Бишкектен Балыкчыга поезд 17-июлдан тарта күн сайын каттайт. Баасы, убактысы

© Фото / пресс-служба "Кыргыз темир жолу"Бишкек-2 — Балыкчы поезд каттамы. Архивдик сүрөт
Бишкек-2 — Балыкчы поезд каттамы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2023
Жазылуу
Борбордон Көл жээгиндеги калаага чоңдор 150, балдар 73 сом менен жетип алууга болот.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкек-2 — Балыкчы поезд каттамы 17-июлдан 31-августка чейин күн сайын жүргүнчүлөрдү ташый баштайт. Бул туурасында "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашты.
От араба "Бишкек-2" бекетинен саат 07:40та чыгып, "Балыкчы" бекетине саат 11:46да жетет. Ал эми артка 17:48де чыгып, 21:54тө келет.
Билет баасы:
Жөнөкөй вагон: чоң адамдарга 150 сом, жаш балдарга 73 сом;
Люкс-вагон: чоң адамдарга 500 сом, жаш балдарга 250 сом.
Маалымат алуу үчүн мобилдик — 0705 076696, стационардык (0312) 30-02-09; 92-68-54; 92-68-40 телефон номерлерине чалууга болот.
Шаар аралык автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2023
Омскиден Бишкекке автобус каттамы жанданмай болду. Жол акысы
Жаңылыктар түрмөгү
0