Адистер кош бойлууларга эң керектүү деген витаминдерди санап беришти

© Фото / Pexels / SHVETS productionКош бойлуу кезинде колуна алма кармаган кыз. Иллюстративдик сүрөт
Кош бойлуу кезинде колуна алма кармаган кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2023
Жазылуу
Адистер наристе күтүп жаткан аялдар пайдалуу заттарды тамак-аштан алгандан тышкары кошумча витаминдерди ичүүсү зарыл экендигин белгилешти.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Кош бойлуу мезгилде аялдын организми көбүрөөк аш болумдуу заттарды, витаминдерди талап кылат. Алар организмде жетишсиз болсо аялдар кыйналып, баланын ден соолугуна таасири тийгизиши мүмкүндүгүн Саламаттык сактоо министрлиги эскертти.
"Кош кат аял көпчүлүк аш болумдуу заттарды жана витаминдерди тамак-аш аркылуу алгандыктан туура тамактануусу керек. Бирок организмдин айрым заттарга, мисалы: фолий кычкылы, темир, йодго болгон керектөөлөрүн камтуу үчүн аларды кошумча ичүү зарыл", — деп адистер кеңеш беришкен.
Адистер бөбөк күтүп жаткан эненин организмине эң зарыл деген заттарды атап, алардын түйүлдүктүн өсүшүнө, аялдын саламаттыгына таасирин атады.
Фолий кычкылы – В тобундагы витамин, ал адамдын организминде иштелип чыкпайт, тамак-аш азыктары аркылуу гана келет. Фолий жалбырактуу жашылчаларда (салат жалбырагы, шпинатта), буудай өсүмдүктөрүндө, капуста, банан, жумуртка, малдын ич иттеринде (боор, бөйрөк) көп.
Кош бойлуу аялдын организминде жетишсиз болсо түйүлдүктүн баш, жүлүнүнүн өнүгүүсүндө кемтиктер болушу мүмкүн, акыл-эс жактан артта калышы да ыктымал. Аны кош кабат болгонго үч ай калганда иче баштоо керек, анткени нерв системасынын өнүгүүсү бойго бүткөн алгачкы күндөн тарта башталат. Андан кийин нерв системасынын органдары түптөлө баштаган кош бойлуулуктун биринчи үч айында ичүүнү улантуу зарыл.
"Темир – аялдын ден соолугу жана баланын нормалдуу өнүгүүсү үчүн зарыл болгон элементтердин дагы бири. Анын жетишсиздиги бойдон түшүү, артериялык кан басымдын жогорулашы, эмизүүдө сүттүн иштелип чыгуусунун бузулушу, төрөттөн кийин инфекциялардын пайда болуу коркунучу жана башка көйгөйлөрдүн жаралышы менен коштолушу ыктымал. Мындан тышкары, аз кандуулук да темирдин жетишсиздигинен келип чыгат. Мындайда ымыркай кичинекей төрөлүп, кийин тез ооруй берет. Айрым учурда дене бой, акыл-эси жактан да өсүүсү жай болуп калуу ыктымалдуулугу жогору", — дешти министрликтен.
Темир уйдун боорунда, эт, гречка, буурчак, төө бурчак, сулу, буудай даны, шпинат, өрүк как, кара өрүктө бар. Дарыгерлер кош бойлуу учурда тамак-аштан алган темир жетишсиз болорун эске алып, кош бойлуулукка чейин үч ай калганда жана төрөттөн кийин үч ай темир камтыган заттарды ичүүнү сунушташат.
Кош кабат болгондо организмге эң керектүү заттардын бири – йод. Анын жетишсиздиги бойдон түшүүгө, баланын акыл-эс жактан начар өсүшүнө, калкан безинин тубаса оорусу менен туулушуна алып келиши мүмкүн. Эненин тамак-аш сиңирүү процесси начарлап, аял толуп кетет.
Йод организмде иштелип чыкпайт жана ал тамак-аштан гана алынат. Ал треска балыгы, деңиз балыгы, клюква, черника, деңиз капустасында бар. Бул азыктар кыргызстандыктар көнгөн рациондо көп кездешпегендиктен калктын көбүндө йоддун жетишсиздиги байкалат. Буга байланыштуу дарыгерлер кош бойлуулукта йодду сөзсүз кошумча ичүүнү эскертет.
Аял гинекологго УЗИден өтүп жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2023
Кош бойлуулуктун 12-аптасына чейин каттоого туруунун зарылдыгы. Түшүндүрмө
Жаңылыктар түрмөгү
0