Ысык-Көлдө Россия берген дрондор менен кара куурай өскөн жер аныкталды

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүДрон. Архивдик сүрөт
Дрон. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2023
Жазылуу
Дрондор Кыргызстан тарапка бир жыл мурда өткөрүп берилген.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө Россия берген пилотсуз учуучу аппараттардын жардамы менен кара куурай өскөн жерлерин аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу РФтин КРдеги элчилиги кабарлады.
Изилдөө 19-24-июнь күндөрү ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук башкармалыгынын программалык кеңсеси тарабынан жүргүзүлгөн.
Кыргыз тарапка 2022-жылы өткөрүп берилген пилотсуз учуучу аппараттардын жардамы менен 250 гектар жердеги аянтчалар сүрөткө тартып алынган. Алар баңгизатка каршы күрөшүү боюнча мониторинг жүргүзүүдө колдонулат.
2018-2023-жылдары Россия тарап КР ИИМинин Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ишин илгерилетүү үчүн жалпы жонунан 1,45 миллион доллар бөлгөн.
Контрабандалык дары-дармектерди Өзбекстанга жөнөтмөк болгон киши кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2023
Контрабандалык дары-дармектерди Өзбекстанга жөнөтмөк болгон киши кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0