Насирдин Исановго Кыргыз эл баатыры наамы ыйгарылды

© предоставлено Марией ИсановойМамлекеттик ишмер Насирдин Исанов. Архив
Мамлекеттик ишмер Насирдин Исанов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2023
Жазылуу
Замандаштары Исановдун калыс, кесипкөй жана принципиалдуу жетекчи болгонун эскерип келишет.
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Мамлекеттик ишмер Насирдин Исановго көзү өткөндөн кийин “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык наамы ыйгарылды.
Бул боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгондугун анын маалымат кызматынан кабарлады.
“Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги жана туулган күнүнүн 80 жылдыгына байланыштуу мамлекеттик ишмер Насирдин Исановго “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды”, — деп жазылган маалыматта.
Насирдин Исанов 1943-жылы 7-ноябрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылында туулган. Айылдагы мектепти аяктаган соң Москвадагы Куйбышев атындагы инженердик-курулуш институтуна тапшырат. Жогорку окуу жайдан 1965-жылы инженер-куруучулук кесипти алып чыккан. Мекенине кайтып келген жаш адис "Ошгорстрой" ишканасында мастер, прораб, башкы инженер, башкы технолог болуп эмгектенген. Кийин Коммунисттик партиянын катарына өтүп, 1976-жылы Алматыдагы жогорку партиялык мектепти аяктаган. 1983-жылдан тарта Кыргыз ССРинин курулуш министри болуп, анын жетектөөсү менен борбор калаадагы тарых музейи, "Ала-Тоо" аянты, Өкмөт үйү салынган. 1988-жылы Ысык-Көл облусунун аткаруу комитетинин төрагасы болгон.
1990-жылы президенттикке ат салышып, Аскар Акаевге утулуп калган Насирдин Исанов 1991-жылдын 21-январында эгемендүү Кыргызстандын алгачкы өкмөт башчысы болуп дайындалган. Андан көп өтпөй эле премьер-министрдин "Волга" автоунаасы Ош — Жалал-Абад унаа жолунда жол кырсыгына кабылып, каза болуптур деген суук кабар тараган. Тергөөнүн расмий берген маалыматы боюнча, Исанов бара жаткан унааны ЗИЛ-130 жүк ташуучу унаасы коюп кеткен. Окуядан бир гана Насирдин Исановдун каза болушу көптөгөн бүдөмүк ойлорду жараткан.
Кыйын кезеңде Насирдин Исанов өлкөнүн базар экономикасы боюнча концепциясын иштеп чыгып, мамлекеттин демократиялык жол менен кетүүсүнө өз салымын кошкон. Замандаштары Исановдун калыс, кесипкөй жана принципиалдуу жетекчи болгонун эскерип келишет.
Ко дню рождения государственного деятеля Насирдина Исанова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2020
Куруучу, министр, өкмөт башчы. Насирдин Исановдун сүрөттө калган ирмемдери
Жаңылыктар түрмөгү
0