Россия ТИМи Батыштын Борбор Азияга санкция боюнча басым кылып жатканын сындады

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүРоссия ТИМи. Архивдик сүрөт
Россия ТИМи. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2023
Жазылуу
Мындай аракеттер РФ менен аталган региондогу өлкөлөрдүн мамилесине одоно кийлигишүү болуп саналары белгиленди.
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Антироссиялык санкция маселеси боюнча Борбор Азияга Евробиримдик менен АКШнын басым кылышы региондогу долбоорлорду ишке ашырууга коркунуч жаратат. Бул тууралуу Россия ТИМинин Экономикалык кызматташтык департаментинин директору Дмитрий Биричевский РИА Новостиге берген маегинде билдирди.
"Чынында эле соңку убакта АКШ менен ЕБ биздин досторубуз болгон Борбор Азиядагы көз карандысыз өлкөлөргө кысым көрсөтүүнү күчөттү. Аларды антироссиялык санкцияларга кошулууга жана биз менен соода-экономикалык кызматташуудан кол үзүүгө мажбурлап жатат. Вашингтон менен Брюссель мындай иштерин учурда Россияга каршы жүрүп жактан "чектөөлөр марафонунун" артыкчылыктуу багыты катары кароодо", — деди Биричевский.
Дипломат АКШнын жана ага көз каранды мамлекеттердин мындай аракеттери эки тараптуу мамилелерге одоно кийлигишүү болуп саналарын белгиледи. Ошондой эле тышкы саясат жана экономикалык линиялар боюнча көз карандысыз саясат жүргүзүү укугун бузуп жатканын, Борбор Азиядагы өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга коркунуч жаратарын айтты.
Буга чейин Еврокеңештин башчысы Шарль Мишель Евробиримдик Борбор Азия өлкөлөрү менен антироссиялык санкцияларды сактоо маселеси боюнча диалог жүргүзүүнү каалап жатканын, бирок чектөөлөрдү айланып өтүүгө көмөк көрсөткөндөргө чара көрүүгө ниеттенип турганын айткан.
ЕБ 2022-жылдын башынан бери Россияга каршы санкциялардын тогуз пакетин жактырган, учурда дагы жаңы чектөө чараларын камдап жатат.
Белгилей кетсек, жакында эле америкалык сенатор Роберт Менендес Кыргызстандын президентине Россияга каршы санкцияларды дыкат сактоо өтүнүчү менен кат жөнөткөнү маалым болгон. Көп өтпөй Садыр Жапаров ага жооп берип, сенатор эле эмес төбөсү көрүнгөн чоңдордун баарынан эле андай каттар көп келип турарын айткан. Мамлекет башчы муну Батыш жөн гана бир шылтоо таап, Кыргызстанга кысым кылып, өздөрү жакка тартуу деп эсептейт.
Ал эми РФ санкциялык басымдарга туруштук бере аларын бир нече жолу билдирип, Батыш киргизген санкциялардан майнап чыкпаганын моюнга алууга эрки жетпей жатканын белгилеген. Батыш өлкөлөрүнүн өзүндө антироссиялык санкциялар натыйжа бербей жатат деген пикирлер байма-бай айтылууда. РФ президенти Владимир Путин буга чейин Россияны алсыратуу жана саясатын ооздуктоо — Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы болгонун, бирок койгон чектөөлөрү дүйнөлүк экономикага олуттуу сокку урганын айткан. Анын пикиринде, Батыштын башкы максаты — миллиондогон адамдын жашоосун оорлоштуруу.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2023
Жөн гана шылтоо таап, кысым кылуу. Садыр Жапаров АКШ сенаторуна жооп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0