Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция
Жалал-Абадда Россия-Кыргыз аймак аралык Х конференция өтөт. Эки өлкөнүн өкүлдөрү соода, туризм жаатындагы долбоорлорду финансылоону талкуулайт. Андан сырткары, бизнес-сессия, көргөзмө пландалган.
Жалал-Абаддагы КР менен РФтин аймактар аралык конференциясы - Sputnik Кыргызстан

Жалал-Абаддагы КР менен РФтин аймактар аралык конференциясынан онлайн-репортаж

Жазылуу
Иш-чара эки өлкөнүн алакасын бекемдөө максатын көздөйт.
Жалал-Абадда Россия-кыргыз аймактар аралык конференция башталды. Эки өлкөнүн аткаминерлери менен бизнесмендери кызматташууну, долбоорлорду каржылоону, туризм, соода жана ритейл багыттарын талкуулоо үчүн чогулушту. Программа өнөр жай объектилерин кыдырууну, Россия менен Кыргызстандын региондорунун "Достук" паркына капсула салуу аземин, көргөзмө жана бизнес-сессияларды камтыйт.
Конференция Кыргызстан менен Россия футбол командаларынын жолдоштук беттеши менен жыйынтыкталмакчы. Иш-чара эки өлкөнүн алакасын бекемдөөгө арналган.
Жалал-Абадда Россия-кыргыз аймактар аралык конференция ишин баштады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция
Жалал-Абадда Россия-кыргыз аймактар аралык конференция ишин баштады
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
18:20 11.10.2023
Товарищеский турнир по футболу между командами регионов России и Кыргызстана в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын футбол командаларынын жолдоштук турнири башталды
Оюн 30 мүнөткө созулат (эки тайм 15 мүнөттөн). Таймдардын ортосунда беш мүнөттүк эс алуу болот. Командалар аткаминерлер менен бизнесмендерден куралды.
17:05 11.10.2023
Бүгүнкү күндө Россия Кыргызстандын экономикасынын салттуу жана туруктуу соода-экономикалык өнөктөшү бойдон калууда. Соода жүгүртүүнүн көлөмү боюнча Кытайдан кийинки экинчи орунду ээлейт. 2018-2022-жылдарга Россия менен өз ара сооданын көлөмү эки эсеге өскөн. Статистика боюнча 2022-жылы Кыргызстан-Россия ортосундагы соода жүгүртүү 50,8 пайызга өстү. Бул маалыматтар Жалал-Абадда өткөн аймак аралык X конференцияда айтылды.
16:49 11.10.2023
"Росатом" компаниясы Кыргызстанда шамал менен иштеген электр станция курууну пландап жатат
Бүгүн "Росатомго" караштуу"НоваВинд" компаниясынын башчысы Григорий Назаров менен Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башчысы Артем Новиков Ысык-Көлдө шамал менен иштеген электр станция куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюшту.
РКӨФ башчысы мурдараак фонд Кыргызстандагы электр энергия тартыштыгын азайтуу үчүн инвесторлорду тартууга басым жасап жатканын билдирген эле.
16:08 11.10.2023
Доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция
РКӨФ түптөлгөндөн бери 580 млн. долларлык инвестициялык долбоорлорду ишке ашырды
Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөндөн бери 580 миллион долларлык 3 360 долбоорду каржылаган. Аталган уюм ушул тапта дагы 150 миллион долларлык инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып жатат.
15:19 11.10.2023
Жалал-Абадда Россия-кыргыз аймактар аралык X конференцияда алдын ала эсептөөлөр боюнча миллиард доллардан ашык суммадагы келишимге кол коюлду. Бул туурасында РКӨФ төрагасы Артем Новиков билдирди.
13:39 11.10.2023
Кыргызстанда бүгүнкү күндө чет элдик инвесторлорго түзүлгөн шарттар кыйла жакшырды. Бул туурасында айткан Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков кепилдиктин сапатын да белгилеген. "Мурдагыга караганда чет элдик инвесторлорго болгон мамлекеттин кепилдиги күчөдү, инвестициялык жана ишкер визаларды алуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейди", - деген ал.
13:28 11.10.2023
Россия Кыргызстандын евразиялык интеграцияга кошкон салымын жогору баалайт
Мындай пикирин Россиянын вице-премьери Алексей Оверчук Жалал-Абаддагы конференцияда билдирди.
Ал 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта Кыргызстанда курулуп жаткан россиялык мектептердин ичинен үчөө пайдаланууга берилерин айтты.
"Кыргызстандын евразиялык интеграцияга кошкон салымын жогору баалайбыз. Россиянын ЕАЭБ мамлекеттери менен тышкы соода айлантуусу Кыргызстандын биримдикке кирген мезгилинен тарта эки эсеге өстү", — деди Оверчук.
13:17 11.10.2023
Садыр Жапаров Кыргызстан менен Россиянын региондорунун кызматташуусу — эки тараптуу мамилелердин ажырагыс бөлүгү жана негизи экенин айтты.
Ал Жалал-Абадда өтүп жаткан Россия-кыргыз региондор аралык X конференциясында видеобайланыш аркылуу сүйлөдү.
Президент төмөнкүлөргө токтолду:
Конференциянын жыйынтыгы эки тараптуу мамиленин бардык багыттарынын өнүгүшүнө чоң түрткү берерине ишенем;
Региондор аралык конференциянын форматы салтка айланып, өзүнүн актуалдуулугун жана зарылдыгын көрсөттү;
Кыргызстандын облустары менен Россиянын субъектилеринин диалогу — бул эки өлкөнүн көп пландуу кызматташуусун өстүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк.
"Сиздердин конференцияга катышып жатканыңыздар энергетика, айыл чарба, өнөр жай жана туризм сыяктуу тармактардагы бирдиктүү долбоорлорду ишке ашырууга кызыгууңуздар бар экендигинен кабар берет", — деди Жапаров.
13:07 11.10.2023
Жалал-Абад конференциясынын жыйынтыгы менен 3,5 миллиард долларлык документтерге кол коюлмакчы.
13:03 11.10.2023
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абадда өтүп жаткан Россия-кыргыз аймак аралык Х конференциясында Россия Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү 3,4 миллиард долларга жеткенин белгиледи.
12:52 11.10.2023
12:46 11.10.2023
РФ лидери Владимир Путин россия-кыргыз аймак аралык конференциянын катышуучуларына кайрылды
Негизги учурлары:
Аймак аралык кызматташуу Россиянын көп субъектилери менен Кыргызстандын жети облусун камтыйт;
Соода жана өнөр жай жаатындагы өз ара кызматташуунун өсүшүнө Кыргызстандын ЕАЭБге кириши түрткү болгонуна бардыгыңыздар макул болсоңуздар керек;
Россия билим берүүнүн өр алышына да жардам кылып, жакынкы аралыкта Кыргызстанга тогуз мектеп куруп берет. Өлкөдө россиялык ЖОЖдордун филиалдары ачылууда.
12:25 11.10.2023
Кыргызстан менен Россиянын президенттери Садыр Жапаров жана Владимир Путин Жалал-Абадда өтүп жаткан россия-кыргыз аймак аралык конференцияны ачышты.
12:09 11.10.2023
Жалал-Абадда Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын "Достук" паркынын курулушунун капсуласын салышты
Салтанатка Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен РФ өкмөтүнүн жетекчисинин орун басары Алексей Оверчук катышты. Эскиздин бет ачарын Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков өткөрдү.
11:49 11.10.2023
Трактор жыйноочу цехтин жумушчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция
Кыргызстанда трактор өндүрүшүн кантип жолго салса болору айтылды
11:03 11.10.2023
Российско-кыргызская межрегиональная конференция в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
Береги илинип турган кыз-келиндердерге тиешелүү буюмдар жергиликтүү уздардын колунан чыккан.
11:01 11.10.2023
Российско-кыргызская межрегиональная конференция в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
11:00 11.10.2023
Көргөзмөдөн жергиликтүү компаниялардын табигый, экологиялык жактан таза азыктарын көрүүгө болот.
10:59 11.10.2023
Российско-кыргызская межрегиональная конференция в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
Жаңылыктар түрмөгү
0