Садыр Жапаровдун Японияга барары айтылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочий визит президента КР Садыра Жапарова в ОАЭ
Рабочий визит президента КР Садыра Жапарова в ОАЭ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 17-20-ноябрь күндөрү Японияга барат. Бул туурасында аталган өлкөнүн министрлер кабинетинин башкы катчысы Хирокадзу Мацуно брифингде билдиргенин Nikkei агенттиги жазды.
Анын айтымында, мамлекет башчы Япониянын премьер-министри Фумио Кисида жана императору менен жолугары пландалган.
Жапаровдун сапары Токио жана Киото шаарларында болорун белгиледи басылма.
Президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2023
Садыр Жапаров Ташкенттеги экономикалык кызматташтык боюнча саммитке катышат
Жаңылыктар түрмөгү
0