Суу астында калган айылын эстегенде... Манасчы Салимбай Турсунбаевди эскерүү

© Фото / Жылдызбек ТурсунбаевМанасчы Салимбай Турсунбаев
Манасчы Салимбай Турсунбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2023
Жазылуу
Борбордон алыс жашаса да кыргыздын улуттук өнөрүн аздектеген таланттар арбын. Алардын бири манасчы, акын Салимбай Турсунбаев эле. Манасчы аймактын иш-чараларынан калбай, маданиятын көтөрүп, улуу өнөрдү алып жүрүүчүлөрдүн бири болгон.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде манасчы Салимбай Турсунбаевдин уулу, акын Жылдызбек Турсунбаев болду. Биз залкар инсандардын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу маектештик.
— Алгач атаңыздын балалыгынан баштасак...
— Быйыл атамдын дүйнө салганына эки жылдын жүзү болду. Манас угулган жерде кыргыздын маданияты башталат эмеспи. Анысы кандай, атабыз Салимбай Турсунбаев да бүтүндөй өмүрүн манас айтуучулукка арнады. Өзүнүн кесиби башка болчу. Манас дегенде ичкен ашын жерге коюп, Кыргызстандын кайсы булуң-бурчуна чакырса да барып айтчу эле. Балалыгы Токтогулдун Эски-Кайырма деген кыштагында өткөн. Ал кезде Токтогул шаар тибиндеги айыл болсо керек. Өзү 1959-жылы кычыраган кышта жарык дүйнөгө келиптир. Туулуп-өскөн айылын суу басып кеткенин айтып эскерчү.
Асанкалый Керимбаевдин "Көл түбүндө эл жашаган жер калып, / Көркү анын унутулгус ырдалып, / Көп эңсетип балалыктын элесин, /Көп кыз-жигит көк кайыкчан ыргалып" деп ырдаганын укканда көзүнө жаш алган адаты бар эле. Бала кезинен чыбыктан ат кылып минип, көчөнү чаң ызгыта ойногон айылы Токтогул ГЭСинин курулушунда суу түбүндө калган. Өкмөт айылдаштарынын баарын Чоң-Арык айылына көчүрөт. Орто мектепти ошол жерден бүткөн. Балдардын улуусу Калембай чоң атам, андан кийин эле атам үйдүн экинчи баласы болгон. Манасчы болуп кеткенинин себеби тамга тааныгандан баштап эле чоң атабыз уулуна чырактын жарыгында дайыма "Манасты" окутчу экен. Атасы кыйын санжырачы, "Манастын" кайсы эпизоду, кайсы окуясы болбосун, талаша кеткенде көзгө сайып көргөзө билген адам болуптур. Согушка барып, ал жактан колго түшүп калып, 1952-жылы гана кайтып келген. Согуш бүткөндөн кийин да беш-алты жыл абакта жатууга аргасыз болгон. Апааттын каардуу жылдарын, жокчулукту көрөт. Эми бул башка тарых.
© Фото / Жылдызбек ТурсунбаевАкын Жылдызбек Турсунбаев: Атам түшүнө Алмамбет ата киргенин айтып калчу. Түшүндө 40 чоросу менен дүбүрөп Манас ата да бөксө тоону көздөй өтүп бара жатканын көргөн
Манасчи Салимбай Турсунбаев в детстве  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2023
Акын Жылдызбек Турсунбаев: Атам түшүнө Алмамбет ата киргенин айтып калчу. Түшүндө 40 чоросу менен дүбүрөп Манас ата да бөксө тоону көздөй өтүп бара жатканын көргөн
Ошентип атам атасы үйрөткөн обон менен кыраатына салып "Манасты" окуп берчү экен. Ал кичине баланын жан дүйнөсүнө сиңгенби, айтор, 4-5-классынан баштап оолугуп манас айта баштаптыр. Тилекке каршы, атамдын манас айтканын чоң атам көрбөй калган. Атамдын таенеси да чогуу жашап, анын тарбиясы тууралуу атам аябай көп айтчу. Кичинесинде анын манас айтканы айылга тарап, баары "Орозбайдын баласы укмуш айтат экен" деп дуулдап жаткан күндөрдүн биринде атам кырсыктап колун сындырып алат. Ошондо таенеси ырымдап "Манастын аты да оңой эмес, мындан кийин айтпа" деп тыюу салып коюптур. Ошол энесинин аркасы менен эр жетип, ушундай даражаны багындырганын айтып калчу. Кийин бир жылы райондо ыр кесе уюштурулуп, улуулардан бата алып манас айтууга кайрадан белсенип чыккан. Бирок ошол 26 жашына чейин ар кайсы жерлерде иштейт, атасынын жогунан жогорку окуу жайга тапшыра албай калат. Ичиндеги таланты ээ бербей манас айтып, ыр, поэма да жаза баштаган. Жамакчылык жагы да болгон.
— Манасчылар кайыптан аян алганын айтышат. Ушундай окуяларды эскергени барбы?
— Муну касиет десе болот. Өзү да түшүнө Алмамбет ата киргенин айтып калчу. Түшүндө 40 чоросу менен дүбүрөп Манас ата да бөксө тоону көздөй өтүп бара жатканын көрөт. "Бирок бет маңдай эмес, кыйгачтап көрүп калдым. Артынан чуркап барсам өтүп кетишиптир. Мен китепте окугандай эле элестерди көрдүм. Алмамбет баатыр артта калып, аты окуранып, бир топко чейин мени карап турда да, анан бурулуп, топко кошулуп чаап кетти" дечү. Эпостогу каармандардын ичинен Азизхандын Алмамбетин аябай жакшы көрүп, анын сүрөттөлүшүн, окуясын, кантип Кытайдан качып келгенин, Көкчө менен кандайча душмандашып калганын айтчу. Чоң атамдын китепти көп окутканынанбы, кыргыз-орус адабиятындагы том-том китептер азыркыга чейин үйдө турат. Атамдын үй музейин курсакпы же Мамлекеттик тарых музейиниен бир кичине жер алып, ошол жерге бурч уюштурсакпы деген ойлорубуз бар. Атам Манастын бардык вариантын баштан-аяк окуп, ал эмес эпосту изилдөөчүлөрдүн Манас тууралуу башка китептерин, Жусуп Мамайдын, Сагынбай Орозбаковдун, Саякбай Каралаевдин варианттарын окуп изденчү. Азыркы манасчылар да атамдын манас айтканда уйкаштыкты келтиргенин, окуяны бузбаганын белгилешет. Өзүнүн да вариантын иштеп чыккан. Көзү тирүүсүндө аны чыгара албай калганыбызга арман кылып келебиз. Былтыр "Манас" академиясынын жардамы менен атабыздын иштеп чыгуусундагы "Чоң казат" бөлүмүнүн 6 000 саптан турган варианты эл-журтка тартууланды.
© Фото / Жылдызбек ТурсунбаевАкын Жылдызбек Турсунбаев: Атабыз иши менен кошо бош убактысы болсо эле чыгармачылык менен алектенчү. Устачылыгы да бар эле. Жумшак жыгач тапса эле макисин алып чыга калып, кыргыздын оймолорун түшүрүп, темирден кылыч чаап жиберген уста болгон
Манасчи Салимбай Турсунбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2023
Акын Жылдызбек Турсунбаев: Атабыз иши менен кошо бош убактысы болсо эле чыгармачылык менен алектенчү. Устачылыгы да бар эле. Жумшак жыгач тапса эле макисин алып чыга калып, кыргыздын оймолорун түшүрүп, темирден кылыч чаап жиберген уста болгон
— Кесиби боюнча энергетик экен. Чыгармачыл адам кандайча бул кесипти аркалап калды?
— Аскерге кеткенге чейин Токтогулдан Кара-Көл шаарына иш издеп келген экен. Ал жакта бир аз иштегенден кийин эле аскерге чакырылат. Атам айткандай, ал кишиге Кара-Көлдүн тузу оор болду. Шаарга канча чакырсам да айылдан чыккысы келбеди. Көп иш-чараларга катыша албай калды. Филармониядагы концертте да жолу алыс болгондуктан атамдын ордун башкага алмаштырып койгон учурлар болду. Ишине карап да келе алчу эмес. Себеби стартегиялык объект катары эсептелген Токтогул ГЭСинин орчундуу жеринде эмгектенчү. Канча ирет көчүрүп келүүгө аракет жасап көрдүм, бирок келбеди. Аскерден келгенден кийин эле Кара-Көлгө барып, кандай иш болсо да жанталашып иштейт. Атасы жок баланы бирөө эле "келе гой" демек беле? Ошентип жүрүп Токтогул ГЭСинде иштеп калгандыктан кесиби энергетик катары жазылып калды. Алгач өрт өчүрүү жагында иштеген. Бир мектептин чатыры күйүп жатканда барып калып, ошол жердеги 11-класстын балдарын чыгарып жатып апабызды көрүп калат. Кийин издеп келип таанышат. Ошону менен экөө баш кошуп, төрт уул, бир кыздын ата-энеси болушкан. Негизинен курулуш тармагында абдан көп иштеди.
Атабыз иши менен кошо бош убактысы болсо эле чыгармачылык менен алектенчү. Устачылыгы да бар эле. Жумшак жыгач тапса эле макисин алып чыга калып, кыргыздын оймолорун түшүрүп, темирден кылыч чаап жиберген уста болгон. Шаарга келсе да неберелерине темир-тезектен ар кандай мылтык, кылычтарды жасап берчү. Балдар да "чоң атам абдан кыйын киши, ушундай нерселерди сиз эмес, чоң атам жасап берет" деп суктанчу. Ал кишинин кышты кынаптап койгону, дубалды шыбаганы, үйдү чатырлаганы да сонун эле. Кийин евроремонт келгени туш кагаз чаптаганды да өзү үйрөнүп алды. Колу ушундай шыктуу, шайма-шай киши эле. Анан айылда кандай иш кылса да күпүлдөп манас айтып жүрчү. Үйдө үстүнө пластинка коё турган аппараты бар эле, аны алып чыгып кечке манас койчу. Эң көп Саякбай Каралаев, Уркаш Мамбеталиев, Шаабай Азизовдорду айлантып эле уга берчү. Мунун баары каныма сиңип калыптыр. Азыр ошол саптарды жатка билем. Атам ушундай ар кыл өнөрдүн ээси болчу.
© Фото / Жылдызбек Турсунбаев Акын Жылдызбек Турсунбаев: Атам өтө мээримдүү, кенен, колу ачык, кыраакы, ошол эле учурда темирдей тартипти сактаган адам эле
Манасчи Салимбай Турсунбаев с женой  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2023
Акын Жылдызбек Турсунбаев: Атам өтө мээримдүү, кенен, колу ачык, кыраакы, ошол эле учурда темирдей тартипти сактаган адам эле
— Адамды анын адаты, мүнөзү калыптандырат эмеспи. Үйдө жолдош, ата катары кандай адам эле?
— Атам өтө мээримдүү, кенен, колу ачык, кыраакы, ошол эле учурда темирдей тартипти сактаган адам эле. Бекем мүнөзү чоң атамдан келсе керек. Атасы эрте өтүп кетсе да андан көргөндөрүн бизге айтып берип, "раматылык атам" деп калчу. Ал киши согуш көргөндүктөнбү, бекемдиги, өжөрлүгү бар экен. Атам да "эркек киши өжөр болуш керек. Таарынбайт" дечү. Тамакка таарынган адамдарды жаман көрчү. Апама абдан жакшы мамиле жасачу. Бизге дагы "мага кылган мамилеңердин эң бийиги — апаңарды сыйлаганыңар. Бирөөңөрдүн апаңарды ыйлатканыңарды көрсөм таарынбагыла" дечү. Чынында атабыздын айтканы бизге мыйзам, жоктон бар, бардан жок кылган адам.
1989-жылдары кыйын заманда да бизди эч нерседен кем кылбады. Абдан эмгекчил инсан эле. Балдарын уктатканда да кенже эпостордон айтып уктатчу. "Курманбекти" укмуш айтчу.
© Фото / Жылдызбек Турсунбаев Акын Жылдызбек Турсунбаев: "Апа" деген ыр жазып, атама окуткандан уялып, агайга көргөзсөм мактады. Андан кийин атама окуттум, сүйүнүп, насаатын айткан
Манасчи Салимбай Турсунбаев с сыном - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2023
Акын Жылдызбек Турсунбаев: "Апа" деген ыр жазып, атама окуткандан уялып, агайга көргөзсөм мактады. Андан кийин атама окуттум, сүйүнүп, насаатын айткан
— Чыгармачылык менен басып-туруп жүрүп эле алектенчү окшойт...
— "Илхам күтүп жата берген адамдарга таң калам" дечү. Көптөгөн мугалимдер, маданият үйүндө иштегендер, мэриянын маданият кызматкерлери ар кандай даталуу күндөрү иш-чаранын программасын, саламдашуусун, сценарийлерин жаздырышчу. Ортодо маданий тармакта иштей калды. Ушуга чейин ошол сценарийлер, атамдын ырлары дагы эле колдонулса керек. Ал үчүн калем акы да сурачу эмес. Менимче, эргүүсү эртең менен келип, керемет ырларды жазчу окшойт. Токтогул ГЭСиндеги иш ордунда да суунун шарпылдаган үнүн угуп иштесе керек. Бирок атам өзүн акын катары эсептечү эмес. Жогорку окуу жайын бүтүрбөсө да кыргыз тилиндеги эрежелерди, уйкаштыкты, чыгармаларды, уңгу-мүчөнү мыкты билчү. Ошол билимине таң калчумун. Окуп, мугалим болушун айтсам күлүп койчу. Айылга чыгармачыл адамдар келгенде уктабай, алар менен канча болсо да жүрө берчү. Мен да атамды ээрчип алчумун. Ошолордун сүйлөшкөн сөздөрү, талкуусу, залкарлардын чыгармаларын угуу бүгүнкү жашообузга чырак экен да. Бир ирет Асанкалый Керимбаев келди. Балалык менен анын кандай адам экенин аңдабайсың, бирок аккордеонуна таң калып, көл-шал түшө ырдаганынан көз айырбай отурдук. Бара-бара борбордон чыгармачыл адамдар өздөрү атамды издеп келишчү болду. Атам да алардан эргүү алчу окшойт, көзү нурданып, өзү шаңданып калар эле.
— Кийин акындыгыңызга кандай баа берди?
— Мен алгач 14 жашымда ыр жаздым. Кыргыз тили сабагында "беш мүнөттүк поэзия" деген рубрика бар эле. "Апа" деген ыр жазып, атама окуткандан уялып, агайга көргөзсөм мактады. Андан кийин атама окуттум, сүйүнүп, насаатын айтты. Ырдын аягын жыйынтыктай албай калган адатым бар эле. Ошол жерден атам жардам берчү. Атамдын айтуусу менен көп китеп окудум. Ыр жазып бүтөрүм менен атама окутчумун, азыр ушул жактан аксап жүрөм. Апама окутам. Ал киши да чыгармачылыкты түшүнгөн жан. Атам акыркы кезде өзү жазган ырларын мага талдатканы жөнөтүп калчу.
© Фото / Жылдызбек ТурсунбаевАкын Жылдызбек Турсунбаев: Атам маданияттын мыкты кызматкери болду. Бирок совет доорунун тарбиясын алгандыктан жутунбайт, чынчыл. Бардыгы өз орду менен болушу керек. Атамдын бир кырс мүнөзү бар эле. "Жасабайм" дегенин жасачу эмес.
Манасчи Салимбай Турсунбаев с бывшим президентом КР Алмазбеком Атамбаевым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2023
Акын Жылдызбек Турсунбаев: Атам маданияттын мыкты кызматкери болду. Бирок совет доорунун тарбиясын алгандыктан жутунбайт, чынчыл. Бардыгы өз орду менен болушу керек. Атамдын бир кырс мүнөзү бар эле. "Жасабайм" дегенин жасачу эмес.
— Атаңыз бир канча ирет манасчылык жаатында баш байгелерди алыптыр. Бирок өзү президенттин Ардак грамотасы менен гана чектелиптир да...
— Атама караганда азыркынын балдары, биз, сыйлыкка жүгүрдүк. "Ата, канча жылдан бери манас айтып жүрөсүз. Эмгектериңиз бааланышы керек" деп көп айттым. Маданияттын мыкты кызматкери болду. Бирок совет доорунун тарбиясын алгандыктан жутунбайт, чынчыл. Бардыгы өз орду менен болушу керек. Атамдын бир кырс мүнөзү бар эле. "Жасабайм" дегенин жасачу эмес. "35 жыл тоодо, ойдо, кырда, үңкүрдө, ар кандай иш-чаралардын баарында манас айттым. Мамлекет манасчысын өзү баалагысы келсе барктап алсын, мен ар кимге чуркап, бармак басты, көз кысты кылып сыйлык алгым келбейт" деп койду.
Каза болгондо да жаназага турган киши батпай калды. Атам 9 жаштагы балдардан баштап, 90 жаштагы карыяларга чейин тамашалашып дос эле. Аксакалдардын кебин угуп, аларга жаңылыктарды айтып берсе, балдарга анекдот айтып берип койчу. Абдан жөнөкөй жан болчу.
СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бакен Кыдыкеева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2023
Ак сөөктүгүнөн жазбаган Бакен Кыдыкееваны эскерүү. Актрисанын 100 жылдыгы
Жаңылыктар түрмөгү
0