ЖМК: АКШ менен Израилде ЦАХАЛ "мүмкүнчүлүгүнүн чегинде" экени айтылды

© AFP / MENAHEM KAHANAИзраилдик армиянын аскерлери Сдерот шаарын патрулдап жатышат
Израилдик армиянын аскерлери Сдерот шаарын патрулдап жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2023
Жазылуу
Газа секторунда боло турган операция бир нече айга созулуп, көп аскер күчүн талап кылары белгиленди.
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) ушу тапта болгон мүмкүнчүлүгүнүн чегинде турганын РИА Новости Vice басылмасына таянуу менен жазды.
Изарилдик аткаминерлерге шилтеме жасалып даярдалган макалада Газа секторунда боло турган операция бир нече айга созулуп, көп аскер күчүн талап кылары айтылган. Ал эми АКШнын жогорку кызматтагы адамдары, ошол эле ЦАХАЛдын өзүнүн өкүлдөрү да Израиль армиясы "болгон мүмкүнчүлүгүнүн чегинде" турганын белгилешкен.
"Биз азыр бир жарым фронтто салгылашып жатабыз, ХАМАСтын террордук операциясынын ийгилиги ушуга да байланыштуу болду... Газанын тышында турушу керек болгон жоокерлер Батыш жээкте жайгашып, калктуу конуштарды коргошту", — деген аткаминердин сөзү келтирилди.
Ал Батыш жээкте кырдаал азыркыдан да курчуп кетиши мүмкүн экенин белгиледи.
Америкалык чиновник стратегиялык артыкчылык азыр Ливандын "Хезболлах" кыймылында экенине, Израиль Газа секторунан болуп жаткан чабуулга каршылык көрсөтүүгө, "Хезболлах" менен Ирандын кадамдарын көңүлгө алууга мажбур болуп жатканына токтолгон.

Израиль — Палестина жаңжалы

7-октябрь күнү эртең менен Израиль ХАМАС аскердик канаты жарыялаган "Аль-Акса топон суусу" операциясынын алкагында Газа сектору тараптан болуп көрбөгөндөй чабуулга дуушар болгон. Ракеталык соккулардан кийин уюмдун жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк чегине кирип барган.
Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги ишемби күнү Газа секторунда тирешүүдөн каза болгондордун саны 4 385 адамга жеткенин кабарлаган, 13 миңден ашуун тургун жарадар болгон. Ал эми Израилде, жергиликтүү бийликтин берген маалыматы боюнча, 1300дөн ашуун адам көз жумду.
Россия президенти Владимир Путин Жакынкы Чыгыштагы кризис БУУнун Коопсуздук кеңеши 1967-жылы бекитип берген "эки мамлекеттүүлүк" формуласынын негизинде гана жөнгө салынышы керек деген позициясын билдирген. Аталган формулада борбору Чыгыш Иерусалимде жайгашкан көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү каралган.

Чоо-жайы

Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндик-израилдик жаңжал ондогон жылдардан бери региондогу кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Израилдин Газа шаарына жасаган соккусунан кийин бир киши жарадар болгон баланы көтөрүп бара жатат  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2023
ЖМК: Газада 2 миңден ашык бала көз жумду
Жаңылыктар түрмөгү
0