Ат-Башыдагы "Шамбет" суу каналы реконструкцияланып жатат

© Sputnik / Алмазбек ОмурзаковРеконструкция канала "Шамбет" в селе Кара-Суу
Реконструкция канала Шамбет в селе Кара-Суу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2023
Жазылуу
"Шамбет" каналы буга чейин Кара-Суу айылынын 875 гектар жер аянтын сугарууга пландаштырылса, реконструкциялоодон кийин Кара-Суу жана Кара-Булуң айылдарынын сугат жерлерин камтыйт.
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Ат-Башы районунун Кара-Суу айылына караштуу "Шамбет" каналын реконструкциялоо иши башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, жергиликтүү дыйкандар сугат суунун тартыштыгына байланыштуу көйгөйдү чечип берүүнү өтүнүп келишкен. Натыйжада министрлер кабинети 2022-жылдын декабрь айындагы чечимине ылайык, реконструкция иштерине 15 миллион сом бөлүнгөн.
© Sputnik / Алмазбек Омурзаков

Ат-Башы районунун Кара-Суу айылына караштуу "Шамбет" каналын реконструкциялоо иши башталды.

Ат-Башы районунун Кара-Суу айылына караштуу "Шамбет" каналын реконструкциялоо иши башталды. - Sputnik Кыргызстан
1/2

Ат-Башы районунун Кара-Суу айылына караштуу "Шамбет" каналын реконструкциялоо иши башталды.

© Sputnik / Алмазбек Омурзаков

Маалым болгондой, жергиликтүү дыйкандар сугат суунун тартыштыгына байланыштуу көйгөйдү чечип берүүнү өтүнүп келишкен.

Маалым болгондой, жергиликтүү дыйкандар сугат суунун тартыштыгына байланыштуу көйгөйдү чечип берүүнү өтүнүп келишкен. - Sputnik Кыргызстан
2/2

Маалым болгондой, жергиликтүү дыйкандар сугат суунун тартыштыгына байланыштуу көйгөйдү чечип берүүнү өтүнүп келишкен.

1/2

Ат-Башы районунун Кара-Суу айылына караштуу "Шамбет" каналын реконструкциялоо иши башталды.

2/2

Маалым болгондой, жергиликтүү дыйкандар сугат суунун тартыштыгына байланыштуу көйгөйдү чечип берүүнү өтүнүп келишкен.

Бүгүнкү күндө долбоордук-сметалык документтер аяктап, каналдын алгачкы жумуштары жасалып жатат. Каналды куруу ашар жолу менен пландаштырылып, анын сапатын көзөмөлдөө, тендердик ишин жүргүзүү, каржылоо Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгына милдеттендирилген. Ал эми жумушчу күчү Кара-Суу айылынын дыйкандарына бекитилип берилген. Учурда курулушка 40тан ашуун жумушчу тартылып, иш кызуу жүрүүдө.
"Шамбет" каналы буга чейин Кара-Суу айылынын 875 гектар жер аянтын сугарууга пландаштырылса, реконструкциялоодон кийин Кара-Суу жана Кара-Булуң айылдарынын сугат жерлерин камтып, сугат аянты 330 гектар аянтка кеңейтилет. Жыйынтыгында жалпы 1 205 гектар аянтты суу менен камсыздамакчы.
Дыйкандар жерди тамчылатуу менен суугарып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2023
Тамчылатып, жаадырып сугарууда түшүм сапаттуу, чыгым аз болот. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0