Чет элдиктердин жанынан 25 млн. сомдук мефедрон табышты

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРКыргызстанда чет элдик үч жарандан синтетикалык баңгизат табышкан
Кыргызстанда чет элдик үч жарандан синтетикалык баңгизат табышкан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2023
Жазылуу
Кармалгандарда төрт килограмм баңгизат болгон. Учурда алар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстанда чет элдик үч жарандан синтетикалык баңгизат табышканын УКМКдан кабарлашты.
21-августта Бишкек —"Манас" аэропорту трассасынын жанындагы Степное айылына жакын жерден баңгизат менен иштеген эл аралык топтун мүчөлөрү: 22 жаштагы Ф. А. С., 21 жаштагы Ж. А. М. жана 20 жаштагы А. Р. М BMW автоунаасы менен бара жатканда кармалган.
"Алардан жалпы салмагы 4 килограмм 166 грамм болгон мефедрон аталышындагы синтетикалык баңгизат табылган. Жалпысынан табылган жүк 24 996 000 сомго бааланат", — деп айтылган маалыматта.
Үчөөнө Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин ("Мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун ири өлчөмдө сатуу максатында өткөрүп берүү") негизинде иш козголуп, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген. Учурда аталган наркоканалдын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп жатканын айтышты.
"Бүгүнкү күндө синтетикалык дары-дармектин жаңы түрлөрү ыкчамдык менен пайда болууда. Жашыруун бөлүштүрүүгө жана сатып, таратууну уюштурууга мүмкүндүк берген коммуникация ыкмаларынан (интернеттин мүмкүнчүлүгү, социалдык тармактар) улам акчалай сыйлык үчүн жаштар ага кеңири тартылууда. Андыктан УКМК ата-энелерди балдарына этият болууга чакырат. Алардын оюн-зоогун, чөйрөсүн көзөмөлдөшүнө, түшүндүрүп, ар дайым сүйлөшүп турууга кеңеш берет", — деп айтылган билдирүүдө.
Коопсуздук кызматы, Кылмыш-жаза кодексине ылайык, мындай кылмыштар үчүн 14 жаштан ашкандар мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.
Туруктуу эл аралык баңги топторунун биринин кылмыштуу ишмердүүлүгү токтотулуп, ал топтун кармалган мүчөлөрүнөн синтетикалык баңгизат болгон мефедрон алынды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
УКМК Бишкекте баңгизат жашырып жаткан окуучуларды кармады. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0