Заседание Совета МПА СНГ в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы
16-17-ноябрь күндөрү Бишкекте КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны өтөт. 2023-жылы Кыргызстан шериктештиктин уставдык органдарында төрагалык кылууда. Иш-чаранын негизги темасы — орус тилинин КМШдагы улуттар аралык баарлашуу тили катары ролу.

КМШ ПААнын жыйыны соңуна чыкты. Жактырылган документтер

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаБишкекте КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын 56-жыйыны
Бишкекте КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын 56-жыйыны  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бишкекте КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын 56-жыйыны соңуна чыкты.
Парламентарийлер экология, коопсуздук жана укук сфераларындагы бир катар мыйзам долбоорлорун карап, жактырышты. Алар:
"Медициналык ишмердүүлүк менен алектенген субъектилердин бейтапка зыян келтирүүдөгү жоопкерчилигин камсыздандыруу жөнүндөгү" долбоор;
"Тоо-кен казуу иштеринин калктуу аймактарга тийгизген таасири жөнүндөгү" долбоор;
"Органикалык өндүрүш жөнүндөгү" долбоор.
Жыйындын катышуучулары КМШ мамлекеттеринин терроризмди каржылоого карата жоопкерчилик боюнча Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү дагы колдошту.
Мындан тышкары, парламентарий Шериктештик мамлекеттерге төмөнкү маселелер боюнча берилген сунуштамаларды карап чыгышты:
маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагындагы мүчүлүштүктөргө профилактика жүргүзүү;
КМШнын аймагында укук бузууларга каршы укуктук көзөмөлдү жакшыртуу;
КМШнын экономикалык коопсуздук жаатындагы кызматташуусун өнүктүрүү.
Университеттин студенттери окуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2023
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы
Матвиенко: 2024-жылы Россияда 400 миңден ашык чет элдик студент билим алмакчы
Жаңылыктар түрмөгү
0