Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШнын Украинаны кооптуу ок-дары менен жабдышына Россия кандай жооп берет? Сереп

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүү"Смерч" залптык октун реактивдүү тутуму. Архив
Смерч залптык октун реактивдүү тутуму. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2023
Жазылуу
Америкалыктар киевдик режимди кассеталык артиллериялык дүрмөттөр менен жабдый баштады. Мындай кадамга алар Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулундагы аргасыздык жана Батышта кадимки ок-дарынын тартыштыгынын айынан барып жатышат.
Ал эми Россиянын бул жагынан артыкчылыгы бар. Аскердик ресурстары алда канча көп, куралдын түрү кенен-кесири: таамай кассеталык ок-дарылар топтому, атап айтканда, ыкчам-тактикалык ракета, авиабомба, реактивдүү жана артиллериялык дүрмөттөрү жетиштүү санда.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ошол себептен россиялык аскердик бөлүктөрдүн каршылаш тараптын кадамдарына жараша жообу соо калтырбай турганын белгилейт.
РФ президенти Владимир Путин ишемби күнү Украина Куралдуу күчтөрү кармашта америкалык 155 мм дүрмөттөрдү колдонсо, ага жараша жообун да аларын айтты. "Ушуга дейре биз андай кадамга барбай, мындай куралдарды пайдаланган эмеспиз. Анын кажети да жок эле", — деди Россия лидери. Путиндин пикиринде, АКШ мындай кылмыштуу жабдууга тегин жерден эмес, ок-дарынын катуу тартыштыгынан улам барууда.
Америкалык коргоо өнөр жай комплекси айына 15 000 артиллериялык дүрмөт, НАТОдогу европалык өлкөлөрдүн баары биригип 25 миң 155 мм снаряд чыгарса, Украина Куралдуу күчтөрү сегиз күндө 40 миң дүрмөт сарптайт. Батыш аскердик өнөр жайынын кубаттуулугун тез арада кескин түрдө көбөйтө албайт, буга бир топ жыл керек. Пентагон 2028-жылга чейин 155 мм дүрмөттөрдү өндүрүү көлөмүн алты эсеге көбөйтүүнү пландоодо. Ал эми жакынкы беш жыл ичинде Украина эмне болорун эч ким билбейт. Россиялык армияда кассеталык ок-дарынын арсеналы арбын. РФ коргоо министри Сергей Шойгунун да Россия "жашоонун ар кандай кырдаалы үчүн" кыйла майнаптуу бирдиктерге ээ экенин баса белгилегени бар. Тагдырдын тамашасын караңыз, АКШ, Россия жана Украина 2008-жылы кассеталык ок-дарыларга тыюу салуу жөнүндөгү Дублин конвенциясына кошулган эмес.
РФ Куралдуу күчтөрүнүн "Мста" жана "Акация" өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүштөрү үчүн артиллериялык, "Смерч" жана "Ураган" залптык ок тутумдарына ылайык реактивдүү дүрмөттөрү, бир нече тип жана калибрдеги авиабомбалары, ошондой эле "Искандер" ракеталык комплекстери үчүн кассеталык октору бар. Алардын санын да АКШнын колундагыга салыштырып болбойт. Эгер Россия да андай курал колдонсо, Украина Куралдуу күчтөрү жоокерлеринен да, техникасынан да жоготуулары оголе көп болору айдан ачык. Себеби "кассеталар" душмандын чабуулдук күчтөрүнө каршы ачык мейкиндикте колдонулуп, андан кыйла жабыркатуучу күчкө ээ.
Россия менен америкалык прокси согуштун барган сайын түсү түнөрүп барат. Анткен менен россиялык атайын аскердик операциянын баштапкы максат жана милдеттерине таасир эте албайт. Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо сөзсүз жүзөгө ашырылат. Вашингтон Киевге 40 жылга чукул убакыт мурда чыгарылган 155 миллиметрлик M864 (М109 Paladin өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүшү жана 30 чакырымга чейинки аралыкка ылайыкталган М777 гаубицалары үчүн) кассеталык артиллериялык дүрмөттөрүнөн бир нече миң даана берүүдө.
72 башка ок-дары менен (пехотага каршы 48 жана танкка каршы 24) айкалышта дүрмөттүн жабыркатуу радиусу болгону 150 метрге чейинки аралыкты түзөт. Ошондуктан М864 снаряддары Украина Куралдуу күчтөрүнө "экинчи эргүүнү", россиялык күчтөрдүн эшелондоштурулган коргонуусун жиреп кирүүнү камсыздай албайт. 2014-жылдан тарта Украинанын артиллериясы советтик үлгүдөгү кассеталык ок-дарыны, анын ичинде "Точка-У" ыкчам-тактикалык ракеталык комплексин колдонуп келет. Мурдараак Пентагон Украина Куралдуу күчтөрүнө НАТОнун бөлөк өлкөлөрү тарабынан да кассеталык дүрмөттөр берилерин маалымдаган.
Фронтто франциялык-швециялык өндүрүштөгү BONUS танкка каршы снаряддары байкалган. Foreign Policy америкалык журналы Dual-Purpose Improved Conventional Munition (DPICM) ок-дарылары менен жабдуучулардын бири Түркия экенин жазып чыкты. Аталган мамлекетте кансыз согуш жылдары АКШнын лицензиясы боюнча DPICM кассеталык дүрмөттөрү чыгарылчу. Канткен күндө да мындай жабдуулардын баары украиналык согуштук аракеттер театрындагы жүрүштү өзгөртө албайт.
Кошмо Штаттардын армиясы – кассеталык ок-дарылардын ойлоп табуучусу. Ал Түштүк-Чыгыш Азия жана планетанын башка аймактарында 1960-жылдардан бери активдүү пайдаланган. Бирок америкалык кассеталык снаряддар керемет курал эмес, алар болгону Украина Куралдуу күчтөрүнүн демилитаризациясын, киевдик режимдин кулашын гана тездетиши мүмкүн. Пентагон жарылбай калган дүрмөттөрдүн үлүшү алты пайыз дегени менен, АКШнын минаны зыянсыздандыруу боюнча адистери андай снаряддардын саны отуз пайызга чукулдай турганын айтышат. Кандай болгон күндө да андай миңдеген бомбалар бир топ күн, ай, ал түгүл жылдардан кийин жайкын тургундарга залал берери ырас.
Як-130 учактары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялык Аскер-космостук күчтөрү Як-130дун партиясын алды. Учакка мүнөздөмө
Алардан айырмаланып, россиялык кассеталык ок-дарылар буталарына тийгенде жарылбай калса, өзүн-өзү жок кылуу механизмине ээ. РФ Куралдуу күчтөрүнүн кассеталык каражаттарынын кеңири түрү бар. Душмандын терең тылындагы ок өткөрбөс техникалары жана резервдерин жардыруу үчүн россиялык күчтөр 500 чакырымга чейинки аралыктан кассеталык "Искандерлерди" пайдаланышат.
"Искандерлердин" ок атуучу бөлүгүнүн беш кассеталык варианты бар:
10 метр бийиктиктен майдаланып жарылчу 54 элементтен турат;
ок өткөрбөс техниканы тешип өтчү майда элементтери бар;
радиолокациялык станциялары жана инфракызыл жарыгы бар ок учу менен өзү мээлөөчү элементтерге ээ;
баш калкалоочу жайларда жашынган аскер жана техникаларды талкалоо үчүн көлөмдүү-жардыруу;
ПОМ-2 "Отек" өзү орнотулуучу, ПТМ-3 танкага каршы магниттик жана башка миналар менен аралыктан коюучу тутуму.
"Смерч" залптык октун реактивдүү тутумунун кассеталык реактивдүү дүрмөттөрү душмандын жоокер жана ок өткөрбөс техникасын 120 чакырымга чейинки аралыктан талкалай алат. 9М55К1 реактивдүү ок-дарысы "Мотив-3М" өзү мээлөөчү элементтери менен жабдылган.
"Смерчтин" ар бир дүрмөтү танкка каршы беш бирдикти ташыйт. Демек, бир топтомдо 60 "Мотив" катылган. "Смерч" залптык октун реактивдүү тутумунун танкка каршы өзү мээлөөчү жыйырма ок-дарысы менен 9М55К7 реактивдүү дүрмөтү да бар. Күчү жана таамайлыгы боюнча россиялык кассеталык авиабомбалар да алардан кем калышпайт. 478 кг салмактагы РБК-500 СПБЭ-Д өзү мээлөөчү он төрт аскердик элемент камтылган бомбалык кассета заманбап танкалардын, пехота машиналары жана бөгөттөр коюлган шарттарда ок өткөрбөс башка техникалардын бардык түрүн талкалоого ылайыкталган.
520 кг салмактагы РБК-500У ОФАБ-50УД унификацияланган бомбалык кассетасы ок өткөрбөс техника, жоокерлерди, ок-дарынын талаа кампаларын, бекемделген аскердик курулуштар, аскердик-өнөр жай объектилери жана коммуникацияларды талкалоочу он элементти камтыйт.
Бетондон тургузулган аянтчаларды, баш калкалоочу темир-бетондон курулган жайлар, бункер, аэродромдук курулуш, автомобилдик шосселерди талкалоого 480 кг салмактагы РБК-500У БЕТАБ-М бомбалык кассета пайдаланылат. Кассетасынан чыккандан кийин он дүрмөт парашюттарын ачып, тик траекторияга чыгып, кыймылдаткычын иштетип, ыкчам күүлөнөт. Өзү мээлөөчү элементке ээ, ыргытылган жерден 30 чакырымга чейинки ыкчамдыктагы, 500 кг калибрдүү ПБК-500У "Дрель" пландоочу авиабомбасы – өз классындагы жогорку технологиялык үлгүлөрдүн бири. Кассета 250 метрлик бийиктикте ачылып, 15 элементтин ар бири (15 кг салмактагы) инфракызыл же активдүү радиолокациялык өзү мээлөөчү тутуму ишке кирип, артыкчылык берилген бутасына карай учат. Ал эми "Дрель" бирдиги негизинен ок өткөрбөс техника, бекемделген инженердик курулуштарды, абадан коргонуу тутумунун радиолокациялык станцияларын, башкаруу түйүндөрүн жардырууга ылайыкталган. Бир кассета онго жакын танкты өрттөп кете алат.
Акылдуу авиабомбалар аба чабуулдарынан коргонуу жана радиоэлектрондук күрөш каражаттарына туруштук берет. Пландалган учуш ГЛОНАСС тутуму менен түзөтүлөт. "Дрель" Су-25СМ3, Су-24М, Су-35С, Су-34 жана Су-30СМ өңдүү тактикалык авиациясынын бардык учактарында пайдаланылат. Ушундай эле америкалык JSOW (Joint Standoff Weapon) AGM-154 авиабомбасы параметрлери боюнча россиялык бирдикке дегеле караандабайт. "Дрелдин" элементтери америкалык аналогдорунан кыйла күчтүү жана майнаптуу, катуу салгылаш маалында өз техникасын душмандын бирдиктеринен так айырмалай алат. Айтор, иш жүзүндө украиналык армиянын АКШ кассеталык авиабомбалары колдонула турган учактары жок. Ушул чакан түрмөк НАТОну "демилитаризациялоого" ылайыкталган россиялык (советтик) кассеталык ок-дарылардын эбегейсиз арсеналдарына эшик ачат.
Бүгүнкү күндө украиналык согуштук аракеттер театрында альянстын айрым мүчөлөрүнүн Украина Куралдуу күчтөрүн жабдууга ашыгуу, абалды ырбатууга, атайын аскердик операциянын зонасын кеңейтүүгө тырышуусу байкалат. Кыязы, россиялык (советтик) куралынын күчүн жон териси менен байкап көргүлөрү бар окшойт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
РФ президенти Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Украина чачырама ок-дары колдонсо, Россия дал өзүндөй жооп кайтарат
Жаңылыктар түрмөгү
0