00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
2 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
07:46
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Фрунзеде жолуккан кыргыз менен кытайдын каймактары. Залкарлардын таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
© Фото / из семейного архива Зууракан Иманкалыковой
Солдон экинчи отурган жазуучу Аалы Токомбаев, төкмө акын Алымкул Үсөнбаев, кытайлык жазуучу, Кытай илимдер академиясынын башчысы Гэ Бао Цянь, залкар манасчы Саякбай Каралаев, так ортодо белгилүү мамлекеттик ишмер Зууракан Иманкалыкова, калемгер Түгөлбай Сыдыкбеков, Гэ Бао Цяндын аялы Юй Лицюнь, эң четте отурган акын Кубанычбек Маликов.
Экинчи катарда солдо биринчи турган кытайлык меймандардын котормочусу, экинчиси Кыргыз ССРинин жазуучулар союзунун төрагасы Азиз Салиев, үчүнчү киши атактуу акын, жазуучу Абдрасул Токтомушев, бешинчи турган Мидин Алыбаев, алтынчы адам драматург Насирдин Байтемиров. Алардын сүрөтү 1954-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган. Ошол жылы Кыргызстанга Кытайдан чоң делегация келип, алар менен кыргыз интеллигенция өкүлдөрү жолугуп, бир катар иш-чаралар уюштурулган.
Ошол кезеңди белгилүү манасчы, филология илимдеринин доктору, "Манас" улуттук академиясынын президенти Талантаалы Бакчиев мындайча эскерет:
"Кытайда 1949-жылы революция болуп кытайлыктар социализм жолуна түшкөн. Бул өзгөрүүдөн кийин СССР менен Кытайдын ортосунда маданий алака жакшырып тыгыз иштеше баштаган. Ошол жылы май айында Кытай Эл Республикасынан чоң делегация келип, аларды жергиликтүү акын-жазуучу, илимпоздор Кордайдан тосуп, борбор калаага алып келген. Топтун башында орус калемгерлеринин чыгармаларын кытай тилине которгон Гэ Бао Цянь болгон. Ал Кыргыз ССРинин жазуучулар союзунун төрагасы Азиз Салиевге кайрылып, "Манаста" кыргыздар кытайга каршы казатка чыкканы үчүн ал эпоско реакциячыл деген айып коюлганы чынбы деп сураган. Азиз Салиевич өз жообун узатканда кытайлык сыйлуу конок "кыргыздар өз азаттыгы үчүн азыркы Кытайга эмес, илгерки баскынчы, феодал мамлекетке каршы чабуул жүргүзгөн" деп Манасты кубаттаган. "Кытайлар бизге таарынат деп эпостогу "кытай" деген сөздөрдү алып жатканыңар туура эмес. Байыркы кыргыздар менен байыркы кытайлар бирде чабышып, бирде ынтымакташып жашаганы тарыхый чындык. Ал эми эпосто байыркы Кытай жөнүндө айтылган баянга эч таарынбайбыз. Тарыхты бурмалаганга болбойт" деп жергиликтүү окумуштууларга кайрылган. Анткени ошол маалдагы саясаттан улам "кытайлар коммунисттер, алар биз менен тилектеш" деп бийликтегилер эпостогу "кытай" деп жазылган жерлерин "калмак" деп алмаштырткан, ошондой буйруктар болгон", — деди Бакчиев.
Гэ Бао Цянь Фрунзеде (азыркы Бишкек шаары - ред.) Саякбай Каралаевдин айтуусундагы улуу эпосту угуп, катуу таасирленип мекенине кайткан. Кытайга барганда Кызыл-Суудагы кыргыз манасчыларын изилдеп, 1,5 жылда алардын айтуусунда 250 миң сап "Манасты" кагаз бетине түшүргөн.
Тема боюнча:
"Бөрү зынданды" тартуу учурундагы эс алуу. Болот Шамшиевдин таберик сүрөтү
Али Хамраев менен иштешип "дезертир" болгон Бейшеналиев. Таберик сүрөт
Бурананы кыйроодон сактаган археолог, куруучулар. 50 жыл мурунку таберик сүрөт
"Саманчынын жолу" балетин сахнага алып чыккан театр ишмерлери. Таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0