Бишкектеги банктарда кредит кандай берилет? Шарттары

© Фото / Pexels / Alena DarmelКредиттик келишимди түзүү. Иллюстративдик сүрөт
Кредиттик келишимди түзүү. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2023
Жазылуу
Sputnik агенттигинин кабарчысы борбор калаадагы банктарда керектөө насыялары кандай шарт менен берилерине кызыгып көрдү.
Кыргызстандыктардын көпчүлүгү турмуштагы ар кыл себептер менен акчага зарылып калганда маянасын күткөнгө да шарты болбойт. Андайда керектөө насыясын алууга мүмкүнчүлүк бар. Мындай максатта Sputnik Бишкектеги кайсы банктарга кайрылуу керектигин, кандай пайыздык чен менен берилерин, кандай документтер талап кылынарын, кепил болуучу менен күрөө коюунун кажети бар-жогун сураштырып көрдү.
Карыз алуучунун насыялык таржымалы начар болсо банктын насыялык комитети насыя бербей коюуга акылуу.

Бишкектин банктарындагы керектөө насыялары

Demir bank

Маяналык долбоордун шарттары:
пайыздык чени: 26 %;
документтер: паспорт, никеге тургандыгы/ажырашкандыгы тууралуу күбөлүгү, жолдошу/жубайынын паспорту, кыймылсыз мүлккө документтер;
каржылоо суммасы: 15 000 сом жана андан жогору;
насыянын мөөнөтү: 6 айдан 36 айга чейин;
кепил болуучу: талап кылынбайт;
кароо мөөнөтү: үч-төрт жумушчу күн аралыгында;
күрөөнүн: зарылдыгы жок.
Маяналык эмес долбоордун шарттары:
пайыздык чени: 27 %;
документтер: паспорт, никеге тургандыгы/ажырашкандыгы тууралуу күбөлүгү, жолдошу/жубайынын паспорту, соңку 3 айдагы айлык кирешеси тууралуу тастыктама;
каржылоо суммасы: 15 000 сом жана андан жогору;
насыянын мөөнөтү: 6 айдан 36 айга чейин;
кепил болуучу: эгер насыянын көлөмү 100 000 сомдон жогору болсо, кепилдик талап кылынат (кепил болуучудан да карыз алуучу тапшырган документтер алынат);
насыяны кароо мөөнөтү: үч-төрт жумушчу күн ичинде;
күрөөнүн: зарылдыгы жок.

"Кыргызкоммерцбанк"

Маяналык долбоордун шарттары:
пайыздык чени: 25 %;
документтер: паспорт, никеге тургандыгы/ажырашкандыгы тууралуу күбөлүгү, жолдошу/жубайынын паспорту;
каржылоо суммасы: 3 000 сомдон 250 000 сомго дейре;
насыянын мөөнөтү: 3 айдан 24 айга чейин;
кепил болуучу: талап кылынбайт
насыяны кароо мөөнөтү: 30 мүнөт;
тапшырыкты онлайн берүүгө мүмкүндүк бар;
күрөө: зарылдыгы жок.
Маяналык эмес долбоордун шарттары:
пайыздык чени: 20 %дан өйдө;
документтер: паспорт, никеге тургандыгы/ажырашкандыгы тууралуу күбөлүгү, жолдошу/жубайынын паспорту, күрөөгө коюлчу мүлктүн документтери (эгер насыянын көлөмү 250 000 сомдон жогору болсо);
каржылоо суммасы: 3 000 сом жана андан өйдө;
насыянын мөөнөтү: 3 айдан 60 айга чейин;
кепил болуучу: эгер насыянын көлөмү 100 000 сомдон 250 000 сомго дейре болсо, кепил болуучудан паспорт, киреше тууралуу тастыктама суралат;
насыяны кароо мөөнөтү: 30 мүнөттөн үч жумушчу күнгө дейре;
тапшырыкты онлайн берүүгө мүмкүндүк бар;
күрөө: эгер насыянын көлөмү 250 000 сомдон жогору болсо, анда буга кыймылсыз же кыймылдуу мүлк коюлат.

Optima bank

"Экспресс-универсалдуу" программасы боюнча шарттар:
пайыздык чени: 23-24 %;
документтер: паспорт, жубайы/жолдошунун паспорту, никеге тургандыгы/ажырашкандыгы тууралуу күбөлүгү, соңку 12 айлык эмгек маянасынан тастыктама же патент жана/же кирешесин тастыктоочу башка документтер, күрөөгө коюлчу мүлктүн документтери (эгер насыя көлөмү 300 000 сомдон жогору болсо);
каржылоо суммасы: 5000ден 300 000 сомго чейин;
насыянын мөөнөтү: 3 айдан 24 айга чейин (эгер сумма 300 000 сомго чейин болсо), 3 айдан тарта 60 айга чейин (сумма 300 000 сомдон өйдө болсо);
кепил болуучу: насыя көлөмү 300 000 сомдон жогору болсо (кепил болуучунун паспорту гана керек);
кароо мөөнөтү: бир күндөн үч жумушчу күнгө чейин;
күрөө: кыймылсыз мүлк, эгер насыя көлөмү 300 000 сомдон жогору болсо.
Керектөө насыясынын шарттары:
пайыздык чени: 22 %дан;
документтер: паспорт, жолдошу/жубайынын паспорту, никеге тургандыгы / ажырашкандыгы тууралуу күбөлүгү, акыркы 6-12 айлык эмгек маянасы жөнүндөгү тастыктама, патент жана/же кирешесин тастыктаган башка документтер, күрөөгө коюлчу мүлктүн документтери (эгер насыя көлөмү 300 000 сомдон жогору болсо);
каржылоо суммасы: 300 000 сом жана андан өйдө;
насыянын мөөнөтү: 3 айдан 24 айга чейин (эгер сумма 300 000 сомго чейин суралса), 3 айдан 60 айга чейин (эгер сумма 300 000 сомдон өйдө болсо);
кепил болуучу: эгер насыя көлөмү 300 000 сомдон жогору болсо (кепил болуучудан паспорт гана суралат) кепилдик керек;
насыяны кароо мөөнөтү: бир күндөн үч жумушчу күнгө дейре;
күрөө: насыя көлөмү 300 000 сомдон ашканда кыймылсыз мүлк коюлат.

"Кыргыз инвестициялык-насыялык банк" (KICB)

Шарттар маяналык жана маяналык эмес долбоорлорго бирдей:
пайыздык чени: 18ден 23 %га чейин;
документтер: паспорт, никеге тургандыгы/ажырашкандыгы тууралуу күбөлүгү, жолдошу/жубайынын паспорту, күрөөгө коюлуучу мүлктүн документтери, Мамлекеттик каттоо кызматынан көчүрмө, кирешени тастыктоочу документ (банк эсебиңизден көчүрмө да жарайт);
каржылоо суммасы: 50 000 сомдон 200 000 долларга чейин (17 миллион сомдон жогору болсо);
насыянын мөөнөтү: 3 айдан 60 айга чейин;
кепил болуучу: кепил болуучудан да карыз алуучудан талап кылынган документтер суралат;
насыяны кароо мөөнөтү: үч күндөн беш жумушчу күнгө чейин;
тапшырыкты онлайн берүүгө мүмкүндүк бар;
күрөө: кыймылдуу же кыймылсыз мүлк. Эгер насыянын суммасы 300 000 сомдон ашпаса, күрөө талап кылынбайт.

"Бакай" банкы

Маяналык долбоордун шарттары:
пайыздык чени: 21 пайыздан 25 %га чейин;
документтер: паспорт;
каржылоо суммасы: 5000ден 300 000 сомго чейин;
насыянын мөөнөтү: 3 айдан 36 айга чейин;
кепил болуучу: талап кылынбайт
насыяны кароо мөөнөтү: бир жумушчу күн ичинде;
тапшырыкты онлайн берүүгө мүмкүндүк бар;
күрөө: маянадан кармалат.
Маяналык эмес долбоордун шарттары:
пайыздык чени: 28 %дан жогору;
документтер: паспорт, кирешени тастыктоочу документ (банк эсебиңизден көчүрмө да жарайт);
каржылоо суммасы: 5000ден 300 000 сомго чейин;
насыянын мөөнөтү: 3 айдан 36 айга чейин;
кепил болуучу: эгер насыянын суммасы 300 000ден 500 000 сомго чейин болсо, кепил болуучу адам зарыл;
насыяны кароо мөөнөтү: бир жумушчу күн ичинде;
онлайн-тапшырык берүүгө болот;
күрөө: коюунун кажети жок.

"Бай Түшүм"

Маяналык долбоордун шарттары:
пайыздык чени: 29,9 %;
документтер: паспорт, Социалдык фонддон көчүрмө, кирешени тастыктоочу документ же банк эсебиңизден көчүрмө;
каржылоо суммасы: 5 000 сомдон 250 000 сомго чейин;
насыянын мөөнөтү: 3 айдан 18 айга чейин;
кепил болуучу: насыя көлөмү 100 000 сомдон жогору болсо кепил керек (карыз алуучудан алынган документтер кепил болуучудан да алынат);
кароо мөөнөтү: бир-эки жумушчу күн ичинде;
тапшырыкты онлайн берүүгө мүмкүндүк бар;
күрөө: зарылдыгы жок.
Маяналык эмес долбоордун шарттары:
пайыздык чени: 29,9 %;
документтер: паспорт, кирешени тастыктоочу документ, никеге тургандыгы/ажырашкандыгы тууралуу күбөлүгү, жолдошу/жубайынын паспорту;
каржылоо суммасы: 50 000ден 1 000 000 сомго чейин;
насыянын мөөнөтү: үч жылга дейре (эгер насыя көлөмү 10 000 сомдон 250 000 сомго чейин болсо), беш жылга дейре (эгер насыя суммасы 250 000 сомго жетсе);
кепил болуучу: кепил болуучудан да карыз алуучудан талап кылынган документтер суралат;
кароо мөөнөтү: бир-эки жумушчу күн ичинде;
тапшырыкты онлайн берүүгө мүмкүндүк барбы: бар;
күрөө: зарылдыгы жок.

Mbank

Күрөөсүз насыянын шарттары:
пайыздык чени: 30,58 %дан өйдө (31.08.2023 чейин 27 %дан жогору берилген акция жүрөт);
документтер: паспорт (айрым учурларда кирешени тастыктоочу документти сурашат);
каржылоо суммасы: 150 000 сомго чейин;
насыянын мөөнөтү: 36 айга чейин;
кепил болуучу: талап кылынбайт
кароо мөөнөтү: бир жумушчу күн ичинде.
Кепил болуучу талап кылынган учурдагы шарттары:
пайыздык чени: 25,56 %дан жогору (31.08.2023 чейин 23 %дан өйдө акция бар);
документтер: паспорт (айрым учурларда кирешени тастыктоочу документти сурашат);
каржылоо суммасы: 500 000 сомго чейин;
насыянын мөөнөтү: 36 айга чейин;
кепил болуучу: кепил болуучудан да карыз алуучудан талап кылынган документтер суралат;
насыяны кароо мөөнөтү: бир жумушчу күн ичинде;
онлайн-тапшырык берүүгө болобу: андайга уруксат жок.
Күрөө коюу менен алынган шартта:
пайыздык чени: 20,71 %дан жогору (31.08.2023 чейин 19 пайыздык акция жүрөт);
документтер: паспорт, никеге тургандыгы/ажырашкандыгы тууралуу күбөлүгү, жолдошу/жубайынын паспорту, кирешесин тастыктаган документтери, күрөөгө коюлуучу мүлктүн документтери;
каржылоо суммасы: 2 500 000 сомго чейин;
насыянын мөөнөтү: 60 айга дейре;
насыяны кароо мөөнөтү: үч жумушчу күн аралыгында;
онлайн-тапшырык берүүгө болобу: жок
күрөө: кыймылдуу же кыймылсыз мүлк.

Евразиялык сактык банкы

Шарттар маяналык жана маяналык эмес долбоорлорго бирдей:
пайыздык чени: 20 %дан жогору;
документтер: паспорт, никеге тургандыгы/ажырашкандыгы тууралуу күбөлүгү, жолдошу/жубайынын паспорту, жумуштан справка же патент, жашаган жеринен тастыктама, күрөөгө коюлчу мүлктүн документтери;
каржылоо суммасы: 5 000 000 сомго чейин;
насыянын мөөнөтү: беш жылга дейре;
кепил болуучу: кепил болуучудан да карыз алуучудан талап кылынган документтер суралат;
кароо мөөнөтү: 3 күндөн 10 жумушчу күнгө дейре;
онлайн тапшырык берүүгө болобу: уруксат жок;
күрөө: авто (эгер насыя көлөмү 200 000 сомдон ашпаса), кыймылсыз мүлк (эгер насыя көлөмү 200 000 сомдон көп болгон учурда).

"Компаньон" банкы

Маяналык жана маяналык эмес долбоорлордун шарттары бирдей:
пайыздык чени: 24 пайыздан 29 %га дейре;
насыянын суммасы 100 000 сомдон ашпаган учурда керектелчү документтер: паспорт, жумуштан тастыктама;
насыя көлөмү 100 000 сомдон ашса: паспорт, жумуштан тастыктама, никеге тургандыгы/ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк, жолдошу/жубайынын паспорту, жолдошу/жубайынын жумушунан тастыктама;
каржылоо суммасы: 5 000 жана андан жогору;
насыянын мөөнөтү: 3 айдан 60 айга чейин;
кепил болуучу: эгер сизге кепил болчу кишиңиз болсо, анда күрөө коюлбайт (кепил болуучудан да карыз алуучудан алынган документтер суралат);
кароо мөөнөтү: бир-эки жумушчу күн;
тапшырыкты онлайн берүүгө мүмкүндүк барбы: бар;
күрөө: эгер күрөө коюу жолун тандасаңыз, анда кепил болуучунун кажети жок (күрөөгө коюлуучу мүлктүн документтери керек).

"ЭкоИсламикБанк"

Дайымкы кардарлар үчүн шарттар:
үстөк: 15,8 %;
документтер: паспорт, акыркы 3-6 ай аралыгындагы киреше жөнүндө тастыктама же банк эсебиңизден көчүрмө;
каржылоо суммасы: 3 000ден 250 000 сомго чейин;
насыянын мөөнөтү: 3 айдан 24 айга чейин;
кепил болуучу: талап кылынбайт
насыяны кароо мөөнөтү: 30 мүнөт;
онлайн-тапшырык берүүгө болобу: "Электроник Сервис" аркылуу гана;
күрөөнүн: зарылдыгы жок.
Жаңы кардарлар үчүн шарттар:
Үстөк пайыз: 17,6 %;
документтер: акыркы 3-6 ай аралыгындагы киреше жөнүндө тастыктама же банк эсебиңизден көчүрмө;
каржылоо суммасы: 3 000ден 250 000 сомго чейин;
насыянын мөөнөтү: 3 айдан 24 айга дейре;
кепил болуучу: талап кылынбайт
кароо мөөнөтү: 30 мүнөт;
онлайн-тапшырык берүүгө болобу: "Электроник Сервис" аркылуу гана;
күрөөнүн: зарылдыгы жок.

Capital bank

пайыздык чени: 20 %дан жогору;
документтер: паспорт, никеге тургандыгы/ажырашкандыгы тууралуу күбөлүгү, жолдошу/жубайынын паспорту, жашаган жеринен тастыктама, иштеген жеринен тастыктама же күрөөгө коюлчу мүлктүн документтери;
каржылоо суммасы: 5 000 сом жана андан өйдө;
насыянын мөөнөтү: 3 айдан 84 айга чейин;
кепил болуучу: насыялык комитеттин чечимине жараша;
насыяны кароо мөөнөтү: бир жумушчу күн ичинде (эгер насыянын суммасы 250 000 сомдон ашпаса), беш жумушчу күн аралыгында (эгер насыянын көлөмү 250 000 сомдон жогору болсо);
күрөө: авто (эгер насыянын көлөмү 250 000 сомдон ашпаса), кыймылсыз мүлк (насыянын суммасы 250 000 сомдон ашса).

Halyk bank

пайыздык чени: 22ден 26 %га чейин;
документтер: паспорт, никеге тургандыгы/ажырашкандыгы тууралуу күбөлүгү, жолдошу/жубайынын паспорту, кирешени тастыктоочу документ, күрөөгө коюлчу мүлктүн документтери;
каржылоо суммасы: 1 000 сомдон 2 600 000 сомго дейре;
насыянын мөөнөтү: 1 айдан 84 айга чейин;
кепил болуучу: насыялык комитеттин чечимине жараша;
насыяны кароо мөөнөтү: эки жумушчу күнгө чейин (күрөөсүз), беш жумушчу күнгө чейин (күрөө менен);
тапшырыкты онлайн берүүгө мүмкүндүк барбы: бар;
күрөө: кыймылдуу же кыймылсыз мүлк.

Dosсredobank

пайыздык чени: 22ден 28 %га чейин (ставкалар жогорулашы ыктымал, кошумча маалымат үчүн банкка түз кайрылыңыз);
документтер: паспорт, никеге тургандыгы/ажырашкандыгы тууралуу күбөлүгү, жолдошу/жубайынын паспорту, эмгек акы жөнүндөгү справка же патент, ага кошумча акыркы 3 айга төгүмдөрдүн квитанциясы, күрөөгө коюлчу мүлктүн документтери;
каржылоо суммасы: 5 000 сомдон 8 000 000 сомго чейин;
насыянын мөөнөтү: 3 айдан 60 айга чейин;
кепил болуучу: кепил болуучудан да карыз алуучудан талап кылынган документтер суралат;
кароо мөөнөтү: беш жумушчу күн ичинде;
онлайн-тапшырык берүүгө болобу: уруксат жок;
күрөө: кыймылдуу же кыймылсыз мүлк.

"Толубай" акционердик-коммерциялык банкы

пайыздык чени: 18ден 22 %га чейин;
документтер: паспорт, никеге тургандыгы/ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк, жолдошу/жубайынын паспорту, Калктуу тейлөө борборунан, Мамлекеттик каттоо кызматынан күрөөгө коюлуучу мүлктүн документтери, соңку 12 айдагы киреше жөнүндөгү тастыктама же патент ;
каржылоо суммасы: 100 000 сом жана андан жогору;
насыянын мөөнөтү: бир жылдан жети жылга дейре;
кепил болуучу: насыялык комитеттин чечимине жараша;
насыяны кароо мөөнөтү: бир жылдан беш жумушчу күнгө чейин каралат;
тапшырыкты онлайн берүүгө мүмкүндүк барбы: бар;
күрөө: кыймылсыз мүлк.

Finca bank

Маяналык долбоордун шарттары:
пайыздык чени: күрөө менен 27 %, күрөөсүз – 29 %;
документтер: паспорт, никеге тургандыгы/ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк, жолдошу/жубайынын паспорту, кирешени тастыктоочу документ, жашаган жеринен тастыктама, күрөөгө коюлуучу мүлктүн документтери;
каржылоо суммасы: 5 000 сомдон 250 000 сомго чейин;
насыянын мөөнөтү: 3 айдан 18 айга чейин;
кепил болуучу: насыялык комитеттин чечимине жараша;
насыяны кароо мөөнөтү: бир жумушчу күн ичинде;
тапшырыкты онлайн берүүгө мүмкүндүк барбы: бар;
күрөө: 150 000 сомдон өйдө — кыймылдуу мүлк же кепил болуучу.
Маяналык эмес долбоордун шарттары:
пайыздык чени: 27 пайыздан 31%га чейин;
документтер: паспорт, никеге тургандыгы/ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк, жолдошу/жубайынын паспорту, кирешени тастыктоочу документ, жашаган жеринен тастыктама, күрөөгө коюлуучу мүлктүн документтери;
каржылоо суммасы: 5 000 сомдон 1 000 000 сомго чейин;
насыянын мөөнөтү: бир айдан 36 айга чейин;
кепил болуучу: насыялык комитеттин чечимине жараша;
кароо мөөнөтү: бир жумушчу күн ичинде;
тапшырыкты онлайн берүүгө мүмкүндүк барбы: бар;
күрөө: 150 000 сомго чейин — күрөөсүз, 150 000 сомдон өйдө кыймылдуу же кыймылсыз мүлк коюлат.

"Азия" банкы

Маяналык долбоордун шарттары:
пайыздык чени: 28 %;
документтер: паспорт, никеге тургандыгы/ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк, жолдошу/жубайынын паспорту, киреше тууралуу, жашаган жеринен тастыктамалар;
каржылоо суммасы: 7 000ден 100 000 сомго чейин (эгер банк менен кызматташса), 7 000 сомдон 200 000 сомго чейин (эгер банк менен кызматташпаган болсо);
насыянын мөөнөтү: 3 айдан 24 айга дейре;
кепил болуучу: талап кылынбайт
насыяны кароо мөөнөтү: бир жумушчу күн ичинде;
күрөө: талап кылынбайт.
Маяналык эмес долбоордун шарттары:
пайыздык чени: 30 % (100 000 сомго чейин), 27-28 % (100 000 сомдон 200 000 сомго чейин);
документтер: паспорт, никеге тургандыгы/ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк, жолдошу/жубайынын паспорту, киреше жөнүндө, жашаган жеринен тастыктамалар;
каржылоо суммасы: 7 000ден 250 000 сомго чейин, 7 000 сомдон 300 000 сомго дейре (дайымкы кардарлар үчүн);
насыянын мөөнөтү: 3 айдан 24 айга чейин (кепил болуучу менен), 3 айдан 36 айга чейин (күрөөгө кыймылсыз мүлк коюлса);
кепил болуучу: талап кылынат (эгер насыянын суммасы 100 000 сомдон өйдө болсо);
насыяны кароо мөөнөтү: бир жумушчу күн ичинде;
күрөө: кыймылсыз мүлк (күрөөгө коюлчу мүлктүн документтери зарыл).

"Керемет банк"

Маяналык долбоордун шарттары:
пайыздык чени: 27 %дан жогору (5 000ден 100 000 сомго чейин кепил болуучунун кереги жок жана күрөөсүз берилет), 25 %дан жогору (100 000ден 200 000 сомго чейин кепил болуучу менен берилет), 21 %дан жогору (300 000ден 1 000 000 сомго чейин күрөөгө кыймылсыз мүлк коюлат), 19 %дан жогору (1 000 000 сомдон 5 000 000 сомго чейин кепил болуучу керек жана күрөөнүн коюлушу шарт);
документтер: паспорт, акыркы 6 айдагы эмгек маянасы жөнүндөгү тастыктама, күрөөгө коюлуучу мүлктүн документтери;
каржылоо суммасы: 5 000 сом жана андан өйдө;
насыянын мөөнөтү: 3 айдан 24 айга чейин (күрөөсүз), 3 айдан 60 айга чейин (күрөө коюлат);
кепил болуучу: талап кылынат (эгер насыя көлөмү 100 000ден 200 000 сомго чейин же 1 000 000 сомдон 5 000 000 сомго дейре болсо), кепил болуучудан да карыз алуучудан алынган документтер суралат;
кароо мөөнөтү: күрөөсүз болсо – бир-эки жумушчу күн, күрөө коюлса – апта аралыгында;
күрөө: кыймылсыз мүлк (эгер сумма 300 000 сомдон жогору болсо).
Маяналык эмес долбоордун шарттары:
пайыздык чени: 29 %дан өйдө (5 000ден 100 000 сомго дейре – кепилсиз жана күрөөсүз), 27 %дан (100 000ден 200 000 сомго чейин кепил болуучу керек), 23 %дан жогору (300 000 ден 1 000 000 сомго чейин, күрөөгө кыймылсыз мүлк коюлат), 21 %дан өйдө (1 000 000 сомдон 5 000 000 сомго чейин – кепил болуучу да, күрөө да талап кылынат);
документтер: паспорт, никеге тургандыгы/ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк, жолдошу/жубайынын паспорту, кирешени тастыктоочу документ, жашаган жеринен тастыктама, күрөөгө коюлчу мүлктүн документтери;
каржылоо суммасы: 5 000 сом жана андан өйдө;
насыянын мөөнөтү: 3 айдан 24 айга чейин (күрөөсүз), 3 айдан 60 айга чейин (күрөө коюлат);
кепил болуучу: мындай киши керек (эгер насыя суммасы 100 000 сомдон 200 000 сомго чейин же 1 000 000 сомдон 5 000 000 сомго чейин), кепил болуучу да карыз алуучудай эле документтерди тапшырууга тийиш;
насыяны кароо мөөнөтү: бир-эки жумушчу күн ичинде (күрөөсүз болсо), күрөө коюлган учурда апта аралыгында каралат;
күрөө: кыймылсыз мүлк (сумма 300 000 сомдон ашса).

РСК банкы

Шарттары
пайыздык чени: 25 %дан өйдө (5 000ден 200 000 сомго чейин), 27 %дан (5 000ден 200 000 сомго чейин, долбоорго эмес), 23 %дан өйдө (200 001 – 500 000 сомго чейин), 21 %дан жогору (500 000 сомдон баштап);
насыя 200 000 сомго чейин суралган учурдагы тийиштүү документтер: паспорт, жолдошу/жубайынын паспорту, никеге тургандыгы/ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк, кирешени тастыктоочу документтер, карта эсебинин соңку үч айдагы көчүрмөсү;
насыя 200 000 сомдон ашкан учурда керектелүүчү документтер: паспорт, жолдошу/жубайынын паспорту, никеге тургандыгы/ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк, соңку 12 айлык эмгек маянасы тууралуу тастыктама жана/же кирешени тастыктоочу башка документтер;
каржылоо суммасы: 5 000 сомдон 250 000 (экспресс) сомго чейин же 200 000 сомдон өйдө (керектөө насыясы);
насыянын мөөнөтү: 24 ай (экспресс), 60 ай (керектөө насыясы);
кепил болуучу: 150 000 сомдон жогорку сумма боюнча экспресс насыяга 1 кепил болуучу керек (кепил болуучу да карыз алуучу өңдүү эле документтерди тапшырууга тийиш);
насыяны кароо мөөнөтү: бир жумушчу күн ичинде (экспресс), беш жумушчу күн ичинде (керектөө насыясы).
күрөө: экспресс насыялар — күрөөсүз, керектөө насыяларына күрөөгө кыймылсыз мүлк коюлат (анын документтери талап кылынат).
Былтыр жайда өлкө президенти "КР Улутттук банкы жөнүндөгү" конституциялык жана "Банк жана банк ишмердиги жөнүндөгү" мыйзамдарга кол койгон.
Аларда мыйзам актыларын аталган документтерге шайкеш келтирүү жөнүндөгү талап камтылат. Дал ошол себептен долбоор, анын ичинде Жарандык кодекс иштелип чыккан.
Сунушталган жоболордун биринде карыз алуучу насыянын (лизингдин) түрүнө, колдонуу убагы жана суммасына карабастан мөөнөтүнөн эрте эч кандай комиссия, айып пулдук санкция жана башка төлөмдөрсүз жаап кое алары айтылат.
Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2023
Депутат Кыргызстанда сом менен гана соода кылууга милдеттендирүүнү сунуштады
Батирлердин ачкычтары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2023
Кыргызстан Сауд фондунан үй салууга 100 млн. доллар кредит алат
Жаңылыктар түрмөгү
0