15-июлга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги аба ырайы. Архивдик сүрөт
Бишкектеги аба ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2023
Жазылуу
15-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкө боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +31...+36, Таласта +29...+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көлдө +26...+31 жана Нарында +28...+33 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +33...+35, Чолпон-Атада +28...+30 жана Ош шаарында +36...+38 градусту көрсөтөт.
Бишкектен суусундук сатып алып жаткан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2023
Дем алышта күн бир аз салкындап, кийинки жумада кайра аптаптуу ысык башталат
Жаңылыктар түрмөгү
0