ЕАӨБ: Борбор Азия мамлекеттеринин сууну үнөмдөөдөн бөлөк аргасы жок

© Sputnik / Акылбек БатырбековТоктогул суу сактагычы. Архивдик сүрөт
Токтогул суу сактагычы. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2023
Жазылуу
2028-2029-жылдарга карата божомол боюнча, Борбор Азияда суу таңсыктыгы өнөкөт мүнөзгө өтөт.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Борбор Азияда сууну сарамжалдоого өтүү жападан жалгыз чара болуп саналат. Бул туурасында Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) "Борбор Азияда майнаптуу ирригация жана сууну сарамжалдоо" аттуу докладында айтылат.
© Фото / пресс-служба ЕАБРЭффективная ирригация и водосбережение в Центральной Азии
Эффективная ирригация и водосбережение в Центральной Азии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2023
"Борбор Азияда сууну сарамжалдоого өтүү – сугат, айдоо жерлерин сактоо, чөлкөмдү азык-түлүк менен камсыздоо, суу коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин чечүүнүн бирден-бир жолу", — деп айтылат докладда.
Сууну сарамжалдоого өтүүгө климаттык өзгөрүүлөр, керектөөнүн күч алышы гана эмес, Аму дарыянын өзөн агымынын азайып кетүү мүмкүндүгү да түрткү болууда. Себеби Афганстандын гидротехникалык долбоорлорунан улам Аму дарыянын ортоңку жана төмөнкү жагындагы суу көлөмү кескин түрдө азая түшөт. Бул айрыкча суу тартыш жылдары чөлкөмдү чоң тобокелдиктерге кептеши мүмкүн.
"Борбор Азияда 2028–2029-жылдары 5–12 чарчы чакырым сууда суу ресурстарынын курч өнөкөт таңсыктыгы башталышы болжолдонот. Афган фактору чөлкөмдө гидрологиялык режим, климаттын өзгөрүшү же жогорку демографиялык өсүш өңдүү суу балансына да ушундай эле катуу таасир этет. Чөлкөм айыл чарба, өнөр жай жана энергетикадагы каатчыл абалда калышы ыктымал", — деп белгилешет докладдын авторлору.
ЕАӨБ көптөгөн кеңештеринин арасынан 10 практикалык кадамды бөлүп көрсөтөт. Алар Арал деңизинин бассейниндеги суунун агып чыгышындагы өзгөрүүлөргө туруштук берүүгө, күтүлгөн суу таңсыктыгынын кедергисин жоюуга камданууга мүмкүндүк берет.
Төмөндө алар топтоштурулуп берилди:
Аралды сактоо эл аралык фондун, бир катар өнүктүрүү банктары жана башкаларды бириктирип, ирригацияга инвестиция тартуу маселесин чече ала турган коалиция;
ар бир өлкөнүн өзгөчөлүктөрү жана керектөөлөрү эске алынган заманбап ирригациялык жабдуу чыгарууга адистешкен аймактык кластерди түзүү маселелерин иштеп чыгуу;
Борбор Азияда суу берүүнүн оптималдуу жана экономикалык негизделген тарифин баскыч-баскыч менен киргизүү;
суу чарбасына санарип технологияларды толук киргизүү. Бул сууну туура бөлүштүрүп, суунун так эсебин алууну камсыздап, фермердик чарбаларга суу берүүдө акы алынчу кызматтар системасына өтүүнү кыйла жеңилдетет. Суу эсептөөчү санарип технологияларды киргизүү менен суунун коромжу болушу жылына 12-15 пайызга азайышы күтүлөт;
сугат талааларын лазердик тегиздөө өңдүү заманбап техникалык каражаттарды активдүү колдонуу сунушталат. Андай технология айдоо аянттарын кароону бир топ жеңилдетип, сууну коромжусуз тегиз бөлүштүрүүгө, айдалган өсүмдүктүн тез өнүп, ылдам өсүп, түшүмдүүлүктүн көбөйүшүнө өбөлгө болот.
Жөөк-жөөк менен сугарууда дан эгиндеринин жана башка өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү 1,3–2,3 эсеге артып, ал эми суу жылына 20 пайыздан 30 пайызга дейре үнөмдөлөт.
Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2023
Радио
Чаржайыт бургулоону токтотуу керек. Адис суу таңсыктыгынын себебине токтолду
Жаңылыктар түрмөгү
0