"Калемдин кулу болгум келбейт..." Мээнеткеч жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун бейнеси

© Фото / из семейного архива СыдыкбековыхКыргыз адабиятында “романдардын атасы” аталган Түгөлбай Сыдыкбеков уулусу менен. Архив
Кыргыз адабиятында “романдардын атасы” аталган Түгөлбай Сыдыкбеков уулусу менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2023
Жазылуу
Бүгүн кыргыз адабиятында “романдардын атасы” аталган Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелиги ачылды. Жазуучунун айкели Бишкектин “Эркиндик” эс алуу багында орнотулган.
Бул киши кара сөз менен катар эле поэма жазып, эки тизгин, бир чылбырды чогу алып жүргөн экен... Sputnik Кыргызстан редакциясында конокто филология илимдеринин кандидаты, адабий сынчы Аскар Медетов болду. Биз Кыргыз ССР жазуучусу, академик Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгы тууралуу баарлаштык.
— Кыргыз элинин турмушун мыкты билип, тарыхын казган жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков ушуга чейин жеткиликтүү изилденбегендей сезилет...
— Кыргыз адабиятынын роман жанрынын башталышы, калыптануусу, жетилүүсү да Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгына байланыштуу. Изилдөөлөр бар. Эң биринчи адабиятчылардын башында турган Кеңешбек Асаналиев 1950-жылдары Сыдыкбековдун чыгармачылыгы менен кандидаттык иш жазган. Салижан Жигитов жазуучунун 70 жылдыгына карата "Адабиятчылардын дарханы" деген жакшы эмгек жараткан. 1990-жылдан тарта Искендербек Жумабаев жазуучунун айылына чейин барып, жердештери менен жолугуп, өзү менен да сүйлөшүп, "Кең Суу" романы боюнча кызыктуу монография жазып кандидаттыгын коргогон. Андан кийин Абдылда Мусаев Сыдыкбековдун чыгармаларындагы адам концепциясын изилдеген. Ушундай аздыр-көптүр изилдөөлөр болуп жатат. Бирок, ооба, анын бейнесин ачып, бүтүндөй чыгармаларын системалаштырып чыккан изилдөөлөр жарыялана элек.
© Sputnik / Асель СыдыковаФилология илимдеринин кандидаты, адабий сынчы Аскар Медетов: Кыргыз адабиятынын роман жанрынын башталышы, калыптануусу, жетилүүсү да Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгына байланыштуу.
Кандидат филологических наук, литературный критик Аскар Медетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2023
Филология илимдеринин кандидаты, адабий сынчы Аскар Медетов: Кыргыз адабиятынын роман жанрынын башталышы, калыптануусу, жетилүүсү да Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгына байланыштуу.
— Бул киши кара сөз менен катар эле поэма жазып, эки тизгин, бир чылбырды чогу алып жүргөн экен...
— Туура, Сыдыкбековдун алгачкы чыгармачылыгы поэзиядан башталган. Алгачкы жазган поэмасы "Капкакбайдын" кол жазмасы сакталбай калган экен. Кийин кайра жазат. 1920-жылы "Булар кимдер" деген ыры "Ленинчил жаш" гезитине чыгып аябай мотивация болгон. Ошол мезгилдин үгүт-насыят стилинде жазылган ырлары совет идеологиясы жыттанат. Ал кезде баары эле ошондой болгон. Мамлекет өзү акын-жазуучулардын чыгармачылыгына кам көргөн. Коллективдештирүү өнөктүгү жүрүп жатканын айылына барып өз көзү менен көргөн жазуучу "Кең-Суу" романын жаратат. Муну адабиятчылардын арасында Михаил Шолоховдун "Көтөрүлгөн дың" романынан таасир алып жазган деген кептер да бар. Адабиятта, поэзияда окшоштуктар кезигет. Кең-Суу айылындагы каармандардын турмуштук прототиптери да бар экен. Сыдыкбековдун чыгармачылыгынын өркүндөшү, анын мазмуну туурасында Камбаралы Бобулов, Качкынбай Артыкбаев тарабынан монографиялар жазылган.
© Sputnik / Аяна БайтемироваКыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековго коюлган эстелик
Открытие памятника народному писателю Туголбаю Сыдыкбекову в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2023
Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековго коюлган эстелик
1924-жылга чейинки муундун ичинен Касым Тыныстановдун деңгээли өтө жогору болгон. Андан кийин Жусуп Турусбеков, Алыкул Осмонов, Мукай Элебаев, Түгөлбай Сыдыкбековдор келди. Мына ушулардын ичинен эң билимдүүсү, кесиптик камылгасы жагынан да мыктысы Мукай Элебаев болгон. Анын ырлары да, прозасы да өз мезгилинен озуп кеткен. Ал жазуучулар съездинде чыгарманын үстүндө иштөө тууралуу кеп-кеңештерин айтып турган. "Кең-Суу" романына алгачкы катуу сынды Мукай Элебаев айткан. Сыны калыс болгон. Ал көрсөткөн сындын баары романда турат, бирок алгачкы туундусу болчу да. Сыдыкбековдун күчтүү жагы — ал сынды кабыл ала билген. Өзүн өзү камчылап, кемчиликтерин жоюп, романдан романга өсүп отурган. Андан кийин "Темир", "Биздин замандын кишилери", "Тоо балдары", анан чыгармачылыгы жетилип, калеми төшөлгөндөн кийин барып кайра "Кең Сууга" кайрылып, чала иштелген жерлеринин баарын оңдоп, жаңы вариантын жазды. Бул роман "Тоо арасында" деп аталды. Муну кыргыз адабиятынын сынчылары прозанын жаңы деңгээлге көтөрүлгөнү катары баалашат. Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармалары колориттүү, сөздөрү ушунчалык бай, ошол турмуштун образын жакшы билет, окугуң эле келет. Бирок конфликт жок. Согуш мезгилиндеги элдин кыйналганы, ачкачылык чагылдырган эмес. Жазган, бирок цензурадан өтпөй калган. Каармандардын индивидуалдык психологиялык портреттери жакшы ачылган эмес. Дүйнөлүк адабият адамдын жан дүйнөсүндөгү процесстерди берүүгө умтулса, бизде турмуштун бир эле жагы көрсөтүлөт. Бизде адамдын жан дүйнөсүн ачып берүү Айтматовдон башталды.
© Sputnik / Александр ФедоровКыргыз адабиятында “романдардын атасы” аталган Түгөлбай Сыдыкбеков
Кадры из фильма Золотая осень Толомуша Океева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2023
Кыргыз адабиятында “романдардын атасы” аталган Түгөлбай Сыдыкбеков
— Түгөлбай Сыдыкбековдун бир сүйлөмү жарым бетти ээлеген учурлары бар. Муну айрымдар абдан оор десе, кээ бирлер көркөмдүк катары баалашат...
— Сыдыкбеков индивидуалдык стили калыптанган жазуучу. Андан ашып көркөм жазган жазуучу кыргыз адабиятында болгон жок десек да болот. Элдин турмушун терең билет. Проза үчүн бул өзгөчө маанилүү. Анан да аялдардын образын жаратуу максатында "Батыйна", "Зайыптар" деген романдары жаралды. Андан кийин кыргыз тарыхына кайрылып, "Көк Асаба" романын жазды. Бирок бардык романдарынын ичинен чыгармачылыгынын апогейи "Тоо арасында" романы болуп эсептелет.
— Сыдыкбеков 12 бир тууганы, атасы каза болгондон кийин жарык дүйнөгө келип өзүн "мен 13 кишинин ордуна келген адаммын" деп койчу экен. Бул кишинин тыным албай иштегенинен улам өзүнө милдет, психологиялык оор жүк алып алгандай сезилет...
— Ооба, бул кишиден журналист "эс алган учуруңуз болдубу?" деп сураса, 1950-жылдарда мамлекеттик сыйлык алып, анын арты менен үйүнө конок көп келип, ошол учурда аз жазып калганын айтат. Сыдыкбеков жазгандан ырахат алган. Каармандары жандуу. "Мен Чаргын, Сапарбай же болбосо Соке менен баарлашып отуруп, алардын дүйнөсүндө жашап анан жазам" деп айтып жатпайбы. Ыманбай дүйнөлүк адабиятта жок образ. Ал Сыдыкбековдун табылгасы. Жазуучу алып келген образдары менен бааланат. Айрым романдарын төрт айда эле жазып койгон. 1990-жылдары "Мен миң жыл жашадым", "Бел-белес", "Табылга" деген китептери жарык көрдү. 110 жылдыгына карата өткөн жылы бардык чыгармаларын камтыган 15 томдугу чыкты. Бул киши драма, пьеса да жазган. Алар томдукка кирбептир. Сыдыкбеков кыргыз тили, тарыхы жана маданияты үчүн күрөшүп келген. Анын "Көк Асаба" чыгармасынын окутулушуна тыюу салуу боюнча борбордук комитеттин пленумунда сөз болгон.
© Sputnik / Асел АкматФилология илимдеринин кандидаты, адабий сынчы Аскар Медетов: Сыдыкбеков жазгандан ырахат алган. Каармандары жандуу. Ыманбай дүйнөлүк адабиятта жок образ. Ал Сыдыкбековдун табылгасы.
Доцент кафедры Манасоведения и мировой литературы КНУ Аскар Медетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2023
Филология илимдеринин кандидаты, адабий сынчы Аскар Медетов: Сыдыкбеков жазгандан ырахат алган. Каармандары жандуу. Ыманбай дүйнөлүк адабиятта жок образ. Ал Сыдыкбековдун табылгасы.
— Ошол кезде деле бут тосуулар көп болуптур. Сыдыкбеков, тетирисинче, жаш жазуучуларды колдогон экен...
— Сыдыкбеков "Тоо арасында" романын орусча сөзмө-сөз котортуп, аны Москвага жиберет. Ал жактан котормочу таап көркөмдөтүп, аны басмадан чыгаруу үчүн өзү эмгек өргүү алып Москвага бармак. Бирок аны ошол кезде Жазуучулар союзунун төрагасы болгон Аалы Токомбаев жибербей койгон. Сыдыкбеков Исхак Раззаковго барып, ал киши Токомбаевге кат жолдоп, ошентип гана барган. Куугунтуктоо мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгондон кийин гана басаңдаган. Артынан келе жаткан жаштарга көп колдоо көрсөткөн. Кубатбек Жусубалиевдин чыгармаларын учурунда көбү түшүнгөн эмес, басмадан да чыгарылбай калган. Ага да колдоо көрсөткөн. Абдимитал Камалов деген жазуучунун аңгемеси Ош облустук гезитине жарык көрөт. Идеологиялык жактан жаштарга туура эмес багыт бере турган чыгарма деп облустук кеңешмеде катуу сындалат. Сыдыкбеков жазуучуну коргоп, Султан Ибраимовго кат жазган. Ушундай мисалдары өтө көп. Ошонун айынан ал кишинин 60 жылдыгы да, 70 жылдыгы да белгиленбей калган. Кайра куруу учурунда 75 жылдыгы белгиленди.
— Түгөлбай Сыдыкбеков балдарга арналган чыгармаларды да жакшы бериптир...
— Ал киши турмушту понарамдык деңгээлде көргөн. Бардык жагынан ачып бере алган. Турмушту терең изилдеген. Ошол заманда Орхон-Енисей жазмаларын изилдеп, Барсбек каганды иликтеп тарыхтын бурмаланышы менен күрөшкөн. Анын көктүгү, эмгекчилдиги ушундай чыгармаларды жазууга шарт түзгөн. "Көк Асаба" үчилтиги чыкмак экен, бирок бийлик тыюу салган. Бут тосууларга карабастан кыргыз элинин тарыхын бурмалабай так берүүгө, тилибиздин көркөмдүк жагынан сакталып калышына тынбай аракет жасай берген. Сыдыкбековдун "мен калемдин кулу болуп калгым келбейт" деп айтканы бар. Калеми март, казынасы бай жазуучу. Китептери кайра-кайра басылышы керек.
Журналист, акын Алым Токтомушев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2023
Драмасы калемине төгүлгөн Алым Токтомушев менен Шербет Келдибекованы эскерүү
Жаңылыктар түрмөгү
0