Кыргызстан жана ЕАЭБдин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
Бишкектеги Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити 26-27-октябрга пландаштырылган. Ушул эле күндөрү КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын соңунда 26 документке кол коюлду

© Sputnik / Владислав НогайЕАЭБ премьер-министрлери
ЕАЭБ премьер-министрлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Жазылуу
Жыйындын жүрүшүндө 26 документ каралып, кол коюлду.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бүгүн, 26-октябрда, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документке кол коюлду.
Тизме:
1.
2030-жылга жана 2045-жылга чейинки мезгилде Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн негизги милдеттери жана багыттары жөнүндө;
2.
Евразия экономикалык биримдиктин иштеши тууралуу баяндаманын үстүндө иштөөнүн жүрүшү жөнүндө;
3.
Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер тарабынан тармактарда биргелешкен кооперациялык долбоорлорду тандоо жана аларды ишке ашырууда финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу;
4.
Евразия рейтингдик агенттикти түзүү жөнүндөгү маселени изилдөө жөнүндө;
5.
Евразия экономикалык биримдигинин интеграцияланган маалыматтык системасынын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги жөнүндө;
6.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2023-жылдын 8-июнундагы № 5 буйругун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө ("вето" коюу механизми);
7.
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы жана жеке курамы жөнүндө;
8.
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын мүчөлөрүнүн кызмат орундарын ротациялоонун механизми жана принциптери жөнүндө;
9.
Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттери тарабынан эл аралык келишимдердин күчүнө кириши жана кол коюлушу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин алкагында түзүлгөн эл аралык келишимдердин долбоорлорун мамлекеттик ички макулдашуу жол-жоболору жөнүндө;
10.
Евразия экономикалык биримдигинин мейкиндигинде туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү өзөктүк энергетиканын жана энергетикалык эмес өзөктүк технологиялардын ролу жөнүндө;
11.
Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташып келүү бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүүнүн стандарттарын кайра карап чыгуу жөнүндө;
12.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын 21-июнундагы № 11 буйругун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө;
13.
Навигациялык пломбаларды колдонуунун тартиби жөнүндө;
14.
Бодо малдын этинин айрым түрлөрүнө карата Бажы биримдигинин комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
15.
Электр кыймылдаткычы бар автотранспорт каражаттарынын айрым түрлөрүнө карата Бажы биримдигинин комиссиясынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;
16.
Сериялык продукциянын келип чыгышы жөнүндө сертификаттын жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө;
17.
Жогорку Евразия экономикалык кеңешине 2015-жылдын 16-октябрындагы № 22 Чечиминин 4-пунктуна ылайык түзүлгөн тобокелдик профилдери колдонулган товарларды бажылык декларациялоо практикасына мониторинг жүргүзүү боюнча отчётту берүү жөнүндө;
18.
Евразия экономикалык биримдигинин электр энергетикасынын жалпы рыногунда электр энергиясын өз ара соодалоонун эрежелерин бекитүү тууралуу;
19.
Евразия экономикалык биримдигинин электр энергиясынын жалпы рыногунда мамлекеттер аралык участоктордун кубаттуулугун аныктоо жана бөлүштүрүү эрежелерин бекитүү тууралуу;
20.
2022-жылы Евразия экономикалык биримдигинин мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рынокторун түзүүнүн жүрүшү тууралуу отчёт;
21.
2022-жылы Евразия экономикалык биримдигинин жалпы газ рыногун түзүүнүн жүрүшү тууралуу отчёт;
22.
Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан ташылып чыгуучу товарлардын келип чыгышын аныктоонун макулдашылган системасы тууралуу макулдашуунун долбооруна кол коюу жөнүндө;
23.
Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин мекемелеринин (уюмдарынын) тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, анын негизинде мүчө мамлекеттерде асыл тукум мал чарбасы жаатындагы селекциялык-асыл тукум иштерин аналитикалык камсыз кылуу жүзөгө ашырылат;
24.
"Евразия экономикалык биримдиктин бюджети жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жогорку Евразия экономикалык кеңештин чечиминин долбоору жөнүндө;
25.
2024-жылы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 10 жылдыгын белгилөө боюнча иш-чаралардын программасын бекитүү тууралуу;
26.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө.
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Бишкектеги КМШ премьер-министрлеринин саммити
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
Жаңылыктар түрмөгү
0