00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Первый весенний забег «Жаз деми». Старт, открывающий спортивный сезон
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как строится экспорт из Кыргызстана в страны ЕАЭС и что мы туда продаем
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жолдошум дагы аял аларын айтып коркутат. Келиндин каты

© Photo / Pexels / Pavel DanilyukЖубайлар. Иллюстративдик сүрөт
Жубайлар. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2023
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына жолдошунун токол алуу ниетинен коркуп жатканын айткан келин кат жазган.
Мен 26 жаштамын. Эки балам бар. Жашоомдо баары жакшы. Өзүм иштебей балдар менен үйдөмүн. Баарыбыз беш маал намаз окуйбуз. Кайната-кайненемдер менен тургандыктан үй жумушунан колум бошобойт. Жолдошумдун чакан бизнеси болгондуктан эртели-кеч жумушта. Акча жетиштүү, туугандардын ынтымагы жакшы. Балдарым, кудайга шүгүр, ден соолугу чың. Болгону жолдошум эки-үч жылдан бери он жылдан кийин экинчи аял аларын айта берет. Тамашалайбы десем, олуттуу эле түр менен айтат. Анын ошол ниетин билгенден бери сыгылып жаман боло берем. Кээде ыйлайм. Дайыма билгизбей телефонун текшерем. "Зынаа кылган күнөө, бирок мен да башка бирөөгө нике кыйышым керек. Мен эркекмин" деп айтат. Мага кымбат кийимдерди алып берет, жакшы карайт. Бирок жабык, узун кийинүүмдү талап кылат. Боёнбой, ашыкча баспай үйгө отурушумду айтат. Ошентсе да өзү сулуу кыздарды жакшы көрөт. Ошонун айынан урушабыз. Бир жолу бир кыз менен интернетте жазышканын байкап калдым. Ал күнү үйдө чоң уруш чыкты. "Өзүң дагы мага талап койгондой бол" дедим. Бирок "эгер менин айтканымдай кийинбесең ажырашабыз" дейт. Айла жок, бара-бара ал айткандай кийине баштадым. Мурунку кийимдеримди жоготтум. Баары жакшы болсо да оюмдун баары күйөөмдө. Аны эле аңдый берем. Өзүм да кызганчаакмын. Кээде жумушуна ээрчип алам. Психологиялык жактан оорулуу болуп калгандаймын. Өзүмдүн апама чыдабай айттым, ыйладым. Дайыма ушул сөздү уга берип жүрөгүм ооруп бүттү. Кээде ажырашып кетүүнү ойлоном. Кайнежеме айтсам, жиндисиңби деп урушту. "Бул жашоо — күрөш. Өз көлөкөңдөн коркуп, үй-бүлөңдү талкалайсыңбы. Психологго бар, өзүңдү өзүң жебей" деди. Ошондон кийин ажырашуу тууралуу оюмдан кайттым. Бирок күйөөм жанагы сөзүн токтоткон жок. Ыңгайы келгенде айта берет. "Акырындан көндүрө берейин" деп жатканын байкайм. Ушинтип мени кебез менен мууздап жатат. Кайындарым да жакшы. "Эми багым ачылды" десем, күйөөмдүн ушул кылыгы чыкты. Ойлобоюн десем да анын экинчи ирет үйлөнүп жатканы мээмден чыкпайт. Элестетип кетем. Анан балдарымды, өзүмдү аяйм. Кантип бул ойдон арылам? Чын эле анын үйлөнүү ниети барбы?
Сажира Абдыкаимова, психолог:
— Жашоодо ар кандай учурлар болот. Бирок болуп өткөн ар бир учур бизди күчтүү болууга даярдайт. Түпкү ой-санаабыздагы чочулаган коркунучтарыбызды сыртка алып чыгат. Ойлонуп көрүңүз, бул сөздөр сиздер жаңы үйлөнгөндө эле башталбаса керек. Мындай ойду айтып баштаган эң биринчи учур эсиңизде барбы? Чечилбеген көйгөй жок. Эч чечилбесе көз караш өзгөрөт. Эң биринчи жашоого, жолдошуңузга, өзүңүзгө карата ойду өзгөртүү керек. Андан кийин жашоо өзгөрөт. Өз оюңузду так айта билиңиз, жолдошуңуз экинчи аял алышын каалабасаңыз "мен каршымын" деп ачык айтыңыз. Бул менин оюм, менин позициям деңиз. "Тамчы ташты жарат" дегендей, маселе оң жагына оойт. Ошол учурда да өзүңүзгө өзүңүз ишенсеңиз. Өзүңүздүн үстүңүздөн иштеңиз, "психологиялык жардамга муктажмын" десеңиз психологго кайрылыңыз.
Эркек аялды аркасынан кучактап жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2023
Көңүлдөшүмө үйлөнөйүн дейм, кызганычтан улам андан да айрыламбы деп корком...
Жаңылыктар түрмөгү
0