Конституциялык соттун чечимин кайра карап чыгуу сунушталууда

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКонституциялык соттун имараты. Архив
Конституциялык соттун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2023
Жазылуу
Документте Конституциялык сот өзүнүн чыгарган чечимин үч учурда кайра карап чыгары айтылды.
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Президенттин администрациясы "Конституциялык сот жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизген мыйзам долбоорун иштеп чыкты.
Анда Конституциялык сот өзүнүн чечимин президенттин сунуштамасы боюнча же Конституциялык соттун (Консот) төрагасынын сунуштамасы менен кайра карашы мүмкүндүгү айтылган.
Алар төмөнкү учурлар экени белгиленди:
чечим кабыл алууга негиз болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченеми өзгөрсө;
чечим чыгаруу учурунда Консотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;
чечим элдин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.
Мындай учурда Консот чечимди кайра кароо жөнүндө токтомду чыгарат да, ал чечим жокко чыгарылат.
Мыйзам долбоорунда Конституциялык соттун чечимин кайра кароо жөнүндө маселени кароонун тартиби аталган органдын регламенти менен аныкталары айтылган.
Эске салсак, кыргызстандыктар Конституциялык соттун жашы жеткендерге атасынын атынын ордуна энесинин атына катталса болот деген маселеге уруксат берген чечими катуу талкууга алынган. Буга 2-июлда кыргызстандык активист Алтын Капалованын Конституциялык сот балдар 16 жашка чыккандан кийин паспортуна атасынын ысымынын ордуна энесинин атын жаздырууга укуктуу деген чечим чыгарганын билдирген маалыматы себеп болгон. Көптөр аны каада-салтка, улуттук баалуулуктарга каршы келерин айтышкан. Бул боюнча мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов да пикирин коомчулукка билдирип, тукум атанын аты менен гана сүрүштүрүлөрүн айткан.
Көп өтпөй Консот түшүндүрмө берип, 18 жашка чыккан жаран атасынын же энесинин атына катталарын өзү чечерин айткан. 30-июлда Конституциялык сот бул жагдай боюнча Үй-бүлө кодекси менен "Жарандык абал боюнча" мыйзамдын бир катар нормаларынын Конституцияга туура келер-келбесин карап, аны Баш мыйзамга каршы келбейт деп тааныган.
Конституциялык сот мыйзамда жалпы жонунан балага кыргыздын каада-салты боюнча жана ошол эле маалда советтик системада ысым берип жана фамилиясын, атасынын атын ыйгаруу каралганын белгилеген. Консот буга байланыштуу ата-энесине караганда баланын укугу биринчи экенин жана мамлекеттин коргоосунда тургандыгын белгилеген.
"Бала энесине катталганда салттуу коомдо ар кыл стигма жана басынтуу, шылдыңдоого кабылышы мүмкүн болгондуктан арыз берүүчүнүн өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартылды", — деп жазылган маалыматта.
Бул боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы да үн каткан. Муфтий Замир кары Ракиевдин айтымында, ар бир перзент тегин билүүгө укуктуу. Баланы ким төрөгөндүгү айдан ачык. Ал эми текти атага таандык болушу өтө зарыл. Ошондуктан ислам дини баланын тегин атага таандык кылат
Бул темага бийлик өкүлдөрү да өздөрүнүн пикирин айтты. Тагыраагы, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев баланы энесинин атына каттоого каршы экендигин айтты.
"Матчествого" жол жок. Аны ким кабыл алган болсо, өзү жокко чыгарсын! Бул менин жарандык позициям", — деген Ташиев.
Кыргызстандын муфтийи Замир кары Ракиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2023
Балага энесинин атын берүү. Муфтият билдирүү таратты
Жаңылыктар түрмөгү
0