Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция
Жалал-Абадда Россия-Кыргыз аймак аралык Х конференция өтөт. Эки өлкөнүн өкүлдөрү соода, туризм жаатындагы долбоорлорду финансылоону талкуулайт. Андан сырткары, бизнес-сессия, көргөзмө пландалган.

Кыргызстан ишенимдүү өнөктөш! Садыр Жапаров россиялык бизнеске кайрылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКР президенти Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт
КР президенти Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жазылуу
Жапаров эки тараптуу аракеттердин арты менен элдердин бакубат жашоосу үчүн жаңы идеялар менен долбоорлор ишке ашарына ишенерин белгиледи.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын региондорунун кызматташуусу — эки тараптуу мамилелердин ажырагыс бөлүгү жана негизи. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
Өлкө башчы Жалал-Абадда өтүп жаткан Россия-кыргыз региондор аралык X конференциясында видеобайланыш аркылуу сүйлөдү.
"Региондор аралык конференциянын форматы салтка айланып, өзүнүн актуалдуулугун жана зарылдыгын көрсөттү. Кыргызстандын облустары менен Россиянын субъектилеринин диалогу — бул эки өлкөнүн көп пландуу кызматташуусун өстүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Сиздердин конференцияга катышып жатканыңыздар энергетика, айыл чарба, өнөр жай жана туризм сыяктуу тармактардагы бирдиктүү долбоорлорду ишке ашырууга кызыгууңуздар бар экенинен кабар берет", — деди Жапаров.
Өлкө башчы бүгүнкү күндө өнөр жай тармагына заманбап жана инновациялык технологияларды киргизүү тапшырмасы турганын белгиледи.
"Региондор аралык конференциянын платформасы өкмөттөр аралык комиссия жана бирдиктүү өнүктүрүү фонду менен биргеликте соода-экономикалык мамилелерди чыңдоого, масштабдуу долбоорлор үчүн инвестицияларды тартууга ниеттенүүдө", — деди президент.
Жапаров эки тараптуу аракеттердин арты менен элдердин бакубат жашоосу үчүн жаңы идеялар менен долбоорлор ишке ашарына ишеним артты.
"Дагы бир ирет белгилеп кетейин, тараптардын кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнүн келечеги жогору. Өз өлкөмдүн динамикалык жана туруктуу өнүгүшүн жактаган мамлекет башчы катары россиялык ишкерлерди Кыргызстанды ишенимдүү өнөктөш катары кароого жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырам", — деди Жапаров.
Президент конференциянын жыйынтыгы эки тараптуу мамиленин бардык багыттарынын өнүгүшүнө чоң түрткү берерине ишенерин кошумчалады.
Конференциянын жыйынтыгы менен 3,5 миллиард долларлык документтерге кол коюлушу күтүлүп жатат. Россия менен Кыргызстандын өкүлдөрү кызматташуу, долбоорлорду каржылоо, соода, туризм жана ритейл тармактары боюнча талкуу жүргүзүшүүдө. Программа өнөр жай объектилерин кыдырууну, Россия менен Кыргызстандын региондорунун "Достук" паркына капсула салуу аземин, көргөзмө жана бизнес-сессияларды камтыйт.
Иш-чара эки өлкөнүн алакасын бекемдөөнү көздөйт.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция
Акылбек Жапаров КР менен РФтин биргелешкен ишинин жыйынтыгын чыгарды
Жаңылыктар түрмөгү
0