады, калмак түгүл кум эшилген жерге жакын барбады. Бир убакта маралдай төшү мантайып, жалы түгөл бубак басып буу болуп, куйругу учуп куу болуп Курматулпарды кууп өттү. Үркөр жылдыз үркүп батып, таң супа салды. Алдыга чыккан Телтору канатын абайлап катып алды. Ошентип алдыда келатканы Телтору экени баарына билингенде кыргыз-кыпчак бир ууч болсо да түп көтөрө кыйкырып, Ооган талааларын жаңыртып, хан каарынан коркпой сүр кылып атышты.
Бакбур хан кызы – Канышай. Баарын берген Бакбур ханга жараткан жалгыз уул бербеди. Атадан балага, андан дагы баласына калып келген алтын так эми кимге оорун билбей Бакбур хан эле эмес, бу калаанын, жамы хандыктын бүт калкынын башы маң. Жашынан баатыр, жоодон качпаган эр чыгып Бакбур атасынын доорунда эле, хандык күрсүгө отура элек кезинде эле тоолуктар менен чөлдүктөрдүн далайын талкалап, уруш менен жерин кеңейтти, уй бөйрөгүндөй бөлүнгөн урууларды топтоп кубаттуу мамлекет курады, көп калк канатыңа калкала деп өздөрү соогасын алып сонуркап буларга келип атты. Ошентип арзабасы ашып улуу хандык курап, такка отуруп эл оозуна алынган кезде бир кыздуу болду. Элүүсүндө көргөн кызынын атын Канышай деп атап, анысы ата-энеге эркелеп, бир өлкөнүн канышасы катары өксүү билбей өстү. Канышай сулуунун сулуусу, ургаачынын узу, жамынын жароокери эле. Көөкөр таштай көйкөлүп, кынама көйнөк, киш ичик кийип кырк кыздын ичинде өзүнчө нурдуулуугу, ыймандуулугу, пакизалыгы менен бөлүнүп турган Канышай кыз он алтыга толуп, он жетиге өткөн чагы экен. Келеңкер чачпагын келиштире кийип, майда өргөн чачтарын балтырына жеткизип, асыл таштардан безектелген баргектерин жаркыратып, оор инди зирегин баркыратып, Багдаддын кыл устасынын көз майын короткон геварча билерзигин коңур доош чыгара шыңгыратып, ак жибек желбинчегин желпип, үстүндөгү үлбүнчөгүн үлпүп кырк канизекти артынан балапан каздай ээрчитип өтсө жүрөгү өрттөнбөгөн эркектана жок, арманы ичте өксүбөгөн адам жок. Амалдардын баарынын эле аялдары хан кызына сөз айткысы келет, лекин оозунан Алласы түшүп зырапа кызга бет келгенде эч нерсе дей алышпайт. Хан атасы ошол кызын жан адамга ыраа кылбай турган кези эле. Өзү өмүр бою жанында алып жүргүсү келет. Анан анысын жуучуларга так кесе айта албай, элден уялып, бул кызды ким алса аткарсын деп жомоктогуларды туурап үч шарт койгон. Ал үч шартты эч ким аткара албашын билет, ошон үчүн ага макул болгон.
Хандын экинчи шарты. Өкүмдар кайын атанын шерти боюнча эми Бакбур хан кызын алар жигит менен жекеме-жеке беттешмек. Жаң-Талаа. Келберсиген кеңири жер. Наамачылар чоорун, сурнайын тартып, таң каракчысын сүрүп, апак-шапак тарап, ааламга жарык келди. Чыгыш жак кызарып, күн шооласы чыкты. Курманбек Жаң-Талаанын бир жагында жалгыз турду. Анан кыйла бурсат өтүп гана жигиттери келе баштады. Күн чарасы жерден толук үзүлгөндө барабан кагылды. Бир жагынан Курманбек чыкты зоодой болуп, бир жагынын Бакбур хан чыкты тоодой толуп. Жаң-Талаада жан жок. Эркектердин эрегиши деген ушул. Экөөнөн башканын баары жым, баары турнабай салып Кароол-Дөбөдө. Жети уста жамдаган, ажыдаардын уусуна жети жылы чылаган, колдон тайып учпасын деп коло менен чырмаган, тийген жерден денесин жара кылып ырбаган найзасынын учунан жалындаган от күйүп, зоот кийимдери шагырап Бакбур хан Казкарасын обдултуп, ойкуштантып-кайкытып, ары жакта кызытып чаап жүрөт. Курманбек болсо байгеде талыккан Телторусун дем алдырып, кебелбей жайма-жай турат. Кайын атаны жыга чапсам салт кандай болот, эл эмне дейт деп кабатыр. Бакбур хан Курманбекти карап ойлойт: жерди чаап жар кылган жыйырмамда неге келбедиң, үзөңгүгө бут батпай, сайышарга эр таппай, ойду омкоруп тоо кылып аткан отузумда неге келбедиң, кайыңды сыгып суу чыгарган кырк жашымда неге келбедиң, салбуурунга чыкканда эликтерди эбелектей көтөргөн элүүмдө келсең болбойт беле, артыма атты көтөргөн алтымышымда келсең не деп ичтен арман кылып, ичи муңга толгон менен кайра кайраттанып, баатыр карыса да алтымыш койлук алы бар деп ары-бери атын чапкылайт. Экөө көпкө салышты. Бири-бирин аябай калды акыры ачууланып. Курманбек Бакбур ханды башка чабарда, теминип келип Телторуга тепсетип өтөрдө, Канышайың менен жерге кир деп ооган ханын боз чаңга боктоп коёрдо айгайлаган чуу чыгып, ак асаба туу чыгып буларды карап: "Токтот эле, токтот!" – деп, "Курманбек эле, Курманбек!" – деп опсуз атчан чаап келатат. Элейип турган Бакбур хан, селейип турган Курманбек чуу чыккан жакка карашса эң алдыда элдешүү туусун булгалап келаткан Кашкар ханы Аккандын карааны көрүндү.
Манас эпосунан иллюстрация. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2023
Кыргыз менен кытайдын согушун токтотуп турган Мыскал кыз. Улуу баяндан 6 факт
Канышайдын кыз тою. Аккандын суранычы боюнча Бакбур хандын үчүнчү шарты бекер кылынды. Атасы кызын берүүгө макул болду. Кыз калыңынан берели деп Аккан кербендерин алдырып, кытай шайыдан кырк ором, дүрүйөдөн кырк ором, сандисинен кырк ором, саркештеге салсын деп таза алтындан миң мыскал, кыздарга безек кылдырыңыз деп таш буркандай күмүштү, кырк сандыкта зумурат, маржан, лаал, көөхөр, жакут аралаш, кыздардын асыл нерселерин чыгарып берди. Муну да кошуп алыңыз деп Кашкарга алып кетчү тогуз төөгө жүктөлгөн перси килемин да калтырды. Кыргыз-кыпчак жигиттери болсо калың менен иши жок, той менен, тойдогу ат оюндары менен эле алек, берейин десе бере турган байлыгы жок, үстүндөгү жоо кийимден башка той кийими да жок, оогандыктар менен кашкарлыктарга окшоп жасанып кийинишкен да, атыр-упа, эндиктен себинишкен да жок. Телтору ат кишенеп, кайра-кайра жер тээп, улам шаңшып коёт. Анын доошун уккан сайын Канышайдын эбедени эзилип, бир нерсе болгондой сезилип, жөн тура албай кетет. Бакбур хан бар дүйнөмдү чачам деп, отуз күнү той өткөрөм деп казактардан токсон бээ, түркмөндөрдүн акалтегин атынан токсонду, гиссардын куйруктуу коюнан миңди алып келип сойдурду, тоонун таза жандыгынан деп миң уларды аттырып келип, тоо текеден токсонду, чөл бөкөндөн токсонду дасторконго койдурду, жер-жемиштин түрүнө деги сан жетпейт. Үч ханга деп үч хандыктын өз-өз тамагы тартылды. Казы, чучук, карта, жал, олобо, жарма, кымыз, бешбармак Курманбектин алдында жайнайт. Манты менен палоосу, самса менен кебеби, лагман менен ашлямфусу, хашан менен ганфаны Аккандын алдына толуп кетти. Букбур хан бирде мейиз кошулган палоодон алса, бирде кебептен ооз тиет, патир нандын, шырман нандын, деги койчу, нандын эле эчен түрү алдында төгүлүп жатат. Отуз күн той уланып, баары кумардан канып, акыры никеси кутпа окулуп, кыз-жигит бири-бири менен кыналыша кызыкка батып, дагы отуз күн Курманбек досу Аккан менен кайын атасыныкында жатып, акыры Бакбур хан шаан-шөкөт менен отуз нарга сеп жүктөп, Үргөнчтөн сал менен өткөрүп, кыз-күйөөсүн алыска узатты.
Тейитбектин таарынычы. Узун кербен Шайы жолдун шаңы болуп келатты. Эң алдыда чалгын чалган жигиттер, андан кийин көч башы болуп Курманбектин жигиттери, ортодо отуз төөгө артылган Канышайдын себи, анан туш тарабы күндө жаңыланып торгун, торко менен жабылып барчу наапа арабада Канышай сыр айтышар жеңелери жана күңдөрү менен, буларды жандай Курманбек менен Аккан аттарын катар бастырып, узак жолду кыскартып, ар нерсе айтып эрмектешип, бирде туруп кыздарга жакын келишип кетип барат. Акыры Анжиянга келишти. Эми сүйүнчү сурап Тейит ханга Аккан бармак болду. "Аяш ата, сүйүнчү, уулуңуз келин алып келатат!" – деп Аккан Тейитбектин ордосуна өрөпкүп, атынын терин агызып түштү. Сөзүн токтотпой ат үстүнөн кубанычын айта берди: "Келиниңиз Канышай сулуунун сулуусу, аялзаттын нурдуусу, байлыгы ашкан, бийлиги күч Оогандын айтылуу Бакбур ханынын жалгыз кызы. Бактыңыз бар куда экенсиз, аяш ата, себинин өзү отуз төө, эми сиз отуз төөлүк калың камдаңыз, отуз күн уул-келиниңиздин тоюн өткөрүңүз!" Ушул калыңды айтканда Тейит чалдын суйдаң сакалы тикчийип бириндеп, жүзүндөгү кызылы өчө түштү. Тейитбек өзү менен өзү болуп, каалаган жерден катын алган уулунун сөз укпай кеткенине таарынып, сүйүнчүгө Кашкардын ханы келгенге андан бетер тултуюп, эми Ооганга опсуз көп калыңды кайдан таап берем деп капа болуп, тоо аралап, жайлоодон жайлоо тандап, кымыз кууп кетип калды.
Курманбектин эстелиги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2023
Курманбек менен Аккандын дос болушу. Баатырдын таажы кийиши. Эпостон 8 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0