ЖМК: Газада 2 миңден ашык бала көз жумду

© AFP / MOHAMMED ABEDИзраилдин Газа шаарына жасаган соккусунан кийин бир киши жарадар болгон баланы көтөрүп бара жатат
Израилдин Газа шаарына жасаган соккусунан кийин бир киши жарадар болгон баланы көтөрүп бара жатат  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2023
Жазылуу
Эл аралык кайрымдуулук уюмдун Палестинадагы директору Жейсон Ли чабуулду тез аранын ичинде токтотууга чакырды.
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. 17 күн ичинде Газа секторунда 2000ден ашык бала көз жумганын РИА Новости эл аралык кайрымдуулук Save the Children уюмунун маалыматына таянып кабарлады.
"Газага абадан тынымсыз сокку урулуп, миңдеген имарат урандыга айланууда. Мындан улам бул аймакта кеминде 2 миңдей бала набыт болсо, Иордан дарыясынын батыш жээгинде 27 бала каза тапты", — деп жазылат маалыматта.
Save the Children уюмунун Палестинадагы директору Жейсон Ли чабуулду тез аранын ичинде токтотууга чакырды.
"Балдардын өмүрүн сактап калуу үчүн биз бардык тарапты чукул чара көрүүгө, эл аралык коомчулукту бул аракеттерди колдоого чакырабыз. Балдар өмүрүн сактап калуу үчүн зомбулукту токтотуу керек", — деген Ли.

Израиль — Палестина жаңжалы

7-октябрь күнү эртең менен Израиль ХАМАС аскердик канаты жарыялаган "Аль-Акса топон суусу" операциясынын алкагында Газа сектору тараптан болуп көрбөгөндөй чабуулга дуушар болгон. Ракеталык соккулардан кийин уюмдун жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк чегине кирип барган.
Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги ишемби күнү Газа секторунда тирешүүдөн каза болгондордун саны 4 385 адамга жеткенин кабарлаган, 13 миңден ашуун тургун жарадар болгон. Ал эми Израилде, жергиликтүү бийликтин берген маалыматы боюнча, 1300дөн ашуун адам көз жумду.
Россия президенти Владимир Путин Жакынкы Чыгыштагы кризис БУУнун Коопсуздук кеңеши 1967-жылы бекитип берген "эки мамлекеттүүлүк" формуласынын негизинде гана жөнгө салынышы керек деген позициясын билдирген. Аталган формулада борбору Чыгыш Иерусалимде жайгашкан көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү каралган.

Чоо-жайы

Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндик-израилдик жаңжал ондогон жылдардан бери региондогу кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасы. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2023
Кытай БУУну Жакынкы Чыгыштагы абал боюнча ири саммит уюштурууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0