Кыргызстандагы 8 регионго вакцина сактоочу кампа курулуп жатат

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүКампада вакцинанын партиясын кабыл алуу. Архив
Кампада вакцинанын партиясын кабыл алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2023
Жазылуу
Буга чейин төрт жердеги кампа оңдоп-түзөөдөн өткөн.
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстандын аймактарында вакциналарды сактоого ылайыкталган сегиз кампа курулуп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин райондор аралык борбору үчүн алты кампанын курулушу жүрүп жатат. Алар: Токтогул, Ала-Бука, Баткен, Жалал-Абад шаарларында жана Араван айылында жайгашкан. Ал эми Бишкек менен Кербен шаарларында жакынкы күндөрү курулуш иштери башталары пландалууда. Бул объектилер Дүйнөлүк банктын "COVID - 19га ыкчам чара көрүү" долбоорунун алкагында каржыланат.
Буга чейин ушул эле долбоор менен Талас шаарындагы, Москва, Кемин жана Базар-Коргон райондорундагы вакцина сактоочу кампалар оңдоп-түзөөдөн өткөнү белгиленди.
Мындан сырткары, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментине вакциналарды сактоочу 50 муздаткыч жана 50 термоконтейнер сатып алынганы айтылды.
Инфекциялык ооруларды изилдеген лаборатория. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Россия инфекциялык ооруларды изилдеген борбор курат. ЖК макулдашууну жактырды
Жаңылыктар түрмөгү
0