Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Атайын операциянын жүрүшүнөн: россиялык артиллериянын артыкчылыгы

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүАртиллериялык куралдан ок атып жаткан Россиялык аскерлер. Архив
Артиллериялык куралдан ок атып жаткан Россиялык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2023
Жазылуу
Россиялык заманбапташтырылган "Мста-С" артиллериялык түзүлүшү күч, ынанымдуулук жана тактыктын татыктуу үлгүсү экенин белгилейт Sputnik агенттигинин аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Россиялык атайын аскердик операцияда эң майнаптуу куралдын түрү – Украина Куралдуу күчтөрүнүн аскердик бөлүктөрүн, техникасын 80 пайыз жок кылып жаткан артиллерия.
29-июнда "Ростех" РФтин Коргоо министрлигине быйылкы мамлекеттик коргонуу буюртмасын аткаруу алкагында 152 миллиметрлик 2С19М1 "Мста-С" жаңы гаубицанын алгачкы партиясын өткөрүп берди.
Заманга бап бул гаубица мээлөө жана ок атуунун автоматташтырылган тутуму менен жабдылган. Ыкчам, тагыраак, мүнөтүнө 8 жолу ок атышы менен айырмаланат. Ал эми 2С19М2 модификациясы бир мүнөттө он ирет ок чыгарат. Күнү-түнү, ар кандай аба шартында жана ар кыл типтеги дүрмөттөр менен бутасын 40 чакырым аралыктан жок кылат.
"Мста-С" жаңы артиллериялык системасы "ГЛОНАСС" спутниктик навигациялык тутумуна интеграцияланып, оор географиялык шарттарда жергиликтүү өзгөчөлүктөргө тез көнүшүп кетүүнү, коюлган тапшырмаларды ыкчам жана майнаптуу аткарууну шарттайт.
Зарыл учурда ок атышы аралыктан – командалык пунктудан тескөөгө болот. Ок атуу "Орлан-10" учкучсуздарынын эсебинде өз ара аракеттешүү менен түзөтүлөт. "Мста-С" гаубицасы бир эле учурда жалгыз артиллериядан ар кыл багыттарга коё берилген бир нече дүрмөт менен бутасын жабырката алат. Ок атуу автоматташтырылган, жайгаштырылган соң 90 секунд ичинде ок атууга даяр болот.
Көзгө чалдыкпастык да маанилүү эмеспи. Үстүнө жабылчу синтетикалык материалдан жасалган "Накидкасынын" өзгөчө түзүлүшү тынымсыз ок атуудан ысып кетүүдөн сактап, температурасын бирдей кармап турууга мүмкүндүк берет.
Россиянын Кургактагы күчтөрүндөгү өзү жүрүүчү артиллериялардын эң көбү эле – ушул "Мста-С" гаубицалары. Душмандын артиллериялык батарея, танк, ок өткөрбөс транспортер, коргонуучу курулуштар, башкаруу, байланыш түйүндөрү, жоокерлерин, тыл объектилерин таамай жок кылууга ылайыкталган. Топтомунда майда-фугастык, кассеталык, түзөтүүчү "Сантиметр" жана "Краснополь" дүрмөттөрү, ошондой эле эки килотоннага чейинки салмактагы өзөктүк жана радиобөгөттөрдү жаратуучу снаряддар кирет.
Мунарасында – 50 снаряд жайгаштырылган, анткен менен жерден дүрмөт алып берүүчү механизмдери ошол ок топтомун коротпостон эле ыкчам ок атууну камсыздайт. 15 мм бир өңчөй болот плитадан турган каптоосу "Мста-С" гаубицасын ок өткөрбөстү да тешип өтчү ок жана октун сыныктарынан коргоп, жүрмө бөлүгү жана кыймылдаткычына күч келтирбейт. Баса, машинанын салмагы – 42 тонна.
Роликтери менен телескоптук амортизаторлорду кармап турган алты тирөөчү ок атууда титирөөгө жол бербейт. Өзү жүрүүчү артиллериянын "жүрөгү" – 12 цилиндрдик V түрүндөгү 780 аттын күчүндөй кубаттуулукка эгедер В-84А дизелдик кыймылдаткычы. Ал жогорку маневрдүүлүктү жана саатына 60 чакырымдык ылдамдыкты камсыз кылып, кошумча май куйбастан 600 чакырым жүрүүгө мүмкүндүк берет. Эгер негизги кыймылдаткычы жарактан чыгып кала турган болсо, резервдик газ турбинасы ишке кирип, сегиз саатка чейин гаубицаны сүйрөй алат.
Благодатноедеги украиналык жоокер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Украинанын "контрчабуулу" Батыштын көңүлүн калтырууда. Эң оору алдыда
Өзү жүрүүчү артиллерия 5 метр терең, 1 чакырымдык кеңдиктеги суу тосмолорунан да өтө алат. "Мста-С" гаубицасы дүйнөдөгү эң мыкты бирдиктердин бири. Ушул тапта россиялык атайын аскердик операция зонасында мыкты иштеп жатат.
"Мста-С" артиллериясынын ок атууну тескөөчү акыркы үлгүдөгү тутуму бута туурасында маалымат алары менен ок чыгарат. Ага маалымат ар кыл булактардан, айталы, түзөтүүчүлөрдөн, алдыңкы чалгындоо топторунан, учкучсуз аппараттардан, ар кыл үлгүдөгү штаб жана башкалардан түшөт.
Санарип форматта автоматтык түрдө ок атууга көрсөтмө берилет. Экипаждын командири тастыктаган соң курал бутасын өз алдынча мээлеп, ок атат. Октолуу, октун түрүн тандоо жана атылган гильзаларды ыргытуунун автоматташтырылган процесси ыкчам ок атууга мүмкүндүк берип, экипажга анчейин күч келтирбейт.
Учурдагы салгылаштардын негизги көрсөткүчү – убакыт. Ким тез жана таамай сокку урса, ошол жеңишке жакындайт. Украиналык согуштук аракеттер театрында бул шыбага россиялык артиллеристтерге таандык. Коргоо боюнча изилдөөлөр королдук институтунун илимий кызматкери (RUSI), доктор Жек Уотлинг Россиянын артиллериясы атайын аскердик операция башталгандан бери өзүнүн контрбатареялык мүмкүнчүлүктөрүн чалгындоо маалыматтарын алуунун (алмашуу) "технологиялык процессин жөнөкөйлөтүү" менен бир нече эсеге көбөйтүп алышканын белгилейт.
Ошентип Батыш атайын аскердик операция зонасындагы россиялык артиллериянын кезектеги сандык жана сапаттык үстөмдүгүн моюнга алды. France Presse маалымат агенттиги россиялык күчтөр топтоштурулган артиллериялык ок атышарын, "Россияда анын дүрмөттөрү чексиз дегенге да болчудай" деп жазды.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн артиллеристтеринин, демек, аларды жабдыган НАТО өлкөлөрүнүн аскер өнөр жай комплексинин мүмкүнчүлүктөрү өтө эле аз. Фронттун линиясынын ар чакырымындагы артиллериялык стволдордун саны да мааниге ээ эмеспи. Маалыматтарга караганда, атайын аскердик операцияга чейин россиялык армиянын ар кандай модификациядагы 500дөн 800гө чейинки "Мста-С" гаубицасы болгон. Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн аскер күчү боюнча батыш рейтинги Россияда 4270тен ашуун өзү жүрүүчү артиллериялык жана 2520дан ашык залптык октун реактивдүү тутуму бар экенин эсептеген эле.
Негизи Россиянын "Мста-С" гаубицаларынан тышкары да өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүштөрүнүн түрү арбын. Атай турган болсок, 122 мм "Гвоздика", 152 мм "Акация" жана "Гиацинт", 203 мм "Пион", ошондой эле 82 мм "Василек" миномёту жана 240 мм "Тюльпан". Бүгүнкү күндөгү жергиликтүү согуш жана куралдуу жаңжалдарды талдоо "жер бетинде" артиллериялык каражаттар менен душмандын мизин кайтаруу кыйла маанилүү.
Артиллериялык ок-дарынын таамайлыгы, ыраактыгы жана күчү согуш талаасында артыкчылык берип, душмандын сокку уруучу каражаттарын талкалап жана аскерлеринин мизин кайтарып, чабалдатууга, жакынкы тылдагы инфраструктурасын бузуп, экинчи эшелонун, резервдерин обочолонтууга шарт жаратат. Атайын аскердик операция зонасындагы артиллериянын көп жолку артыкчылыгы иш жүзүндө Украина Куралдуу күчтөрү жана НАТОнун прокси-жоокерлерин өлүмгө кептейт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар
Минаны зыянсыздандыруучу УР-77 реактивдүү түзүлүшү  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мина тосмолорунан өтүү. Атайын аскердик операциянын жүрүшүнөн баян
Жаңылыктар түрмөгү
0