Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү

© Пресс-служба президента КРПрезидент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында Тажикстандын өлкө башчысы президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.
Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында Тажикстандын өлкө башчысы президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2023
Жазылуу
Садыр Жапаровдун иш сапары 21-сентябрда соңуна чыгат.
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмон менен жолукту. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын жана келечегин талкуулашкан.
Жапаров менен Рахмон кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп, башка темалар боюнча да пикир алмашты.
 РФтин Тышкы иштер министрлиги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2023
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0