Жапаров БА жана АКШ саммитинде Кыргызстандын артыкчылыгы эмнеде экенин айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Первый Саммит глав государств "Центральная Азия и США" в Нью-Йорке
Первый Саммит глав государств Центральная Азия и США в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2023
Жазылуу
АКШ президенти БА мамлекеттеринин башчылары менен мындай деңгээлде биринчи жолу жолугушууда.
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) Борбор Азия жана АКШ мамлекет башчыларынын биринчи саммитинин ишине катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тарыхта алгачкы ирет өтүп жаткан бул жолугушууга Борбордук Азия мамлекеттеринин лидерлери — Касым-Жомарт Токаев, Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов, Шавкат Мирзиёев жана АКШнын президенти Жо Байден катышкан.
Президент Жапаров өз сөзүндө тараптар ортосунда күн тартиби жана талкууланып жаткан маселелердин чөйрөсү кеңейип жатканын белгиледи. Анын айтымында, Америка Кошмо Штаттары менен, анын ичинде С5+1 форматында кызматташуу өлкөнүн тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) Борбор Азия жана АКШ мамлекет башчыларынын биринчи саммитинин ишине катышты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) Борбор Азия жана АКШ мамлекет башчыларынын биринчи саммитинин ишине катышты - Sputnik Кыргызстан
1/3

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) Борбор Азия жана АКШ мамлекет башчыларынын биринчи саммитинин ишине катышты

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Тарыхта алгачкы ирет өтүп жаткан бул жолугушууга Борбордук Азия мамлекеттеринин лидерлери — Касым-Жомарт Токаев, Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов, Шавкат Мирзиёев жана АКШнын президенти Жо Байден катышкан.

Тарыхта алгачкы ирет өтүп жаткан бул жолугушууга Борбордук Азия мамлекеттеринин лидерлери — Касым-Жомарт Токаев, Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов, Шавкат Мирзиёев жана АКШнын президенти Жо Байден катышкан. - Sputnik Кыргызстан
2/3

Тарыхта алгачкы ирет өтүп жаткан бул жолугушууга Борбордук Азия мамлекеттеринин лидерлери — Касым-Жомарт Токаев, Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов, Шавкат Мирзиёев жана АКШнын президенти Жо Байден катышкан.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президент Жапаров өз сөзүндө тараптар ортосунда күн тартиби жана талкууланып жаткан маселелердин чөйрөсү кеңейип жатканын белгиледи.

Президент Жапаров өз сөзүндө тараптар ортосунда күн тартиби жана талкууланып жаткан маселелердин чөйрөсү кеңейип жатканын белгиледи. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Президент Жапаров өз сөзүндө тараптар ортосунда күн тартиби жана талкууланып жаткан маселелердин чөйрөсү кеңейип жатканын белгиледи.

1/3

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) Борбор Азия жана АКШ мамлекет башчыларынын биринчи саммитинин ишине катышты

2/3

Тарыхта алгачкы ирет өтүп жаткан бул жолугушууга Борбордук Азия мамлекеттеринин лидерлери — Касым-Жомарт Токаев, Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов, Шавкат Мирзиёев жана АКШнын президенти Жо Байден катышкан.

3/3

Президент Жапаров өз сөзүндө тараптар ортосунда күн тартиби жана талкууланып жаткан маселелердин чөйрөсү кеңейип жатканын белгиледи.

"Бул формат өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдөөгө, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоого, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталышы керек деп эсептейм. Дүйнөлүк экономика коронавирустук пандемиянын терс таасиринен толук калыбына келе электе эле жаңы соккуларга жана туруксуздукка туш болду. Менин көз карашымда, мындай кризистик шарттарда, биринчи кезекте азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту, макроэкономикалык туруктуулукту жана региондогу социалдык туруктуулукту камсыз кылуу маселелери Борбор Азия мамлекеттеринен артыкчылыктуу көңүл бурууну жана координацияланган ишмердүүлүктү талап кылат", — деди Жапаров.
Президент региондогу өлкөлөр жаратылыш байлыктарына, энергетикалык ресурстардын жана пайдалуу кендердин ири запастарына, ошондой эле квалификациялуу жумушчу күчүнө ээ экендигин белгиледи.
"Биз чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн, анын ичинде америкалык бизнестин биздин өлкөдө жана региондо кеңири катышуусун жактайбыз. Биз "жашыл" экономика, гидроэнергетика, IT-технология, жумуш менен камсыз кылуу жана билим берүү сыяктуу негизги багыттар боюнча кеңири эл аралык кызматташууга даярбыз. Бизде өнөр жай, айыл чарба, ирригация, транспорттук-логикалык система чөйрөсүндө, инфраструктуралык долбоорлорду кошкондо, ар кандай долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда. Биз өлкөнүн маанилүү транспорттук артерияларын модернизациялоону улантып жатабыз. Темир жол байланышы жаатында ири регионалдык долбоор пландаштырылууда. Бул багыттардын бардыгы деңизге чыга албаган өлкө катары биз үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ", — деп белгиледи Жапаров.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттары менен эки тараптуу соода-экономикалык мамилесинин потенциалы толук ишке ашырыла электигин белгилеп, аны мындан ары да кеңейтүү, ошондой эле регионалдык проблематика маселелери боюнча өнөктөштөр менен биргелешип иштөө ниетин белгиледи. Ошону менен бирге ал ар бир өлкөнүн экономикалык туруктуулугу үчүн энергетикалык тармакты өнүктүрүү, энергияны үзгүлтүксүз берүү негизги шарт болуп саналарын кошумчалады.
"Биздин өлкөдө региондун суу ресурстарынын дээрлик жарымы бар. Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы жылына болжол менен 142,5 миллиард кВт-саатты түзөт, бирок азыркы учурда 13 пайыздан ашпаганы гана пайдаланылууда. Биз инвесторлорду, эл аралык өнөктөштөрдү жана финансылык институттарды ГЭС жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын башка объектилерин куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык кызматташууга чакырабыз. Үстүбүздөгү жылы биз мамлекеттик тышкы карызды реструктуризациялоо, анын ичинде аны "жашыл" экономика чөйрөсүндөгү долбоорлорго алмашуу механизмин колдонуу демилгесин да көтөрдүк. Америка тарап өнөктөштөр жана эл аралык финансы институттары менен иштешүүгө көмөк көрсөтөт деп ишенебиз", — деди Жапаров.
Мамлекет башчысы Борбор Азиядагы регионалдык коопсуздук маселелерин Афганстандагы кырдаалдан бөлүп, талкуулоо мүмкүн эместигин баса белгиледи.
Сөзүнүн аягында президент бүгүнкү жолугушуу Борбор Азия мамлекеттеринин АКШ менен өз ара пайдалуу кызматташтыгын мындан ары арттырууга маанилүү түрткү берерине үмүт артты.
Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында Тажикстандын өлкө башчысы президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2023
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
Жаңылыктар түрмөгү
0