Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Өлкөдө 127 кесип боюнча арзандатылган курстар иштеп жатат

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду мекемесинин директору Рысбек Акынбеков
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду мекемесинин директору Рысбек Акынбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2023
Жазылуу
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду мекемесинин директору Рысбек Акынбеков жеңилдетилген шартта кесипке ээ болуу мүмкүндүгү тууралуу айтып берди.
Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду мекемеси 127 кесип боюнча арзандатылган баа менен курстарда окутат. Бул тууралуу Рысбек Акынбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Өлкөдө 127 кесип боюнча арзандатылган курстар иштеп жатат
Анын айтымында, мекеме экономикалык жана социалдык приоритет менен түзүлгөн.
"2016-жылы Азия өнүктүрүү банкынын эл аралык долбоорунда "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" компоненти камтылган. Долбоор 2020-жылы жыйынтыкталып, мекеме өкмөттүн токтому менен Эмгек министрлигине карап калган. Фонд кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруп, кесиптик лицей, колледж, ЖОЖдор, жеке окуу жайлар жана бир катар ишканалар менен иш алып барат. Жети облуста тең филиалдары иштейт. Базасында 127 кесип бар, ал үчүн 98 окуу жай менен келишим түзүлгөн. Курстар 1-4,5 айга чейин уланат. Сайтыбыз frn.kg деп аталып, бардык маалыматты ошол жактан алууга болот. Мекеменин эки приоритети бар. Биринчиси — экономиканын өнүгүүсүнө салым кошуу. Ал үчүн учурда курулуш, тамак-аш, жеңил өнөр жайы, айыл чарба, тейлөө тармагы, энергетика, IT технология, транспорт, тоо-кен өнөр жайы жана туризм багыттарына басым жасалууда. Ал эми экинчи багытта мүмкүнчүлүгү чектелгендер, майыптар, аз камсыз үй-бүлөлөр, мигранттар, жалпы эле калктын социалдык жактан аялуу катмарына көмөк көрсөтүлөт. Окууга 16 жаштан баштап мүмкүндүк берилет, бирок сөзсүз паспорту болушу керек. Ал эми жашка талаптын жогорку чеги коюлган эмес. Эң башкысы адам кесипти маани берип тандоосу зарыл. Анткени бир адам экинчи жолу окутулбайт, каалоочулар абдан көп, баарына мүмкүндүк берилиши керек. Баалар курстун узактыгына жараша ар кандай болот, бирок орточо эсеп менен үч айлык курс 9 миң сом болот. Анын 70 пайызын, башкача айтканда, 6 миң сомун мекеме, калганын окуй турган адам же иш берүүчү төлөйт. Ал эми Баткен облусунун тургундарына курстар акысыз. Бул аталган аймакка өзгөчө статус берилгенине байланыштуу", — деди Акынбеков.
Ошондой эле ал окуу үчүн паспорттун көчүрмөсү, 3х4 сүрөт талап кылынып, атайын анкета толтуруларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0