Драмасы калемине төгүлгөн Алым Токтомушев менен Шербет Келдибекованы эскерүү

© Фото / Кыргыз маданият борборуЖурналист, акын Алым Токтомушев. Архив
Журналист, акын Алым Токтомушев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2023
Жазылуу
Кыргыз журналистикасында Алым Токтомушевдин ысымы түбөлүк калат. Жубайы Шербет Келдибекова экөө дүйнөлүк адабиятты казып окуган, бир темада эки башка классикалык чыгарма жаза билген акындар. Буларды изилдөө үчүн ушундай деңгээлдеги адабиятчы керек.
Sputnik Кыргызстан редакциясында конокто философия илимдеринин доктору Калбүбү Сариева, адабиятчы, котормочу Абдил Шерматов жана экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев болду. Биз журналист, акын Алым Токтомушевдин жана анын жубайы акын Шербет Келдибекованын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу баарлаштык.
— Айылчы агай, Алым Токтомушевдин балалыгы, туулган айылы тууралуу айылдашы катары сизден сурасак?
Айылчы Сарыбаев: — Негизи биз Жумгал районунун Кайырма айылында туулганбыз. Бирок кийин аты өзгөрүп, Байзак баатырдын ысымынан аталып калды. Бир айылда, бир мектепте окудук. Алым менден бир класс жогору болчу. Бирок танапис убагында дайыма жолугуп, өзүбүздөн улуу балдардын сөзүн укканды жактырчу элек. Ал кичинесинен эле тырышчаак, өжөр, арык бала болчу. Кошунасы, бизден эки класс жогору окуган жердешим: "Алымдын өжөрдүгүн ушундан бил, аны уруп койсом каякка барсам да мушташам деп артымдан ыйлап ээрчип алчу. Акыры качып кутулчумун" деп күлүп калчу. Алымдын таенеси, Токтомуштун кемпири Батыш апа ферма башчысы болчу. Айылыбыз чоң, бир узун көчөбүз бар. Биз айылдын өйдө жагында жашайбыз. Жайлоого көчкөндө таенесинин аркасына тепейип учкашып алар эле. Биз олбурлуу таенесин алыстан көргөндө эле "Алым келе жатат, Алым келе жатат" деп чурулдап карап калчубуз. Ошондо эле лидерлик сапаты бар, тепейген тың бала болчу. Мектептен Советбек Байгазиев дубал гезитин түзүп, Алым Токтомушев экөөбүз бир-эки куплет ыр жазып, аны чыгарып койсо кудуңдап калчубуз. Мектепти абдан жакшы окуду. Өкүнгөнүм, айылдагы мыкты окуган балдардын көбү жогорку окуу жайына өтө албай калды. Ошолордун бири — Алым.
Жаш кезде Эркиндик бульварында жаш акындар ырларын окучу. Шербет менен ошондо таанышкан. Алым Максим Горькийдей турмуштун мектебин бүттү. Омар Хайям өңдүү акындар бир эле сап менен коомду сүрөттөп, социалдык абалды чагылдырып коёт. Алымда ошол сапат бар эле. Диплому жок болсо да ар тараптуу терең ой жүгүрткөн, өтө билимдүү инсан болгон. Ал эч качан халтурага жол берчү эмес. Жаңы нерсе укса үйүнө барып китептерин барактап, аны текшерип, анан макалаларын жазчу. Журналист гана эмес, чоң философ, ойчул, патриот эле. Туура эмес көрүнүшкө чыдабай кетчү. Бир ирет бажасы Мисир Ашыркуловдун үйүнө барса бирөөлөр менен отуруптур. Сөздөн сөз чыгып отуруп бажасын "силер коррупционерсиңер" дейт, тиги чычалап экөө мушташа кетиптир. Үйүнө келсе кайнатасы бар экен, "ушинтип уруша кеттик" десе ал киши да Алымды кубаттаганын айтып күлүп калчу. Алым Токтомушевге убагында укмуш кызматтарды сунушташты. Бирок Мелис Эшимканов да жанынан чыгаргысы келбеди көрүнөт. Өзү да бийликке көз каранды болуп, "караны ак" деп отурганды жактырбады. Бир ирет Мисир Ашыркуловго Майрам Акаева "бажаңызга айтыңыз, бир университетке гезит ачып берип, айлыгын 27 миң сом кылып берели" дегенде "мен ал жакка барып мойнунан байланган иттей болуп отурмак белем алар айтканды жазып, барбайм" деп койгон. Ал кезде 27 миң сом абдан чоң акча болчу.
© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуЭкономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев
Доктор экономических наук, профессор Айылчы Сарыбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2023
Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев
Абдил Шерматов: — Алым Токтомушев системдүү билим алган. Таанып-билүүдө жөнөкөйүнөн татаалына чейин иликтеп жүрүп, анда коомдогу социалдык абалдардын түшүнүктөрү пайда болгон. Ошондуктан кандай гана окуя болбосун ага туура баа берип, туура анализдеген. Аны жөн гана айта бербей салыштырган. Макалалары да логикалык жактан жакшы курулган, ашыкча сөз жок, ток этерин жазчу. Экөөбүз өмүрүнүн акыркы жылдарында абдан ынак болуп кеттик. Көп катмарлуу адам эле. Сырты жөнөкөй, жупуну көрүнгөнү менен ичи кайнап турчу. Жеке драмасы, трагедиясы бар. Ошолордун баары чыгармаларына импульс, багыт берип турган. Бул өзүнө өзү чынчыл болгон. Ырларында чагылдыргандай, жан дүйнөсү назик эле. Менин Эсенбай таякем беш жыл согушта жүрүп, үйүнө эки чемодан дүнүйө менен кайтса, жакын тууганы эле чемоданына кызыгып, поездге түртүп өлтүргөн. Ушуну ыр кылып жазып, Алымга редактор катары окутууга берсем түндө каргылданган үн менен чалды. Көрсө ырды окуп ыйлаптыр. Анткени анын өзүндө ошондой трагедиялар болгон. Лермонтов да таенесинин колунда өсүп, өмүр бою атасына куса болуп жүрүп өткөн. Алым да ошондой тагдырлуу эле. Дайыма окуп турган, интеллектуал болгон. Редактор катары текстти да укмуш оңдочу. Анан раматылык Салижан Жигитов академиктерди тамашалап "эй, силердин текстиңерди диплому жок Токтомушев оңдоп жатат" деп койчу.
"Ала-Тоо" журналында иштеп калганда журнал абдан жакшы түзөлдү. Ырлары да кыргыз адабиятында өзгөчөлөнүп турат. Алым калыпташкан чекти бузуп, жаңычылдыктарды киргизген. Анын ырларын жөнөкөй адам түшүнө бербейт. Жубайы Шербет Келдибекова да классикалык акын. Кыргыз поэзиясындагы аялдар арасында мен андай ыр жазгандарды окуй элекмин. Ал өзү жети жолу жүрөгүнөн операция болду. Ооруканада жатканда кең дүйнөнүн бир бөлүгүн терезеден телмире карап, жан дүйнөсүн не бир ойлор терметсе керек. Курбуларындай сүлкүлдөп жигиттер менен жүрө албады. Өзү да дүйнөлүк адабиятты казып окуган. Булардын чыгармачылыгы изилдене элек.
© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуАдабиятчы, котормочу Абдил Шерматов
Литературовед, переводчик Абдил Шерматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2023
Адабиятчы, котормочу Абдил Шерматов
— Башкалар партияны жазса, Шербет Келдибекова өз тагдырын жазды дешет...
Калбүбү Сариева: — Алым менен Шербет бул дүйнөгө бир келди да, бир кетти. Экөө бир үйдө жашап туруп, ырлары эки башка дүйнө. Шербет бала кезинде эле жүрөк дарты менен төрөлүптүр. Ата-энеси, жакындары аны 60ка чыгат деп ойлогон эмес. Булар көп бир тууган. Атасы математик. Шербет экөөбүз да матфакта чогуу окуп, курбу болгондуктан үй-бүлөсүн жакындан билем.
— Экөө кантип таанышып калган?
К.С.: — Шербет алгач Алымдын өзүн көрбөй, аны "Нарын Правдасына" чыккан ырынан тааныган. Курбум да ошол жакка ыр жазып турчу. Ырларын жактырып жүрүп Алымды кийин көрдү. Экөөнү чыгармачылык табыштырды. Айылчы агай айткандай, бульварда ыр окугандардын чогулушунан таанышат. Шербеттин ден соолугуна байланыштуу бала кезинен атасы алаканына салып, бөпөлөп баккан. Кара жумуш жасабай жалаң китеп окутуп, билим берген. Ал назик көрүнгөнү менен сөздү таптап сүйлөп койчу.
Алым болсо таенеси Батышты "энем" деп көп айтчу. Ал киши актив болгондуктан Алымды атына учкаштырып айыл аралап жүрчү экен. Небересинин социалдык жашоого активдүү катышып калуусу ошондон окшойт.
© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуФилософия илимдеринин доктору Калбүбү Сариева
Доктор философии Калбубу Сариева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2023
Философия илимдеринин доктору Калбүбү Сариева
А.С.: — Алым мектепти чынында абдан жакшы бүттү. Кийин жалган жалаа менен камалып да калды. Оор тагдыр деген ушу экен. Интеллекти бийик адам жалаа менен болбогон жерден камалып кеткен. Ал эми Шербеттин эрдиги Алым кайда барса артынан калбай, таштабай, түрмөгө барып турмушка чыккан. Алым түрмөнүн китепканасында иштеп калып, орус жазуучуларынын чыгармаларынын котормосун, кийин оригиналын казып окуган. Алымдын ыр жазуу стили ошондо калыптанган.
А.Ш.: — Алым менен Шербеттин чыгармачылыгын изилдегенде анын мотивациясын кароо кажет. Булар дүйнөлүк поэтикалык ойлорго биздин менталитетти салып, көркөм деңгээлге алып чыкты да. Шербет ырдын ички уйкаштыгына абдан баа берген. Дүйнөлүк адабиятты түшүнүп, анан изилдемейинче буларга объективдүү баа берүү мүмкүн эмес.
— Алым агайды акындардын ырын оңой менен жактырчу эмес дешет. Жубайынын чыгармачылыгына кандай карачу?
А.Ш.: — Ушул жаатта буларда да келишпестик чыкчу. Үйүндө кадимкидей чыгармачылык процесс, жандуу талкуу жүрчү экен. Чындык талаштан жаралат да.
К.С.: — Үлбүрөгөн назик Шербет Алымга турмушка чыккандан кийин чыгармачылыгы менен кошо үй-бүлө түйшүгүн да мойнуна алды. Телефондон сүйлөшкөндө да "Алым иштеп жатат, акырын сүйлөйлү" деп калчу. Жолдошу чынында кырс киши болчу. Баарына сын көз менен карачу. Анын катарында Шербеттин ырларына, өзүнүн калемине да. Шербет 42 жашында жүрөгүнөн операция болду. Өмүр бою эч бир кызматка жулунган жок. Корректорлук ишинде жүрүп эле чыгармачылык менен алпурушту. Анан да оорусунан улам өлүм жана өмүр темасы аны дайым ээрчип жүрдү. Экинчиден, жолдошунун чыгармачылыгынын өсүшүнө колдоо көрсөттү. Мелис Эшимканов журналистикада жаңы жол салуу менен Кубатбек Жусубалиев, Алым Токтомушев, Салижан Жигитов сыяктуу башкача ойлонгон адамдарды кызматка алып келип, элдин эркин ойлонуусуна салымын кошту деп ойлойм.
А.Ш. — Эгемендүүлүк алгандан бери макала жазууда системдүүлүк жоголду. Үстүртөн эле жазмай. Алым муну көрүп, кубулушту анализдеп, туура сүрөттөп жазууга биротоло бет алды. Анын үстүнө ички драмасын кагазга төгүп, бийликти безге сайып жазган.
А.С.: — Адабиятта коомго жараша жазылган чыгармаларды системага сала турган сынчылар жок болуп жатат. Коомдо системалуу философия, идеологиябыз да жок. Идеология — бул сенин жашоо-турмушуң, келечекке умтулушуң. Ага мотивация керек. Адабият аны чагылдырган күзгү.
Жогоруда Алымдын үйүндө китеп көп болгонун айтышты. Атасы Ильич адабият сабагынан мугалим болчу. Башында ал киши уулунун чыгармачылыгын теңсинбей жүрдү. Кийин Алымдын алгачкы чөнтөк китеби чыкканда айылдаш чыгармачыл достору атасына алып келип көргөзөт. Ошондо окуп көргөн атасы "чын эле чоң киши болгон турбайбы" деп сүйүнүп, сүйүнчүсүнө козу союп, уулунун досторун коноктогон.
© Фото / Кыргыз маданият борборуАкын Шербет Келдибекова
Поэтесса Шербет Келдибекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2023
Акын Шербет Келдибекова
— Алым Токтомушевдин мүнөзү курч болгонун айттыңар. Кандан, бектен кайра тартпаган макалаларды жазуу үчүн андай мүнөз керек болсо керек. Акындын, адамдын трагедиясы, драмасы тууралуу да айтып жатасыздар...
А.Ш.: — Шербет экөө балалуу боло албады. Анын негизги трагедиясы ушунда болду. Аялынан кетип да кала албайт. Анткени жубайы Алымдын башына кыйынчылык келгенде колдоп, чыгармачылыгына колдоо көрсөттү. Кайын журту да жакшы. Шербет тууралуу да эч качан жаман айткан эмес.
— Алым Токтомушев мактоону жактырчу эмес. Бирок сыйлык жаатында да эч нерсе албаптыр. Сыйлыкты да жактырган эмеспи же сын жазганы үчүн беришкен жокпу?
А.Ш.: — Сыйлыктар бирөөнүн идеологиялык максаты, каалоосу менен мактагандарга, чийинден чыкпагандарга берилген да. Алым ошондон жийиркенген. Жасакерленип орден алгандарды көргөндө итатайы тутулчу.
А.С. — Алым өзү коомдун оппозициясы болгон. Бийлик мактамак турсун, аны куугунтуктаган да. Шербет экөө тең күчтүү интеллигенттер болгону менен турмушу жупуну эле.
— Салижан Жигитов экөөнүн мамилеси кандай эле?
А.Ш.: — Мен Салижан агайдын колунда 2-3 жыл иштедим. Ал киши коомго, кыргыздын акмакчылыгына оппозиция да. Абдан билимдүү, казып окуган, дүйнөлүк адабиятты, экономиканын багыттарын билген адам эле. Экөөнүн мүнөзү төп келип, Алымга "ай, жаза бер ушинтип, анан менин фамилиямды коюп кой" деп күлдүрчү. Салижан агай Алым менен Аман Токтогуловго баа берчү. Ал киши Алымга "духовный отец" болгон. Колдочу. Алым кээде Салижан Жигитовду да сындачу.
А.С.: — Алым бир жолу күлдүрөт. Көчөдөн Жигитовго жолугуп калып каякка баратканын сурайт. Сураса ал "Ишенбай Абдуразаковго, батпай калган костюмдарын сураганы бара жатам. Меникинин баары эскирди" деген экен (күлүп). Үчөө дос болчу. Бул жан дүйнөсү кимге жакын болсо ошого барат. Ишенбай Абдуразаков кандай адам эле? Салижан Жигитовчу? Ошолор менен жөн эле сүйлөшүп коюу керемет эле да.
Советтер Союзунун Баатыры учкуч Ысмайылбек Таранчиев жана жолдошу Алексей Ткачев менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2023
Таран ыкмасы менен душманды талкалаган Ысмайылбек Таранчиев. Баатырды эскерүү
Жаңылыктар түрмөгү
0