Эрдоган Израилди Газа секторуна карата чабуулду тезинен токтотууга чакырды

© AFP / ADEM ALTANТүркиянын мамлекет башчысы Реджеп Тайип Эрдоган
Түркиянын мамлекет башчысы Реджеп Тайип Эрдоган  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2023
Жазылуу
Түркиянын мамлекет башчысы Израилдин Газага карата чабуулдарын геноцидге тең деп сыпаттаган.
БИШКЕК, 20-окт. – Sputnik. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Израилден Газа секторуна чабуулду тезинен токтотууну талап кылат. Бул тууралуу Түркия лидери социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Эрдоган билдирүүсүндө балдарды, аялдарды, жай жашоочуларды өлтүрүү менен Газа секторуна жасалып жаткан чабуулдун кеңейүүсү дагы көп адамдын өмүрүн кыйып, дагы көптөгөн көз жаштан башка эч нерсе алып келбей тургандыгын белгилеген.
"Оорукана, мектеп, мечит жана чиркөөлөрдү жардыруу менен коопсуздукту камсыздоо мүмкүн эмес. Биздин аймак Батыштын жалпыга маалымдоо каражаттары легитимдүүлүгүн жактаган, Батыш колдоп жаткан бул акылга сыйгыс нерседен мүмкүн болушунча тезирээк кутулушубуз керек. Мен бардык мамлекеттерди жана эл аралык уюмдарды Газа секторуна ок чыгарууларды тезинен токтотуу демилгесин колдоого чакырам. Кайталап айтам, биз Израиль администрациясын жай жашоочуларга карата чабуулун жана тукум-курут кылууга барабар болгон операцияларын токтотууга чакырабыз", — деген Эрдоган.
7-октябрь күнү эртең менен Израиль ХАМАС аскердик канаты жарыялаган "Аль-Акса топон суусу" операциясынын алкагында Газа сектору тараптан болуп көрбөгөндөй чабуулга дуушар болгон. Ракеталык соккулардан кийин уюмдун жоокерлери Израилдин түштүк чегине кирип барган.
Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Эки тараптан тең каза болгондордун саны миңден ашып, бир нече миңи жаракат алган.
Россия президенти Владимир Путин Жакынкы Чыгыштагы кризис БУУнун Коопсуздук кеңеши 1967-жылы бекитип берген "эки мамлекеттүүлүк" формуласынын негизинде гана жөнгө салынышы керек деген позициясын билдирген. Аталган формулада борбору Чыгыш Иерусалимде жайгашкан көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү каралган.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндик-израилдик жаңжал ондогон жылдардан бери региондогу кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2023
БУУнун Коопсуздук кеңеши милдетин аткара алган жок. Эрдоган Газа тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0