Кыргызстан Россия менен Түркмөнстандан 3,4 млрд. кВт/саат электр энергия сатып алат

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүЖогорку вольттуу электр линиялары. Архив
Жогорку вольттуу электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2023
Жазылуу
Республика электр кубатынын айрым бөлүгүн импорттоого аргасыз.
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстан Россия жана Түркмөнстан менен ар биринен 1 миллиард 700 миллион киловатт-саат энергия сатып алуу боюнча келишимге кол коюшкан. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.
Анын айтымында, негизги ГЭСтерде суунун таңсыктыгы 2 миллиард куб метрди түздү.
"Россия электр энергиясын сентябрдан тарта апрелге чейин берет. Түркмөнстан менен азыр баа боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди Байгазиев.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан жыл соңуна чейин Россиядан 1,5 миллиард киловатт-сааттык электр энергия алууну пландап жатканын министр Таалайбек Ибраев айткан.
Жылыткыч. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2023
Быйыл Кыргызстанда электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынат
Жаңылыктар түрмөгү
0