Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Мина тосмолорунан өтүү. Атайын аскердик операциянын жүрүшүнөн баян

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүМинаны зыянсыздандыруучу УР-77 реактивдүү түзүлүшү
Минаны зыянсыздандыруучу УР-77 реактивдүү түзүлүшү  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2023
Жазылуу
Россиялык таамай ракета жана сокку уруучу учкучсуздар менен катар атайын аскердик операция зонасында минаны зыянсыздандыруучу "Змей Горыныч" жана ыраактан мина коюучу "Земледелие" уникалдуу тутумдары да жогорку майнаптуулугун көрсөтүүдө.
Инженердик күчтөрдүн кынтыксыз техникасы коргонууну ийкемдүү уюштуруп, чабуулга шар өтүүгө мүмкүндүк берерин белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Россиянын Борбордук аскердик округунун бөлүктөрү 27-июнда Украина Куралдуу күчтөрүнүн мина коюлган талааларынан ыкчам өтүп, Красный Лиман багытындагы таяныч түйүндөрүн талкалашты.
Жарык-үн эффекттеринен улам "Змей Горыныч" атыккан минаны зыянсыздандыруучу УР-77 реактивдүү түзүлүшү РФтин Куралдуу күчтөрүнүн ички курамына согуш талаасында эч жоготуусуз аракет этүүгө жардам берди.
Атайын аскердик операция зонасында активдүү колдонулуп жаткан өзү жүрүүчү УР-77 түзүлүштөрү дүйнөдө мыкты деп саналат. "Змей Горыныч" бир залп менен душмандын мина коюлган талаасында узундугу 100, туурасы 6 – 14 метрлик өтмөктү үч мүнөттө салып коёт. Экинчи жагынан, Запорожье жана Түштүк Донецк багыттарында россиялык аскердик бөлүктөргө Украина Куралдуу күчтөрүнүн мизин кайтарууга 5 – 15 чакырым аралыктан жаңыртылуучу күчтүү мина тосмолору соңку үлгүдөгү "Земледелие" мина коюучу түзүлүшү (https://ria.ru/20230628/ataka-1880813401.html) көмөкчү болду.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн 47-механизациялаштырылган элиталык бригадасынын мурдагы күнү жарыяланган тасмасы чабуул мина талаасына аскердик техниканын басып кириши менен аяктаганын айгинелеп турат. Украиналык жоокерлер жарылган машиналардан чыгып кеткен маалда пехотага каршы миналар ишке кирди.
Америкалык The Drive басылмасы кыска убакыт аралыгында украиналык согуштук аракеттер театрында Киевге берилген 109 Bradley пехота машинасынын 24 талкаланып, талаага ташталганын маалымдайт. Чындыгында АКШ менен Пентагондун аскер өнөр жай комплекси үчүн абал андан да начар. "Контрчабуулдун" үч аптасында эле Украина Куралдуу күчтөрү 14 миң жоокеринен айрылгандан тышкары, 259 танк, 780 ок өткөрбөс машинадан (анын ичинде америкалык техникадан) кол жууду.
Россиялык мина тосмолору менен Запорожье багытында 28-июнга караган түнү эле үч танк жана үч пехота унаасы жок кылынды. Пентагон "мина төшөлгөн кең талаада" Украина Куралдуу күчтөрүнүн мынчалык чоң жоготууларын күткөн эмес. Атайын аскердик операция башталгандан тарта бул тарап 10395 танк жана башка ок өткөрбөс унааларын жоготконун эске сала кетели (https://t.me/mod_russia/27917).
XI Эл аралык аскер-деңиз салону - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2023
Кубаттуу, мыкты. Эл аралык көргөзмөдөгү россиялык жогорку технологиялык табылгалар

Ынанымдуу "Змей Горыныч"

Күчтүү УР-77 түзүлүшүнүн ок өткөрбөс корпусу 2С1 "Гвоздика" өзү жүрүүчү гаубицасынын негизинде жасалып, үстүнө дароо эки ок аткыч орнотулган. Дал ошолордо жардыргыч салынган калың шнур бекитилген. Атайын реактивдүү огу ийкемдүү таңгактагы 725 кг пластитти мина талаасына мээлеп, детонациясы коопсуз коридорду кепилдейт.
Таасын концепциясы, ынанымдуу конструкциясы менен "Змей Горыныч" согуш шартында эч качан уятка калтырган эмес. Белгиленген мөөнөттө машина фронттун чегинде өз ордун ээлеп, он метрдей бийиктикте уча турган огун коё берет. Тормоздук арканды тарткан соң механик айдоочу артка берет. Заряд мина талаасында түздөлүп, чубалгы боюнча командир-оператор жардырат. Ошентип өтмөк беленделет. 100 метрлик узундукта, танкка каршы талаадагы коопсуз коридордун туурасы – 6 метр. Пехотага каршы миналар туурасы 14 метрге чейинки коридорлордо кыйрайт.
Ошол эле коридордо каршылаш тараптын жоокерлери жок кылынышы ыктымал. Минаны зыянсыздандыруу түзүлүшү коопсуз, пайдаланууда жеңил. Ок өткөрбөс корпусу жана чынжырлуу негизи УР-77 түзүлүшүн душман менен бет келишкен чийинге дейре чоюлуп, заматта ок өткөрбөс техника жана пехота үчүн өтмөк түптөөгө мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда "Змей Горынычтын" экипажы (механик-айдоочу жана командир-оператор) машинадан да чыкпайт. УР-77 менен россиялык мотоаткычтар жана танк полктору куралданган. Согушта аскердик бөлүктүн планы боюнча колдонулат.
Америкалыктарда мунун аналогу – М58 минаны зыянсыздандыруучу түзүлүш бар. Ал инженердик машина же чиркегичке орнотулат. Анткен менен америкалык система согуш шартында ынанымсыз, ал эми жардыргычы менен экипажы душмандын огунан эч кандай корголгон эмес. Өтө кооптуу конструкция.
Благодатноедеги украиналык жоокер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Украинанын "контрчабуулу" Батыштын көңүлүн калтырууда. Эң оору алдыда

Сестенткен "Земледелие"

Жер жүзүндөгү кан күйгөн жерлердин көпчүлүгүндө сыналган "Змей Горынычтан" айырмаланып аралыктан мина коюучу "Земледелие" инженердик машиналары украиналык согуштук аракеттер театрында жакындан тарта гана пайдаланыла баштады. Ай башында дүйнө Украина Куралдуу күчтөрүнүн "Леопард", "Брэдли", минаны зыянсыздандыруу машиналарынан турган натолук техникасынын бүтүндөй колонналарынын жарылышына күбө болду (https://t.me/AKhrolenko/1002).
Аралыктан мина коюучу "Земледелие" инженердик системасы залптык октун реактивдүү тутумунун принциби боюнча иштейт. Ал үчүн согуштук унаада мээлөөчү 122 мм 50 калибр жайгашкан. Реактивдүү дүрмөттөр белгиленген тилкеге (бир канча футбол талаасынын аянтына барабар) мина таштап, ар кандай мина талаасын, анын ичинде өз күчтөрү үчүн өтмөк да түзө алат. Чалгындоо менен эриш-аркакта бир нече "Земледелие" душмандын кеңири форматтагы, ар кандай багыттагы (ал тургай ал жакта мурда мина талаасы болбосо да) чабуулун ыкчам токтотуп коё алат. "Земледелиенин" ок-дары арсеналы пехотага, танкка каршы жана аралаш мина талаасын түптөөгө мүмкүндүк берет. Пехотаны жок кылуу үчүн кадамдарды аныктоочу электрондук жана сейсмодатчиктери бар ПОМ-3 миналары колдонулат.
Жерде диаметри 6 см жана узундугу 18 сантиметр болгон цилиндр тик көтөрүлүп, андан ичке, чакан салмактагы жиптер атылып чыгат. Эгер ошол жипти булкуса, мина өйдө секирип жарылып, душманды сыныктары менен жабыркатат. Октун электрондук "мээси" айбанат менен адамдарды так ажыратып, душманга карата гана активдешет.
Андан кем калышпаган ПТМ-4М танкка каршы минасы жанынан танк же башка техника өтүп баратканда магниттик чыңалууну туюп, ок өткөрбөс оор техникага гана козголот. Болгондо да бул окту зыянсыздандыруу мүмкүн эмес. Эгер ордунан жылдырылса, 1,5 килограмм тротилдик эквиваленттеги жарылууну күтүүгө болот. Зарыл учурда танкка каршы ПТМ-4М системасынын "мээсине" өзүн-өзү жок кылуучу убактысы белгиленет.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
M777 гаубицасынан ок атып жаткан украин аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык техника жапырт кыйроодо. АКШ мифологиясы суу кечпей барат...
Жаңылыктар түрмөгү
0