Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Аманалиев: Мамлекеттик башкаруу академиясы магистранттарды акысыз окутат

© Sputnik / Асылбек БактыбековПрезидентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору Урмат Аманалиев
Президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору Урмат Аманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2023
Жазылуу
Президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору Урмат Аманалиев окуу жай жергиликтүү башкаруу органдарында иштеген кызматкерлерди жатакана менен камсыздап, бир жыл акысыз билим берерин айтты.
Мамлекеттик жана муниципалдык мекемеде эки жылдык иш тажрыйбасы бар кызматкерлер Мамлекеттик башкаруу академиясында магистратура программасы боюнча акысыз билим алат. Окуу толугу менен республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат. Бул тууралуу Урмат Аманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Аманалиев: Мамлекеттик башкаруу академиясы магистранттарды акысыз окутат
Анын айтымында, магистратурага окууга тапшырууда үч тараптуу келишим түзүлүп, иш берүүчү мамлекеттик органдын жетекчисинин сунуштамасы керектелет.
"Мамлекеттик башкаруу академиясы республикалык бюджеттин эсебинен мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендерди магистратура программасы боюнча акысыз окутат. Мындай мүмкүнчүлүктү жылына 100гө чукул кызматкер колдонот. Алар жогорку окуу жайынын бакалавр программасын аяктап, дароо тапшыра албайт. Мамкызматта кеминде эки жылдык иш тажрыйбасы болушу кажет. Академия бардык органдарга кат жиберет. Магистратурага окууга тапшырууда үч тараптуу келишим түзүлүп, иш берүүчү мамлекеттик органдын жетекчисинин сунуштамасы керектелет. Мындан тышкары, айыл өкмөттөрдө иштеп, билимин тереңдетүүнү каалагандар үчүн да шарттар каралган. Окуу жайда түзүлгөн атайын фонддун эсебинен жергиликтүү башкаруу органдарында иштеген кызматкерлерди жатакана менен камсыздап, бир жыл акысыз билим берип, магистрант даражасы берилет. Ага жалпы аймактардан 25 квота бөлүнөт", — деди Аманалиев.
Ошондой эле адис Мамлекеттик башкаруу академиясы аспирантура, докторантура программалары боюнча да окутуларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0