https://sputnik.kg/20231106/bishkek-kylmysh-aldamchylyk-miliciya-tergoo-1080236016.html
Үй алчу адамды 29 миң долларга алдап кеткен деп 34 жаштагы аял кармалды
Үй алчу адамды 29 миң долларга алдап кеткен деп 34 жаштагы аял кармалды
Sputnik Кыргызстан
Милициядан билдиргендей, шектүү жабырлануучунун акчасын алып, бирок үйүн башка адамга сатып жиберген. 06.11.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-11-06T11:26+0600
2023-11-06T11:26+0600
2023-11-06T11:26+0600
кыргызстан
бишкек
кылмыш
алдамчылык
милиция
тергөө
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/06/1080235734_0:52:1024:628_1920x0_80_0_0_7b9890b7be7942a2321029e6601608b7.jpg
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук милициясы алдамчылыкка шектүү аялды кармаганын маалымдады.Билдирмеге ылайык, 1-ноябрда А. З. аттуу аял арыз менен милицияга кайрылган. Анда 29-сентябрь күнү Мурас-Ордо конушунда Т. Т. анын ишенимине кирип, "үйүмдү сага сатам" деп андан 29 миң долларын алып кеткени белгиленген. Андан кийин Т.Т. үйдү башка адамга сатып жиберип, өзү из жашырып кеткен.Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон.Ыкчам тергөө иштеринин алкагында 34 жаштагы Т.Т. аттуу аялдын жүргөн жери аныкталып, Бишкек шаарынын аймагынан кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда, тергөө иштери уланып жатат.
https://sputnik.kg/20231103/karzhy-piramidasy-izdoo-shektuu-karmaldy-1080165189.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/06/1080235734_0:0:1024:769_1920x0_80_0_0_686362261509ba6e790c076bc20f845f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, кылмыш, алдамчылык, милиция, тергөө
кыргызстан, бишкек, кылмыш, алдамчылык, милиция, тергөө
Үй алчу адамды 29 миң долларга алдап кеткен деп 34 жаштагы аял кармалды
Милициядан билдиргендей, шектүү жабырлануучунун акчасын алып, бирок үйүн башка адамга сатып жиберген.
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук милициясы алдамчылыкка шектүү аялды кармаганын маалымдады.
Билдирмеге ылайык, 1-ноябрда А. З. аттуу аял арыз менен милицияга кайрылган. Анда 29-сентябрь күнү Мурас-Ордо конушунда Т. Т. анын ишенимине кирип, "үйүмдү сага сатам" деп андан 29 миң долларын алып кеткени белгиленген. Андан кийин Т.Т. үйдү башка адамга сатып жиберип, өзү из жашырып кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам тергөө иштеринин алкагында 34 жаштагы Т.Т. аттуу аялдын жүргөн жери аныкталып, Бишкек шаарынын аймагынан кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда, тергөө иштери уланып жатат.
3 Жетинин айы 2023, 11:24