КМШ мүчө-өлкөлөрүн желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
Бишкектеги КМШ премьер-министрлеринин саммити
26-27-октябрда Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары кеңешинин жыйыны өтөт. Ушул эле күндөрү ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны пландаштырылган. 2023-жылы Кыргызстан Шериктештиктин уставдык органдарында төрагалык кылат.

КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси

© Sputnik / Владислав НогайКМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Жазылуу
Жалпы жонунан 20 документке кол коюлду.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бишкекте өткөн КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.
Тизме:
1.
КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумун өткөрүү жөнүндө;
2.
КМШга мүчө мамлекеттердин 2026-жылга чейинки мезгилде геодезия, картография, мейкиндик маалыматтары, геомаалыматтык технологиялар, Жерди аралыктан зонддоо, кадастрдык каттоо жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатында кызматташуусунун мамлекеттер аралык программасы жөнүндө;
3.
КМШга мүчө мамлекеттердин отун-энергетикалык комплексинин тармактарын санариптик трансформациялоо концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги иш-чаралардын планы жөнүндө;
4.
"Уран өндүрүүчү өндүрүш таасирине кириптер болгон мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо" эл аралык максаттуу программасы жөнүндө;
5.
2016-жылдын 28-октябрындагы КМШга мүчө мамлекеттердин тоо-кен металлургия тармагында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча чаралардын комплекси жөнүндө;
6.
КМШга мүчө мамлекеттердин 2030-жылга чейинки инновациялык кызматташтыгынын мамлекеттер аралык программасынын алкагында технологиялык платформалар жөнүндө жобо тууралуу;
7.
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинде 2025-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына даярдык көрүү жана аны майрамдоо боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө;
8.
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинде 2024-жылы Ыктыярчылык кыймыл жылын өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө;
9.
КМШ чемпионаты жөнүндө (чемпионат, кубок);
10.
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин органдарынын ишмердүүлүгүн финансылык камсыздоо жөнүндө:
11.
1979-1989-жылдары Афганстандагы согушта дайынсыз жоголгон аскер кызматкерлерин издөө, сөөк көмүлгөн жерлерди издөө, эксгумациялоо, сөөктөрдү таануу жана аны өз мекенинде жерге берүү боюнча иш-аракеттерди 2020-2024-жылдары улантуу боюнча иш-чараларды 2024-жылы каржылоо жөнүндө;
12.
2021-2025-жылдарга КМШга мүчө мамлекеттерде согуштун ардагерлеринин – локалдык конфликттердин катышуучуларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо сапатын жакшыртуу боюнча мамлекеттер аралык программаны ишке ашыруу боюнча иш-чараларды 2024-жылы каржылоо жөнүндө;
13.
2022-жылы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин абадан коргонуунун биргелешкен системасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражатты пайдалануу жана КМШга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин алдындагы Абадан коргонуу маселеси боюнча координациялык комитетинин ишин камсыз кылуу жөнүндө;
14.
2024-жылы КМШга мүчө мамлекеттердин биргелешкен абадан коргонуу системасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө каражат бөлүү жөнүндө;
15.
КМШ өкмөт башчылар кеңешинин 2007-жылдын 25-майындагы КМШга мүчө-мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун органдарынын ишин жана анын Аткаруучу дирекциясынын максималдуу бөлүгүн финансылык жактан камсыз кылуу жөнүндө чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу;
16.
КМШ органдарынын 2022-жылга бирдиктүү бюджетинин аткарылышы жана 2023 жана 2024-жылдарда КМШ органдарынын ишин финансылык жактан камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө;
17.
КМШга мүчө мамлекеттердин КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетине үлүштүк төгүмдөрүнүн өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө;
18.
КМШ органдарынын 2024-жылга бирдиктүү бюджети жөнүндө;
19.
КМШнын укуктук актыларына КМШ органдарынын ишинин финансылык аспектилерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө:
20.
КМШ органдарынын бирдиктүү бюджети жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;
21.
КМШга мүчө мамлекеттердин КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетине карызын төлөөнүн тартиби жөнүндө;
22.
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган бирдиктүү юбилейлик медаль жөнүндө.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КМШ премьер-министрлеринин кеңири форматтагы жыйынында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Бишкектеги КМШ премьер-министрлеринин саммити
Логистика, соода хабдары, суу. Жапаровдун КМШ премьерлеринин саммитиндеги сөзү
Жаңылыктар түрмөгү
0