Мукабасы математика, ичи орус адабияты: ката басылган китептер... Видео

© Sputnik / Илья ПиталевМектеп китептери. Архивдик сүрөт
Мектеп китептери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2023
Жазылуу
Билим берүү министрлигинен китептер азыр мамлекеттик типографияда басылып жатканын айтышты.
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Социалдык тармакка окуу китептери боюнча кыжырланткан видео тарады. Роликтен алардын ичи менен тышы дал келбегенин, тагыраагы, мукабасы башка, ички мазмуну башка экенин көрүүгө болот.
Булардын 5-класска арналган окуу китептери экени айтылды. Мукабасы "Математика" китеби деп жазылган китептин ичи "Русская литература" болсо, математика боюнча дагы бир китепте кыргызча-англисче-орусча сөздүк жазылып калган.
Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы бул китептер мурда жеке менчик басмаканаларда чыгарылганын, азыр министрликтин көзөмөлүндөгү мамлекеттик типографияда басылып жатканын айтты.
Главный специалист сектора развития госязыка и книгоиздания Минобрнауки Самат Тоялиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2023
Радио
Жаңы окуу жылына 136 миңден ашык китеп басылып чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0