Баткенде орус тилин окутуунун ыкмалары боюнча иш-чара өтөт

© Фото / пресс-служба Министерства просвещения РФБаткенде орус тилин окутуунун ыкмалары боюнча иш-чара өтөт
Баткенде орус тилин окутуунун ыкмалары боюнча иш-чара өтөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2023
Жазылуу
Иш-чарага сайттан каттоодон өтүп, онлайн катышса болот.
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. 2023-жылдын 9-10-ноябрында Баткен мамлекеттик университетинде “Орус тили жана адабияты бүгүнкү күндө: заманбап окутуунун ыкмалары жана технологиялары, орус адабиятындагы жаңы нерселер” аттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу Россиянын Агартуу министрлигинен маалымдады.
Иш-чаранын негизги максаты — орус тилин, россиялык билим берүү жана маданиятты жайылтуу. Анын алкагында мастер-класстар, методикалык семинарлар, адабий экскурсиялар, лекциялар, семинарлар өтөт.
Саамалыкка орус тилин чет тил катары окутууда практикалык тажрыйбасы бар мугалимдер катышат. Ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга орус тилин үйрөткөн мугалимдер, окумуштуулар, Кыргызстанда жашаган россиялык жарандар, орус тилин үйрөнүп жаткан үй-бүлөлөр катышууга чакырылат.
Иш-чара Баткен шаарындагы И. Жусупов, 21 дарегинде өтөт. Мындан тышкары, бул сайттан каттоодон өтүп, онлайн катышса болот.
Орус тили сабагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2023
Кендирбаева: Кыргызстанда орус тилин сапаттуу үйрөнүүгө болгон муктаждык чоң
Жаңылыктар түрмөгү
0