https://sputnik.kg/20230918/den-sooluk-zhash-kurak-kyjmyl-konuguu-1078689969.html
Медиктер жашы өткөндөр үчүн кыймылдын маанилүүлүгүн эскертишти
Медиктер жашы өткөндөр үчүн кыймылдын маанилүүлүгүн эскертишти
Sputnik Кыргызстан
Адистер 65 жаштагы жана андан жогорку курактагыларга аптасына беш күн 30 мүнөттөн физикалык көнүгүүлөрдү жасап турууну сунуштайт. 18.09.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-09-18T08:35+0600
2023-09-18T08:35+0600
2023-09-18T08:35+0600
кыргызстан
ден соолук
жаш курак
кыймыл
көнүгүү
https://sputnik.kg/img/104604/20/1046042014_0:322:3067:2047_1920x0_80_0_0_3feba6c0f8419a5e0f39ac5d904d514a.jpg
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору жаш курагы 65тен өткөндөр үчүн кыймылдын маанилүүлүгүн эскертти.Борбордун адистери жүрөк, өпкө системаларын, сөөк-булчуң ткандарын жакшыртып, жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу, депрессияга түшпөө, когнитивдик функцияны бузбоо үчүн төмөнкү көнүгүүлөрдү жасоону сунушташат:65 жаштагы жана андан улуу курактагылар аптасына 150 мүнөттөн аз эмес убакыт орточо интенсивдүү кыймылдашы керек. Балким бул аэробика же жөө басуу, велосипед тебүү, үй жумуштары, түрдүү спорттук оюндар болот. Мисалы, аптасына беш күн 30 мүнөттөн кыймылдоо жогоруда айтылган убакытты түзөт.Ар бир машыгуу он мүнөттөн кем эмес болушу керектиги сунушталат. Дагы да ден соолукту чыңдайм дегендер болсо орточо интенсивдүү кыймылдагы убакытты аптасына 300 мүнөткө жеткирсе болот.Бул куракта айрым адамдарда муун оорулары болушу мүмкүн, алар жыгылып кетпей тургандай кыймыл түрлөрүн тандаганы туура. Улгайган адамдар арасында адистер сунуштаган убакытты кыймыл менен өткөрүүгө чамасы жоктор болсо, өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө ылайыктап дене бойду жазып, кыймылдап туруу жакшы экендиги айтылат.
https://sputnik.kg/20230604/ehmnege-zhash-otkon-sajyn-ujku-kachat-1075926258.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104604/20/1046042014_338:0:3067:2047_1920x0_80_0_0_fc4cda5575aab158a8975d45888a9b7f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ден соолук, жаш курак, кыймыл, көнүгүү
кыргызстан, ден соолук, жаш курак, кыймыл, көнүгүү
Медиктер жашы өткөндөр үчүн кыймылдын маанилүүлүгүн эскертишти
Адистер 65 жаштагы жана андан жогорку курактагыларга аптасына беш күн 30 мүнөттөн физикалык көнүгүүлөрдү жасап турууну сунуштайт.
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору жаш курагы 65тен өткөндөр үчүн кыймылдын маанилүүлүгүн эскертти.
Борбордун адистери жүрөк, өпкө системаларын, сөөк-булчуң ткандарын жакшыртып, жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу, депрессияга түшпөө, когнитивдик функцияны бузбоо үчүн төмөнкү көнүгүүлөрдү жасоону сунушташат:
65 жаштагы жана андан улуу курактагылар аптасына 150 мүнөттөн аз эмес убакыт орточо интенсивдүү кыймылдашы керек. Балким бул аэробика же жөө басуу, велосипед тебүү, үй жумуштары, түрдүү спорттук оюндар болот. Мисалы, аптасына беш күн 30 мүнөттөн кыймылдоо жогоруда айтылган убакытты түзөт.
Ар бир машыгуу он мүнөттөн кем эмес болушу керектиги сунушталат. Дагы да ден соолукту чыңдайм дегендер болсо орточо интенсивдүү кыймылдагы убакытты аптасына 300 мүнөткө жеткирсе болот.
Бул куракта айрым адамдарда муун оорулары болушу мүмкүн, алар жыгылып кетпей тургандай кыймыл түрлөрүн тандаганы туура. Улгайган адамдар арасында адистер сунуштаган убакытты кыймыл менен өткөрүүгө чамасы жоктор болсо, өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө ылайыктап дене бойду жазып, кыймылдап туруу жакшы экендиги айтылат.