Билим берүү министри РФ элчисине: бизге орус тилдүү мугалимдер жетишпейт

© Sputnik / Аяна БайтемироваКыргызстандын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева
Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2023
Жазылуу
Орус тилдүү мектептерде жүздөгөн мугалимдер жетишпей турганы айтылды.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Россиянын элчиси Николай Удовиченконун көңүлүн орус тилинде сабак берген предметтик мугалимдердин жетишсиздигине бурду.
Ал "Мектептеги билим берүү системасындагы орус тили" аттуу жалпы орто билим берүү жайларынын жетекчилеринин форумуна катышты.
Кендирбаева жакында эле россиялык кесиптеши менен жолукканын жана ага орус тилдүү мектептерде 800дөн ашык педагог жетишпей жатканын кабарлаганын айтты. Негизинен табигый-математикалык профилдин мугалимдери тартыш болууда.
"Элчи мырза, аталган багыттар боюнча адистерди даярдоо жана кайра даярдоого көңүл буруп койсоңуздар. Анткени Кыргызстандын жогорку окуу жайларында бул мугалимдерди даярдоо бөлүмдөрү дээрлик жокко эсе", — деди министр элчиге.
Эске салсак, билим берүү министри 3-октябрда Жогорку Кеңеште айылдагы орус тилдүү класстардын окутуу сапаты өтө түшүп кеткендиктен жаап салууга туура келерин айткан. Анын бул кеби коомчулукта катуу талкууга алынган.
Кендирбаева өзүнүн соцтармактагы баракчасына көптөгөн айыл мектептеринде ачылган орус тилдүү класстарда сапаттуу билим берген педагогдор жок экенин жазган. Буга байланыштуу балдар же кыргызча, же орусча тилди жакшы өздөштүрө албай калып жатканын белгилеген. Ал ошондой эле орус тилдүү предметтик мугалимдер үчүн вакансиялар көп экенин кошумчалаган.
Кыргызстан жана Россиянын желектери. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2023
Удовиченко: Кыргызстан менен Россия алакасын арттырып жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0