Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция
Жалал-Абадда Россия-Кыргыз аймак аралык Х конференция өтөт. Эки өлкөнүн өкүлдөрү соода, туризм жаатындагы долбоорлорду финансылоону талкуулайт. Андан сырткары, бизнес-сессия, көргөзмө пландалган.

Россия-кыргыз регион аралык конференциясы: кол коюлган келишимдер

© Фото / ERGESH ZHUSUBALIEVРоссийско-кыргызская межрегиональная конференция в Джалал-Абаде
Российско-кыргызская межрегиональная конференция в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жазылуу
Тараптар башкасын айтпаганда Кыргызстанда балык чарбасын, шамал электр станциясын ачууну жана көмүр кенин ишке киргизүүнү макулдашты.
ЖАЛАЛ-АБАД, 11-окт. — Sputnik. Россия-кыргыз аймак аралык конференциясынын пленардык жыйынынын жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдерге кол коюлду.
Документтердин тизмеси:
"Бишкек штамптоо заводу" мамлекеттик ишканасынын өндүрүш линиясын модернизациялоо;
Юридикалык жактардын өндүрүш бирикмесин түзүү;
Жалал-Абад облусуна 2,3 миллиард долларга 660 мегаваттык көмүр-жылуулук электростанциясын куруу жана 79 миллион доллар сарптап көмүр кенин иштетүү;
100 миллион долларга Ысык-Көл облусуна кубаттуулугу 100 мегаваттык шамал электр станциясын куруу;
Бишкекте 150 миллион долларга чейинки инновациялык медициналык класстер түзүү;
Талас облусуна 42 миллион долларга чейин 29 мегаваттык чакан ГЭС куруу;
Жалал-Абад облусуна 100 миллион долларга чейин балык чарбасын түзүү;
Ысык-Көл облусуна 270 миллион долларга чейин күн электр станциясын куруу.
Конференция Жалал-Абадда өттү. Кыргызстан менен Россиянын өкүлдөрү кызматташуу, долбоорлорду каржылоо, соода, туризм жана ритейл боюнча маселелерди талкуулашты. Программада өнөр жай объектилерин кыдыруу, Россия менен Кыргызстандын аймактарынын Достук сейил багынын курулушун көрүү, көргөзмө жана бизнес-сессиялар камтылган. Иш-чара Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган.
Жалал-Абаддагы КР менен РФтин аймактар аралык конференциясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция
Россия-кыргыз регион аралык конференция аяктап, келишимдер түзүлдү, алака бекемделди
Жаңылыктар түрмөгү
0